Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Борбор Азия

Назарбаевдердин дүйнөгө чачылган дүнүйөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары дүйнөнүн кеминде алты өлкөсүндө 785 миллион долларлык кымбат баалуу мүлк сатып алган. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жасаган жаңы иликтөөдө айтылат. Иликтөөдө Назарбаевдин туугандары, кыздары жана неберелери ишке ашырган бардык инвестиция жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат бербесе да, бул байлыктын масштабын көрсөтүп, аны документалдуу түрдө далилдөөнүн алгачкы аракети болду.

Абдулло Абдулло жана Эмомали Рахмон. 22 декабря 2020.
Абдулло Абдулло жана Эмомали Рахмон. 22 декабря 2020.

Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүгө Ооганстандын Улуттук Элдешүү Кеңешинин төрагасы Абдулло Абдулло барды. Эки тарап чек ара көйгөйлөрү жана чөлкөмдөгү терроризм маселелерин талкуулашты.

22-декабрда Ооганстандын Улуттук Элдешүү Кеңешинин төрагасы Абдулло Абдулло Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүгө болгон иш сапарында өз өлкөсүндө террористтик топтордун активдешүүсүнө тынчсызданганын билдирди.

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан Абдулло журналисттердин катышуусунда өткөн маалымат жыйында тажик-ооган чек арасындагы көйгөйгө токтолду.

"Тажикстанды Ооганстанда иш алып барган жана бүтүндөй чөлкөмдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террористтик топтор тынчсыздандырып жатат", - деп билдирди Абдулло Абдулло.

Ал Дүйшөмбүгө Ооганстандагы Лоя жырга деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайдын делегациясынын курамынын коштоосунда келген. Иш сапардын жүрүшүндө Абдулло Абдулло Тажикстандын премьер-министри жана Мажилисинин төрагасы менен да жолугушту.

Ал эми тажик президентинин маалымат кызматы эки өлкө өкүлдөрүнүн жолугушуусунда чөлкөмдөгү терроризм көйгөйү талкууланганын кабарлады.

«Ооганстан жана бүтүндөй аймак үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн жана кооптонуулардын негизги булагы болгон ар кандай экстремисттик топтордун жана башка эл аралык терроризм тармактарынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду», - деп билдирди маалымат кызматы.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт. Тажик бийлиги Ооганстандын түндүгүндө согушкерлердин көбөйүп баратканына ар дайым кооптонуп келген. Бул кооптонуу "Бадахшан провинциясындагы согушкерлердин көпчүлүгү тажик жарандары" деген маалыматтан кийин күч алган.

Анткен менен Ооганстандын Улуттук Элдешүү Кеңешинин төрагасы Абдулло Абдулло дал ушул жүрүп жаткан согуш аракеттери мындай топтордун ишмердүүлүгүнө шарт түзүп жатканын эскертти.

«Тилекке каршы уланып жаткан согуштар жаңы көйгөйлөрдү жаратып келет. Башкача айтканда, ар кайсы мамлекеттерден келген ар түрдүү террористтик топтор биздин өлкөдө баш калкалап жатат. Эгерде биз тынчтыкты жана туруктуулукту кааласак, анда бул топтордун Ооганстанда иштешине жол бербешибиз керек», - деди Абдулло.

Ал ошондой эле "Талибан" кыймылы менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн да эске салды. Абдулло бул сүйлөшүүлөр менен Ооганстандын акыркы 19 жылдагы бардык жетишкендиктерин коргоп жатканын баса белгиледи.

Бул эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөр башталгандан кийин Ооганстандагы көптөгөн чөйрөлөр аялдардын укуктары, анын ичинде билим алуу укугу боюнча сүйлөшүүлөрдө мунасага барбоого үндөшкөн.

Бирок 22-декабрда Абдулло Абдулло Дүйшөмбү шаарында сүйлөп жатып, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын жүрүшүндө расмий Кабул өлкөдө тынчтыкты камсыздап, бүтүндөй ооган элинин укуктарын жана жетишкендиктерин коргой тургандыгын билдирди.

Дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнүн бетме-бет жолугушуусу Катардын Доха шаарында ушул жылдын сентябрь айында эле башталган. Бирок анын шартынан улам талаш-тартыш чыгып, андан ары илгерилебей калган.

Акыркы пункт аялдар жана этникалык азчылыктар үчүн өзгөчө оор бойдон калууда - Талибандын экөөнө карата мамилеси ар дайым чоң суроо жаратып келген. Катарда тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйыла элек.

Ал арада 18-декабрда ооган-тажик чек арасында жүздөгөн чет элдик жоочулар топтолуп жатканы кабарланган. Анда Бадахшан аймагындагы туруксуз абалдан пайдаланып, жоочулар Моймай жана Нусай райондоруна кирип кетишкени айтылган.

Бул маалыматты тажик бийлиги да ырастап, жоочуларды Тажикстандын аймагына киргизбеш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканы кабарланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG