"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Досалы Эсеналиев менен Алмаз Кененбаевдин дайындалышы түрдүүчө бааланууда.
Жогорку соттун төрагасы боло тургандардын аты атала баштады.
Өкмөт Матраимов боюнча райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыла элек.
ИИМдеги аппараттардан 600дөн ашуун кызматкер кыскарып, туристтик милиция түзүлдү.
Жогорку сот муну чечим чыгарган судьялар эмгек өргүүсүндө жүргөнү менен түшүндүрүп жатат.
Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов өз ишин кадрларды дайындоодон баштады.
Баш калаага мурдагы курулушчу Азиз Суракматов мэр болуп шайланган соң Бишкек мэриясына аппарат башчылык кызматка "Аю" компаниясынын вице-президенти болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаевди аппарат башчылыгына дайындады. "Азаттык" бул дайындоонун чоо-жайына, кызыкчылыктар кагылышы тууралуу айтылган сөздөрдүн негиздүүлүгүнө кызыгып, мэриянын жаңы аппарат башчысын кепке тартты.
Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстандын башка жерине башма-баш алмаштырганы жатат.
Кыргыз өкмөтү "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын башкарууну өзгөрткөнү жатат.
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды.
Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны болду.
Бул жумада Бишкек шаары жаңы мэрлүү болду, Ысык-Көлдө төртүнчү "Мекендештер" форуму өттү.
Кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелек да камакка алынганы ачыкка чыкты.
Башкы штаб Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү чуулгандуу окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек.
"Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылды.
Кыргыз милициясы элдин колундагы мыйзамсыз курал-жаракты жыйнап алуунун жолдорун издеп жатат.
Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы мандат талаш чечиле элек.
Шаардык кеңештеги оппозициялык азчылык да, премьер-министр да талапкер көрсөткөн жок.
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенген “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси бар экенин билдирди.
Данияр Үсөнов тууралуу соңку кабар соттолгондорду өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин козгоду.
Дагы жүктөңүз