Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Борбор Азия

Sorry! No content for 31 Декабрь. See content from before

ишемби 29 Декабрь 2018

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. Сүрөт: unitedworldwrestling.org
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. Сүрөт: unitedworldwrestling.org

2018-жыл 23-Кышкы олимпиада оюндары, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Азия жана Көчмөндөр оюндары менен спорт сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Спортчулардын жаратмандыгы, ийгиликтери, жеңиштери ар бир адамды шыктандырбай койбойт.

Кыргыз спортчулары биринчи жолу Азия оюндарында 20 медаль алып келишти. Ал эми Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде Кыргызстан үчүнчү жолу биринчиликти кармап калды.

"Сары кыз" атыккан Валентина Шевченко чемпиондук кур менен жаңы жылды тосуп отурат.

Түштүк Кореянын Пхёнхчаң стадионунда Кыргызстандын желегин көтөрүп Тариел Жаркымбаев кыргыз делегациясын баштап баратат.
Түштүк Кореянын Пхёнхчаң стадионунда Кыргызстандын желегин көтөрүп Тариел Жаркымбаев кыргыз делегациясын баштап баратат.

2018-жыл Кышкы олимпиада оюндары менен башталды.Түштүк Кореянын Пхёнхчаң шаарында, 9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин өттү.

Кыргызстандын атынан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев намыс талашып, бирок ийгилик жылмайган жок.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кышкы олимпиада оюндарына катышып келе жатканы менен азырынча жарытарлык жыйынтык боло элек. Бирок спортто айрым учурда ири мелдештерге катышуунун өзү эле маанилүү.

Бишкектеги Азия чемпионаты

2018-жылдын февралында Бишкекте өткөн Азия чемпионатына чөлкөмдөгү кыйын балбандар келди. Күрөштөн мындай ири мелдешти Кыргызстан 11 жыл мурда өткөргөн эле. ​​Балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча күч сынашты.

Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. 28-февраль, 2018-ж. Бишкек.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. 28-февраль, 2018-ж. Бишкек.

Бул чемпионатта кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары жалпы командалык эсепте биринчи орунга жайгашып, тарыхый учурду орнотушту.

Балбандар мелдештин жыйынтыгында бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге утту. Азия чемпиону наамын Акжол Махмудов (72 кг.) жеңип алды.

Спорт: Азиададагы ийгилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:24 0:00
Түз линк

Азия чемпионатында Кыргызстандык эркин күрөшчүлөр бир алтын, бир коло медалдар менен жалпы командалык эсепте тогузунчу гана орунга илинди.

Кыз-келиндер курамасынан Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Азия чемпионатынын ачылышы.
Азия чемпионатынын ачылышы.

Франциялыктарды сүйүнткөн дүйнө чемпионаты

Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Москвадагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык таймаш 4:2 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.

Франциянын курама командасы жеңишин майрамдап жатат.
Франциянын курама командасы жеңишин майрамдап жатат.

Франциялык Килиан Мбаппе "мыкты жаш оюнчу", хорватиялык Лука Модрич "мыкты оюнчу" аталып "алтын топ" алса, Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа "мыкты дарбазачы", англиялык Харри Кейн алты гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталып, "алтын бутсы" алды.

Cүрөттө Лука Модрич менен Килиан Мбаппе.
Cүрөттө Лука Модрич менен Килиан Мбаппе.

​Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталганда Хорватия курама командасын финалга чейин жетет деп эч ким күткөн эмес эле. Өз командасын финалга алып чыккан Лука Модрич жыл аягында "Алтын топ" сыйлыгын алып Месси менен Роналду дооруна чекит койду.

Азия оюндары: ийгилик жана сыймык

Кыргызстан Индонезиядагы жайкы Азия оюндарынын жыйынтыгын сыймыктануу менен эскерет. Жалпы жонунан өлкө спортчулары 20 медаль алып келсе, анын экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло. Эгемендик алгандан бери кыргыз спортчулары мындай жемиштүү жыйынтыкты көрсөтө элек болчу.

Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. 25-август, 2018-жыл. Индонезия.
Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. 25-август, 2018-жыл. Индонезия.

Алтын байгелерди жеңил атлет Дарья Маслова менен жиу-житсу балбаны Төрөкан Багынбай уулу утту.

Төрөкан Багынбай уулу. Жакарта, Индонезия. 24.08.2018-ж.
Төрөкан Багынбай уулу. Жакарта, Индонезия. 24.08.2018-ж.

​Медалдардын көбүн балбандар алып келди. Акжол Махмудов, Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдарды утушту.

Айсулуу: Мени колдогондорго ыраазымын

Эки айдан кийин балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын күмүшү алтынга айланганы кабарланды. Ага Азия оюндарында чемпион аталган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негиз себеп болду.

Муну менен үч алтын медаль Кыргызстандын Азия оюндарындагы жетишкен алгачкы чоң ийгилиги болду.

Айсулуу Тыныбекова (көк) жана монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж (кызыл)
Айсулуу Тыныбекова (көк) жана монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж (кызыл)

Көчмөндөр оюндары дүйнөгө таанылды

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы кыргызстандыктардын назарында болуп, жылдын эң маанилүү спорттук иш-чарасы болгону талашсыз.

Быйылкы оюндар бүткүл ааламга Көчмөндөр оюндарынын аброю алдыга карай арыш жасап жатканын таамай көрсөттү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи.

Көчмөндөр оюндарына жалпысынан 70тен ашуун өлкөдөн 2 миңге жакын спортчу катышты.

Көчмөндөр оюндарынын башаты Кыргызстан болгондуктан, бул оюндарда Кыргызстандык спортчулар намысты бекем сактап, жалпы командалык эсепте ишеничтүү биринчи орунду алышты.

Кыргызстандын спортчулары 103 байге (40 алтын, 32 күмүш, 31 коло) топтогонго жетишти.

Кыргызстандык жана өзбекстандык көкбөрүчүлөр. Финалдык беттеш. 7-сентябрь.
Кыргызстандык жана өзбекстандык көкбөрүчүлөр. Финалдык беттеш. 7-сентябрь.

​Ал эми кыргыз көкбөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарында чемпиондук наамды үчүнчү ирет жеңип алышты.

Намыска жараган жаш балбандар

2018-жылы кыргыз балбандары "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюму өткөргөн эл аралык мелдештерден жалпы жону 73 медаль утушту.

Күрөш Кыргызстандагы эң популярдуу спорт экени талашсыз. Айрыкча акыркы жылдары жаш балбандар ийгиликтери менен калың журтту кубантып келет.

Эрбол Бакиров спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалдык таймашында. 18-сентябрь, 2018-ж. Трнава, Словакия.
Эрбол Бакиров спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалдык таймашында. 18-сентябрь, 2018-ж. Трнава, Словакия.

Сентябрь айында балбан Эрбол Бакиров Словакиянын Трнава шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байгеге ээ болду.

Эрбол Бакиров менен Хассан Ахмед Мохаммеддин алтын байге үчүн таймашы:

Ушул эле чемпионатта Акжол Махмудов да коло медаль тагынды.

Камал Амеер Бей жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында. 18-сентябрь, 2018-ж.
Камал Амеер Бей жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында. 18-сентябрь, 2018-ж.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Акжол АКШдан келген балбан Камал Амеер Бей менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке жетти.

Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бейдин коло байге үчүн таймашы:

Бул жеңиш менен Махмудов бир жыл мурдагы өчүн алды десек болот. 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалында Акжол Камал Амеер Бейге 16:11 эсебинде жеңилип калган.

Грек-рим күрөшү. 74 кг. Камал Амеер Бей (АКШ) - Акжол Махмудов (Кыргызстан) 16-11.

Октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 19 жаштагы балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды. Финалдык таймашта Жоламан азери балбаны Элданиз Азизлиге жеңилип калды.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында.

Шаршенбековдун бул байгеси быйылкы дүйнө чемпионатындагы Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз байге, ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал.

Буга чейин дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында жеңип алган.

