Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийлик ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады. 19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки 7де ал мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда Назарбаев өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн элине алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин кошумчалады. Президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турарын билдирди. 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан.
Борбор Азия
шейшемби 19 Март 2019
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийлик ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады. "Азаттык" бул боюнча айрым кыргыз саясатчыларынын пикирлерин укту.