Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Борбор Азия

Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Казакстанда шинжаңдык казак-кыргыздардын укуктарын коргоп келген активист Серикжан Билаш "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталууда.

Казакстандагы "Ата Журт ыктыярчылары" уюмунун жетекчиси Серикжан Билаш 10-марттын түнү Алматыдан кармалып, Астанадагы тергөө абагына жеткирилген. Полиция кармап кеткенден бир нече сааттан кийин интернетте Билаштын видеокайрылуусу тарады. Активист анда өзүнө коюлуп жаткан кинеге макул эместигин билдирген:

- Мага карата "улут аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айып коюлуп отурат. Мен бул айып менен макул эмесмин деп айттым. Эми ишти Астанада эмес, Алматыда кароо боюнча доо арыз менен кайрылам.

Дүйшөмбү күнү активисттин онго жакын тарапкери тергөө абагына келишти. Уюмдун өкүлү Ербол Даулетбекулы Серикжан Билашка жок жерден кине коюлуп жатат деген пикирде:

- Серикжан эч бир күнөөсүз, жазыксыз. Кылмыш кылган жок. Анын бардык сүйлөгөн сөздөрүн карап көрсөңүз болот. Бир да жерде эч кимди улутка, динге бөлгөн эмес. Бул ислам, бул христиан деп айткан эмес. Арызданып келгендердин баарына улутуна да карабай жардам берди.

Астананын полиция департаментинин өкүлү София Кылышбекова активисттин шектүү катары кармалганын ырастап, андан башка кабар айткан жок:

- Серикжан Билаш улут аралык жана социалдык козутуу аракетине шектелүүдө. Азыр сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Башка маалыматтарды жарыялоого болбойт.

Билаш кытай-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталган шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбайдын адвокаты Айман Умаровага гана ишенерин айтып, мамлекеттик актоочудан баш тарткан.

- Мен өзүмдүн билдирүүмдү тиешелүү органдарга бердим. Ошону бергенден кийин мен Билаштын адвокаты деп эсептелишим керек болчу. Алар ушул жобону билип туруп, башка адвокат бергиси келип жатат, - деген Айман Умарова дүйшөмбүнүн кечинде соттун чечими менен активист үй камагына чыкканын маалымдады.

"Ата Журт ыктыярчылары" уюмунун жетекчиси Серикжан Билаш быйыл февралда Алматыда соттун чечими менен 252 миң теңге же 670 доллар айып пулга жыгылган. Буга "каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектеген жана ишмердүүлүк жүргүзгөн" деп айып себеп болгон.

Ал - Кытайда жашап, бир нече жыл мурда тарыхый мекенине келген кайрылман. Аталган уюм 2017-жылдын жазында түзүлүп, Кытай бийлигинин Шинжаңдагы саясатына, улуттук азчылыктардын кысымга алынышына каршылык иретинде Алматыда эл аралык маалымат каражаттарынын катышуусунда басма сөз жыйындарын уюштурган. Билаш урук-тууганы, жакындары Шинжаңда камакта отурганын айткан жарандардын видеолорун интернетке тынымсыз жарыялап жүрөт. Февралда активистке каршы бир канча кишиден турган топ арыз жазганы белгилүү болгон. Бирок казак полициясы анын чоо-жайы тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин Серикжан Билаш "Азаттыкка" Кытайда 50 миңдей кыргыз улутундагы жаран камакта отурганын, ал эми кармалган казактардын саны 500-700 миңдей экенин билдирген. Билаштын уюмуна Шинжаңда тууган-туушканы, ата-эне, бир туугандары камалып кеткенин жана алар дайынсыз экенин айткан кыргызстандык кайрылмандар да арызданган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Махабат: чарчап калган наристени унутпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:48 0:00

44 жаштагы Махабат Надырбекова 11 жылдан бери Бишкек шаардык куткаруу кызматында фельдшер болуп эмгектенет. Жалаң эркектердин жамаатында иштеген Махабат куткаруу кызматындагы аялдын ролу тууралуу айтып берди. Улук прапорщик Надырбекова өзү төрт баланын энеси болгоундуктан балдар аралашкан чакыруулар оор болоорун айтат. Ал жол кырсыгынан чарчап калган үч жаштагы наристени көзүнө жаш алып эстеди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG