Алжирдин Башкы штабынын командачысы президент Бутефликаны кетирүүнүн жолун сунуштады. Орусиянын күч түзүмдөрү Крымдагы ондогон үйдө тинтүү жүргүзүп, жыйырмадай крым татарын кармады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өзүнүн жеке кабылдамасын ачмай болду.
Борбор Азия
шаршемби 27 Март 2019
Бишкекте 27-мартта кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өтүп, 80ге жакын макулдашуу, келишимдерге кол коюлду. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйын Орусиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанга өтө турган мамлекеттик сапарынын алдында болду.