"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев президент баштаган башкаруу реформасын элдин башын айландырып, чуру-чуу шылтоосу менен өз максатына жетүү амалы деп сынга алууда.
Президент башкаруу системасын реформалоо пландарын жарыялашына байланыштуу "Азаттыктын" таңкы түз обосунда мурдагы премьер-министр А. Муралиевди сөзгө тарттык.
MGN Group компаниясы менен кыргыз президентинин үй-бүлөсүнүн эч байланышы жок. MGN Group башчысы Евгений Гуревич “Азаттыкка” муну тастыктады.
Бишкектин Ленин районундагы мектеп окуучулары 2010-жылдан тарта кесиптик-техникалык билим ала башташат.
ИИМдин тогузунчу башкармалыгынын кызматкери Эмил Жээнбеков Кыргызстандагы диний экстремисттик соңку жагдай тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Жаштар мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча концепция түзөт. Бул тууралуу бүгүн И. Арабаев атындагы университетте өткөн жыйында айтылды.
Кыргызстанда соңку учурларда аялдардын диний экстермисттик уюмдарга кошулуп жаткан жаткан учурлары көбөйүп жатканы айтылууда.
Президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзү тууралуу президенттин катчылыгынын өкүлү Султан Жумагулов “Азаттыкка” комментарий берди.
Элетте класстар ээнсиреп, окуучулар азайган чакта, Бишкекте, айрыкча мигранттар жашаган конуштарда мектепке бала батпай чоң көйгөйгө айланды.
2009-жыл КМШда жаштар жылы деп жарыяланган. Буга карата Кыргызстандын Жаштар департаментинин башчысы Айдар Жоробеков “Азаттыкка” маек курган.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунун акими Майрамбек Тойчиев “Азаттыкка” кыргыздар жашаган бул аймак жөнүндө айтып берди.
“Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипар июлда Мургабда ат чабыш фестивалын уюштуруп өткөрүп жүргөндө “Азаттыкка” маек курган.
Тажикстандын Мургабында 18-19-июлда ат чабыш болду. Ат оюндары аймактын эгемен тарыхында жыйырма жылдай убактан бери биринчи жолу өткөрүлдү.
1-июлда жаштардын “Мен ишенбейм" кыймылы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында таза шайлоого чакырган акция өткөрдү. Ага элүүдөй адам чогулуп, президенттик шайлоодо көз боемочулук, ыплас технолиялардын колдонулушуна жол бербөөгө чакырышты.
Кыргыз саясий элитасынын интеллектуалдык лидерлеринин бири, профессор Бакыт Бешимов жаштар менен көп жолугушат. Алардын ойлору, проблемалары, максат-мүдөөлөрү менен жакындан тааныш. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Кыргыз жаштарынын проблемалары”) алкагында Бакыт Бешимов менен маекти сунуштамакчы.
Айылдардан борборго көчө-коно келген айрым ички мигранттардын жана алардын балдарынын документтери жок. Бишкектин Дордой базарынын жанындагы Келечек конушунда дээрлик баардык бүлөсүнүн тең документтери жок үй-бүлөлөрдү да тапса болот.
Коррупциянын деңгээлин иликтеген эл аралык уюмдар Кыргызстанды паракорчулук өтө өнүккөн мамлекеттердин катарына коюп келет. Бирок өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөш агенттиги бул айтылгандар менен макул эмес. Аталган агенттиктин коомчулук жана маалымат каражаттары боюнча бөлүм башчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыктагы” маегинде анын себебин чечмелеп берди.
1-июнь балдар күнүнө карата Чүйдүн Жаңы-Жер айлындагы №43 кесиптик лицейдин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” аттуу чыгармасына коюлган спектакль көрсөтүштү. Бул лицейде негизинен социалдык аялуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калган балдар билим алышат. Мугалимдер балдарды маданиятка үндөп тарбиялоо жакшы натыйжа берерин белгилешет.
Айрекс эл аралык уюму студенттер жазган илимий иштердеги плагиатты аныктоочу ыкмаларды Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдын окутуучуларына көрсөтүп берди. Көпчүлүк кыргыз университеттеринде реферат, курсттук жана дипломдук даяр ишти Интернеттен көчүрүп алуу кадимки көрүнүшкө айланган.
Өзбекстанга кол салган куралдуу адамдар Кыргызстандан эмес Ооганстандан келген. Мындай пикирин кыргызстандык саясат талдоочу Кадыр Маликов “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Дагы жүктөңүз