Эр уруш: Хабиб Конор таймашы

7-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды.

Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор.
Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор.

Эрөөлдөрдүн таймашы жылдын күттүргөн окуясы болду.

Бишкектин бүйүрүн кызыткан эрөөл.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары эрежесиз эр уруш популярдуулугу жагынан профессионалдык бокстан ашып бара жатканын белгилешет. Кыргызстанда да акыркы жылдары ММАга кызыккандар көбөйдү.

Темир муштум Акжол

Бокс боюнча WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги кезектеги беттешинде чемпиондук наамын коргоп калды.​ WBA ASIA​ чемпиондук курун Акжол 22-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн беттеште утуп алган.

WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу "Азаттыктын" студиясында.
WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу "Азаттыктын" студиясында.

​Сулайманбек уулу учурда професионалдын рингде байма-бай мелдештерге катышып, жеңилбей келе жаткан жалгыз кыргыз мушкери. Ал кесипкөй рингде 12 беттеш өткөрүп, WBA чемпиондук курунан сырткары WBC Asia (Азиянын боксчулар кеңешинин) чемпиондук курун да тагынган.

“Сары кыздын” жеңиши

Жаңы жылга карата дагы бир спорттук белекти кыргызстандык Валентина Шевченко тартуулады. 9-декабрда Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болду. Анын чемпиондук беттеши Канадада өтүп, жыйынтыгында калыстар бир добуш менен жеңишти Валентинага беришти.

Валентина Шевченко
Валентина Шевченко

​Кыргызстанда төрөлүп, учурда Перу өлкөсүн намысын коргоп жүргөн Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн мушташы польшалык атаандашы Йоанна Енджейчикке туш келди. Беш раундга созулган беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле Шевченко демилгени колго алып, Енджейчикке кыпындай мүмкүнчүлүк берген жок.

Бирок, адистер Шевченкого мындан кийинки таймаштар буга чейинкилерден да оор болорун айтышууда. Анткени, алдыдагы мушташтарда чемпиондук наамды коргоо вазийпасы турат.

Азия кубогуна аттанган "ак шумкарлар"

Шевченкого 2019-жыл кандай болорун көрө жатарбыз, бирок кыргыз футболчулары үчүн жеңил болбой турганы бышык. Жыл тогошор менен биздин улуттук курама команда Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө оюнду баштайт.

Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинен соң. Бишкек. 28-март, 2018
Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинен соң. Бишкек. 28-март, 2018

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы кыргыз футболунун тарыхында алгачкы жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.

Кыргызстандын улуттук курама командасы "С" группасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт. Алгачкы оюн 7-январда Кытайдын футболчулары менен өтөт. Ошондой эле “ак шумкарлар” Түштүк Корея жана Филиппин өлкөлөрү менен тайпалык оюндарды өткөрүп, упай талашмакчы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы учуда Катарда окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.

​2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Алматынын үстүндөгү абанын көрүнүшү.
Алматынын үстүндөгү абанын көрүнүшү.

Алматыда таза аба үчүн юрист Альнур Ильяшев шаардын акимиаты менен соттошууда.

Мамлекеттик «Казгидромет» агенттиги Казакстандагы абасы эң булганган шаар Алматы экенин аныктаган. Шаардын үстүндө жылуулук станцияларынан чыккан зыяндуу заттар, автоунаалар менен жеке менчик тамдарда көмүр жагуудан бөлүнүп чыккан ыш уюлгуп, кара түтүн каптап турганы жергиликтүү тургундарды да кооптондурууда.

Алматыда жашаган юрист Альнур Ильяшев мындай абал менен күрөшүүнү чечип, шаардык акимиат менен соттошуп жатат.

Ильяшев өз доосунда акимиаттан 2009-2018-жылга кабыл алган Айлана-чөйрөнү булганыч заттардан тазалоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууну талап кылууда. Ал программада он жылдын ичинде шаарда абаны тазалоочу жабдуу орнотуу менен калаадагы жылуулук станциясын жаратылыш газына өткөрүү боюнча милдеттенмелер жазылган эле.

Альнур Ильяшев өкмөттүк программада кабыл алынган шарттар аткарылбай, акыркы жылдары Алматыны тескерисинче кара түтүн каптап кеткенин айтты:

Альнур Ильяшев.
Альнур Ильяшев.

- Доонун башкы максаты – бул мүшкүлгө коомчулуктун көңүлүн буруп, коомдук резонанс жаратуу. Муну карабай коюуга мүмкүн эмес. Бийликтин бул маселени чечүүгө ресурстары жетиштүү. Азыр 200 миллион долларга «Кокжайлау» лыжа базасын курганы жатышат. Эмне үчүн бул каражатка ТЭЦ-2де абаны тазалоочу жабдуу орнотууга болбойт?

Ильяшевдин акиматка койгон доосун Алматыдагы Бостандык райондук соту карап жаткан чагы. Шаардык бийликти сотко берген юристти жарандык активисттер колдоп, сот отурумдарына атайылап бет капчан келип жүрүшөт.

Ильяшев кийинки сот отурумуна Саламаттык сактоо министрлигинен адисти чакырып, абанын булганышынын шаар тургундарынын ден соолугуна тийген залакасы тууралуу айтып беришин, ошондой эле жылуулук станциясынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн так аныктоону талап кылып келет.

24-декабрдагы сот отурумунда Алматы акимиатынын юристи Надир Омаров шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик транспорттук инфраструктура куруп жатканын айткан.

Надир Омаров.
Надир Омаров.

- Доого биз макул эмеспиз, - деген ал. - Ал негизсиз, аны канааттандыруу керек деп эсептебейбиз. Акимиат экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш жүргүзүп жатат, иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Азыр шаардагы экологияга жакшы таасирин тийгизе турган транспорттук инфраструктура курулуп жатат. Жолдо автоунаа тыгыны азаят.

Надир Омаров акимиаттын 2009-2018-жылга кабыл алган Айлана-чөйрөнү булганыч заттардан тазалоо боюнча комплекстүү программасы 2011-жылы облустук кеңештин чечими менен жокко чыгарылганын билдирген. Ал эми Алматыдагы таза аба үчүн күрөшүп жаткан Альнур Ильяшев мындай чечим юстиция органдарында катталганын тактоону талап кылууда.

Декабрдын башында Астанадагы жыйында Алматынын акими Бауыржан Байбек абанын булганышы чоң мүшкүл болуп калганын моюнга алган болчу. «Кара түтүн дүйнөдөгү мегаполистердин баарын каптады, Алматы четте калган жок», деген аким. Шаар башчы Алматыны жашылдандыруу, сууну тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын, өкмөт ТЭЦ-2 станциясын модернизациялоо долбоорун карап жатканын кошумчалаган.

Алматыда таза аба үчүн күрөшүп жаткан юрист Альнур Ильяшевдин дагы бир талабы - ТЭЦ-2де Экибастуз шаарында өндүрүлгөн көмүрдүн ордуна зыяндуулугу азыраак деп эсептелген Караганданын көмүрүн колдонуу.

Буга жооп катары ТЭЦ-2 станциясына ээлик кылган «Алматы электр станциялары» мекемесинин экология боюнча инженери Рамил Галиев жылуулук станциясында жылына 2,3 миллион тонна көмүр жагыларын, Караганда көмүрдү мындай көлөмдө камсыз кыла албай тургандыгын билдирген.

Сотто Галиев ТЭЦ-2 боюнча техникалык-экономикалык долбоор иштелип чыгып, Энергетика министрлигине жөнөтүлгөнүн, долбоордо жылуулук станциясын 2020-жылга чейин жаратылыш газына өткөрүү пландалганын белгилеген.

Альнур Ильяшев акимиат менен экинчи ирет соттошууда. Мурункусунда юрист тынчтык митингдерин өткөрүүгө жергиликтүү бийликтин уруксат бербегенине каршы чыккан. Ильяшев Ички иштер министрлигин реформалоону талап кылган митингге уруксат алыш үчүн акимиатка 32 жолу арыз жазып, бирөөндө да уруксат ала алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG