Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:26

Текебаевдин иши: эл аралык уюмдардын үнү


Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым кыргыз саясатчылары бийлик жетекчилерин “Евразиялык демократиялык демилге” уюмунун камактагы "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тууралуу атайын баяндамасына көңүл бурууга чакырып жатат.

Баяндамада "оппозициячыл саясатчы куугунтукка кабылган, адам укуктарына кепилдик берген улуттук мыйзамдар, эл аралык нормалар бузулган, ошондуктан анын иши кайра каралашы керек" деген корутунду чыгарылган.

Башкы прокуратура болсо ишти кайра кароодон баш тартып келет.

Нью-Йорктогу “Евразиялык демократиялык демилге” ("Eurasia Democracy Initiative" - EDI) уюму камактагы Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралбаса, кыргыз бийлигинин саясий, эл аралык беделине доо кетерин эскертти.

Уюмдун башчысы Питер Залмаев “Азаттык” менен болгон маегинде оппозициячыл саясатчынын иши терең талданып-иликтенгенин, анын натыйжасында ал "саясий куугунтукка кабылган" деген корутунду чыгарылганын айтты:

Питер Залмаев.
Питер Залмаев.

- Биз Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз менен бул ишти кылдат карап чыгып, "саясий өңүт бар" деген тыянакка келдик. Жергиликтүү өнөктөштөрүбүз - юрист эксперттер, адвокаттар, журналисттер. Алардын жеке коопсуздугунан улам аттарын айта албайм. Биринчи кезекте, Текебаевдин саясий дымагы, Конституциялык реформа жүргүзүүдөгү жигердүүлүгү жана президенттик шайлоого катышуу дымагы ага каршы өнөктүктүн өзөгүн түздү деп эсептейбиз. Кыргызстандын бийлиги аны өзүнүн башкы оппоненти катары көргөнү айныксыз. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылсам, өлкөдөгү жана аймактагы Кыргызстанга жакындан көз салгандардын баамында, мурдагы президенттин саясий процесстерге таасири дагы эле бар. Андыктан жалпы жонунан бийлик мурдагы эле кейпинде жана саясий оппоненттерин куугунтуктап, өч алып жатканы үчүн жооптуу.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан каралышы керек экенин айтып чыгышкан.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Парламенттин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров кыргыз бийлиги кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын баяндамаларын көңүл сыртында калтырбашы керек деп эсептейт:

- Биз "Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек" деп бир канча жолу айтып келдик. Ал эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан мындай уюмдардын баяндамасына сөзсүз реакция болушу керек. Биз бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз, адам укуктары боюнча документтерге кол коюлган. Өлкөбүз эл аралык милдеттенмелерди алган. Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган өлкө катары кадыр-баркын сактап, андан ары өнүгүшү үчүн реакция болуп, иш кайра каралышы зарыл. Мындан укук коргоо органдары трагедия жасабашы керек. Мындай иштер ачык-айкын карала турган, ачык баа бериле турган мезгил келе жатат. Президент өзү "күнөөлүүлөр жазаланып, күнөөсү жоктор акталып, мыйзам менен корголушу керек" деп айтып жатат.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы жагдайларга ылайык Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазышкан. Бирок башкы көзөмөлдөөчү орган "бул жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деген жүйө менен арызды канааттандырган эмес. Адвокаттар ушундан улам сотко да кайрылган. Бишкектеги Октябрь райондук соту дагы арызды өндүрүшкө алуудан баш тарткан. Актоочулар ушул тушта шаардык сотко арызданып жатат.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев жаңы жагдайлар менен ишти каратууга мыйзамда чектөө жок экенин белгиледи:

- Эгер эми деле жаңы жагдайлар чыкса аны тактап, сотко кайрылууга, каратууга, укуктук баа берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мыйзамдарда эч кандай чектөө жок. Эгерде Башкы прокуратура, сот органдары сотто, тергөөдө каралбаган жаңы жагдайлар болсо, анда аларды сөзсүз карашы керек. Азыр эми Башкы прокуратура "бардык жагдайлар каралган" деген мазмундагы жоопторду берип жатпайбы. Ошондуктан адвокаттары бардык эле жайдайлар каралбаганын негиздеп бериши керек.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев чет өлкөлүк уюмдардын Өмүрбек Текебаев тууралуу баяндамасынын саясий салмагы, пайдасына токтолду:

- Мындай баяндамалар ишти кайра калыс карап чыгууга жөнөткөнгө түрткү да болушу мүмкүн. Кечээ Тажикстанда ушуга окшогон окуя болбодубу. Хайрулло Мирсаидов деген журналистти камап коюшуп, бир катар мамлекеттерде ар кандай акциялар өтүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн анын ишине бурдуруп атып камактан чыгартышты. Кыргызстанда сот саясий буюртмаларды аткарарын, мыйзам бузуу менен каралган иштер болгонун баарыбыз эле мойнубузга алып жатабыз. Президент деле кыйытып болсо деле мойнуна алгандай болду. Текебаев тууралуу укпаган-билбеген деле киши калган жок. Бул саясий иш экенин, буйрутма экенин баарыбыз эле билип турабыз. Саясий деп таанылган иштердин баарын кайра карап чыгууга жол ачылышы керек. Буга эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар да салым кошушу мүмкүн.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Анткен менен саясатчы Азимбек Бекназаров "Азаттыктагы" маегинде камактагы саясатчылардын ишин кайра каратуу чакырыгына этият мамиле жасалышы керектигин айткан. Ал коомдо күдүк ойлор жаралбашы керек экенин эскерткен.

- Каалайбызбы, каалабайбызбы, соттор чыгарган өкүмдөр турат. Аларды кайра юридикалык-укуктук гана негиз керек. Жаңы ачылган жагдайлар пайда болушу керек. Эгерде биз бүгүн саясатчылардын иштерин президент Сооронбай Жээнбековдун аракети менен кайра каратып актатып алсак же кечирим кылып чыгарып жиберсек - анда, тоок уурдап түрмөдө отурган ондогон адамдар бар, баш кийим уурдап абакта отургандар бар, анда мындай бей-бечералардын иштери эмне болот? "Саясатчылар өздөрүн өздөрү камап, кайра өздөрүн өздөрү актай береби, коррупция менен качан күрөшөбүз анда?" дегендей пикирлер жарала берет. Бардык сот процессине прокурорлор катышып, "мынча жыл бер, мындай режимге кама" деп сурап отурушкан да. Тергеген тергөөчүлөр, соттогон соттор бар. Аларды эмне кылыш керек? 2010-2005-жылдары ушундай иштерди кайра каратканбыз. Анда ошол иштердин негизинде революция болгон жана ошонун негизинде жаңы бийлик келген, жаңы система пайда болгон. Бүгүн болсо ошол саясатчылар камалып жаткандагы бийлик ишин улантып жатат да! Ошол адамдар камалып жатканда азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп отурган да! Ошондуктан кийин келген президент өзүнө чейинки президенттин тушунда камалган саясатчыларды чыгара бере турган болсо, коомчулукта андан чоң коркунуч пайда болот. Ошондуктан биз мындай иштерде этият болушубуз керек.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.

Ал арада Өмүрбек Текебаевдин мындан аркы дарылануусун аныкташ үчүн 23-августта өтө турган дарыгерлердин консилиуму болбой калды. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова дарыгерлердин кеңешмеси 25-августта белгиленгенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG