Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Борбор Азия

Өзбекстан.
Өзбекстан.

Дүйнөлүк айрым маалымат каражаттары Кыргызстандагы сымап өндүрүшү, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу жазышты.

Deutsche welle 9-декабрда жарык көргөн макалада “Кыргызстан эмне себептен сымап өндүрүүдөн баш тартпайт?” деген темага кызыккан.

Автор алтын казууда жана электроника чыгарууда колдонулган бул химиялык зат абдан кооптуу экенин, акыркы жылдары өндүрүш азайганы менен өлкө сымаптын көлөмүн көбөйтүп жатканына токтолду.

Макалада айтылгандай, Айдаркен дүйнөлүк базар үчүн сымап казылган жер бетиндеги акыркы кендердин бири.

"2013-жылдан бери 135 мамлекет таза сымап өндүрүүгө, бул суюк металлды камтыган айрым продукциянын экспорту менен импортуна тыюу салган эл аралык конвенцияга кол коюшкан. Бара-бара сымап менен сооданы токтотуу каралган. Бирок кен казуу тармагын экономикасы үчүн маанилүү деп эсептеген Кыргызстан ал документке кошулган эмес", - деп жазды журналист.

Автор сөзүн улантып, бул зат айланада жашаган адамдардын гана эмес, дүйнөнүн башка жерлеринде жашагандардын ден соолугу үчүн да өтө кооптуу экени жөнүндөгү эскертүүлөргө карабай, Кыргызстан сымаптын өндүрүшүн көбөйткөнүн белгилеген.

Материалда Айдаркен кенинин тарыхы, сымап кайсы тармактарда колдонулары, башка өлкөлөрдүн бул жааттагы таржымалы, көмүскө рыноктун гүлдөп өскөнү баяндалат.

Андан ары сымап адам баласынын нерв, тамак-аш сиңирүүчү, иммундук системаларына чоң зыян келтире турганы, өзгөчө кичинекей балдар жабыркашы мүмкүн экени айтылат. Металлдын буусунунан тышкары эң коркунучтуусу уулуу зат мал жана суу жандыктарынын, адамдын организмине топтолуп калат.

Deutsche welle агенттигинин журналисти Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2013-жылы кенден чыккан таштандылар сакталган жайларды курчаган суулардын үлгүлөрүн алганда уунун деңгээли нормадан 400 эсе ашканын, жакын жердеги Эшме айылындагы картөшкөдө сымаптын дозасы уруксат берилгенден эки эсеге көп болуп чыкканын жазат.

Жергиликтүү комбинатта иштегендер сымапка ууланган учурлар болгону баяндалып, мурдагы кенчилердин биринин "жумушчуларды ушундай тобокелдикке түртпөй, цемент заводун же башка фабрика курушса болмок" деген сөздөрү мисал келтирилет.

Автор маселени эл аралык алкакта чечүү аракеттеринен майнап чыкпаганына да токтолгон. Макалада быйыл августта түркиялык компания Айдаркен сымап комбинатынын үлүшүн алганы айтылат. Инвестор жаңы жабдууларды алуу, өндүрүштү көбөйтүү жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшмөкчү.

АКШ сенаторлору Өзбекстандагы адам укуктарына кабатыр

The Diplomat 6-декабрда АКШдагы демократ-сенаторлордун тобу Мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүк диалог алкагындагы талкууда адам укуктары маселеси көңүл чордонунда болсун деп үндөшкөнүн жазды.

Катка Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Боб Мендес баш болгон алты мыйзам чыгаруучу кол койгон. Алар президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда адам укуктары чөйрөсүндө алга жылуу байкалганы менен “реформаларга карабай, Өзбекстан дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкөлөрдүн бири бойдон калууда жана буга чейинки жетишкендиктер жокко чыгышы мүмкүн” деп эскертишти.

Басылма жазгандай, кайрылууда Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилгени менен маселе жараткан беренелер ошол бойдон калганына, саясий чөйрөнү либералдаштырууда прогресс байкалбаганы айтылат.

Кэтрин Пуц АКШ менен Өзбекстан эки тараптуу консультацияларды 2009-жылдан бери жүргүзүп, былтыр “Стратегиялык өнөктөштүк диалогу” деген деңгээлге көтөрүүнү чечишкени келгенин эске салат.

Макалада Вашингтон-Ташкент алакаларынын тарыхы да баяндалып, америкалык сенаторлор кайрылуусунда “аскерлер Ооганстандан чегингенден кийин Өзбекстан менен алакалар АКШнын баалуулуктары жана кызыкчылыктары үчүн мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин” белгилешкени айтылат.

БАЭ дем алышты узартты

Бириккен Араб Эмираттары иш аптасын кыскартууну, дем алыштарды жарым күнгө узартууну чечти. Мурда 9,9 калкы бар өлкө тургундары калган араб дүйнөсүндөй эле жума жана ишембиде эс алса, эми жума күнү түштөн кийин бошоп, дүйшөмбүдө жумушка чыгат.

Бул тууралуу эмираттардын расмий WAM агенттигине таянып бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде франциялык La Liberation басылмасы жазды. Кабарларга караганда, мындай жадыбал январдан тарта бардык мамлекеттик мекеме, ишканаларда милдеттүү болмокчу. Гезит жергиликтүү элдин басымдуусу жума намазына бара турганын эске салат.

WAM агенттиги бул чара жумуш менен жеке турмушту тең салмактоо, экономикалык атаандаштыкты камсыздоо үчүн кабыл алынганын билдирген. Буга чейин ушул өңдүү экспериментке Шотландия, Испания жана Жапония барган.

Бирок эң алдыда бул жаатта Исландия турат. 2015 жана 2019-жылдары 2,5 миң киши ошол эле маянага жумасына төрт күн, 35 саат иштөө сунушун алган. Сыноо ийгиликтүү өтүп, эми калктын 85 проценти ушундай ыргакта иштейт. Францияда жумуш аптасын кыскартуу маселесин саясатчылар менен синдикаттар көптөн бери козгоп келет.

Оор беренелер менен айыпталып, сегиз жарым жылга абакка кесилген казакстандык 28 жаштагы келин атайын кызматтын “Жусан” операциясынан кийин Жакынкы Чыгыштагы жаңжал болгон аймактан чыгарылган аялдардын бири. Аны менен “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы аялдар колониясында жолугуп, маектешти.

Караганды облусундагы Северное кыштагы. Аялдар түрмөсү.

Бул жерде өлкөнүн туш тарабынан келген ар кайсыл курактагы жүздөгөн аялдар жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Атырау облусунун 28 жаштагы тургуну Айгерим сегиз жарым жылга кесилген. Ал Сириядан алып келингенден кийин соттук териштирүү бүткөнчө убактылуу кармоочу жайда, кийин колонияда эки жылын өткөрдү.

2020-жылдын мартында сот Айгеримди Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айыптуу деп тапты: “Террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышуу”, “Террордук ишти уюштуруу максатында адамдарды тартуу”, “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” жана “Экстремизмди же же террорчулукту ишке ашырууга байланыштуу тыюу салынган уюмдун ишине катышуу”.

Айгерим Сириядан чыгарылып келген башка казакстандыктар сыяктуу эле өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террордук уюмга катышы бар деп айыпталган. Бул террордук топтун жоочулары 2014-жылы Сирия менен Ирактын бир топ аймактарын көзөмөлгө алып, “халифат” (2019-жылы Жакынкы Чыгыштагы “ИМ” тобунун негизги күчтөрү талкаланган) жарыялаган.

Айгерим өзүнө коюлган айыптарды толугу менен моюнуна алган жок. Ал “террорчулукту пропаганда кылуу ниети болбогонун”, Сирияга азгырык менен алданып барып калганын (анын окуясынын ишенимдүүлүгүн ырастоо мүмкүн эмес) айтат. Бирок ал сот өкүмүнө моюн сунду.

Балдарынын келечегине зыяны тийбесин деп, аты-жөнүн толук айтпоону өтүндү. Анын үч баласы бар: туну он жашта, кичүүсү төрттө. Балдарына болжол менен дагы алты жылдан кийин кайтып бара алат.

“Мени эмнеге камап салышты деп нааразы болбойм. Айыптуу болгонум үчүн камалганымды түшүнөм. Балдарымды согуш жүрүп жаткан жерге алып бардым, аларга бир нерсе болуп калса эмне болмок?! Мунун баары билбестиктен болду. Анткени биз интернеттен же башка бирөөлөрдүн оозунан туура эмес сөздөрдү уккандан болду. Мен муну эми түшүндүм”, - дейт Айгерим.

Ал толук кандуу үй-бүлөдөн. 14 жашынан тарта намаз окуп, хижаб кийип, мечитке барып, Куран жаттай баштаган. Атасы каршы деле болгон эмес, бирок апасы каршы чыккан. 9-классты бүткөндөн кийин орто окуу жайга тапшырат. Болочок жолдошу менен курбусу тааныштырган. Анда 16 жашта болчу. Мечитте нике окутуп, күйөөсү каршы болгону үчүн той кылбай эле баш кошуп алышат.

Жашы жете элек кызынын турмушка чыгышына апасы караманча каршы болгону менен кызы өзүм билемдик кылат. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү Айгеримге никаб кийип жүрүүнү буйруп, динди тереңдеп үйрөнүшүн талап кылат. Окуусун таштап, тун уулун 18 жашында төрөгөн. Көп өтпөй экинчи уулу жарык дүйнөгө келет. Айгеримдин айтымында, күйөөсүнүн жүрүм-туруму өзгөрүп, үйдө жаңжал көп боло баштаган.

“Көрсө, ал башка жамаатка кирип, алардын айткандарына башы айланып калган экен. Биз баарын туура эмес кылып жатабыз, ата-энебиз каапыр, биз бөлөк жашообуз керек деп айта баштады. Ата-энем дагы анын таптакыр башкача болуп калганын байкап, катуу тынчсызданган. Анткени төркүндөрүмө такыр барбай калдым. Бул нерсе өтүп кетет деп ойлогом. Кайра кадимки жашоодо жашайбыз дедим. Бирок убакыт өткөн сайын абалыбыз начарлады. Ага айланасындагылардын баары каапыр, өзүнүн жамаатындагылар гана чыныгы мусулмандар болуп калды. Мени дагы каапыр атай баштады. Анан талак менен коркутту. Мен аны көндүрүүгө аракет кылдым, үйдөгүлөр дагы ачык сүйлөшүүгө аракеттенди. Атам: “Кайсыл сектага кирип кеттиң?” деп сурады. Бирок мындан майнап болгон жок. 2014-жылы кичүү балам эки-үч айлык болгондо ажырашып кеттик. Анан кайра "жашайлы, кел" дей баштады. Өзүн өзгөртсө гана кайтып бара турганымды айттым. Ал өзүнүкүнөн кайтпады, мен дагы... Балдарга да келген жок, каапырдын балдары да каапыр деди”.

“Тыңчы деп эсептеп, өлүм жазасына тартат”

Айгерим кийинчерээк соцтармактан башка эркек менен таанышып калат. Ал жергиликтүүлөрдөн эмес эле. Казакстанга жумушу боюнча келгенин айткан. Келиндин колун сурап, бакубат, бардар жашоону убадалайт. Ошентип ага макулдугун берип, нике кыйдырышат. Бул тууралуу ата-энесине эч нерсе айткан эмес.

"Күйөөм жумушу менен кетип, үйдө көп турбайт эле",- дейт Айгерим.

Бир жолу ал Түркияда иштеп жатканын айтып, ошол жакка чакырган. Балдары менен Кыргызстанга келип, Түркияга учуп кеткен. Бул өлкөдө эки айдай жашайт. Күйөөсү тез-тез эле бир жактарга кетип калчу. Соңку жолу ал Сириядан байланышка чыккан.

“Бул жакта баары жакшы. Мусулман өлкөсү, баары адал. Согуштун бизге кесепети тийбейт деп айтты. Биз башка согуш жүрбөгөн аймактан болобуз деди. Мен макул болдум. Башында Сириянын чек арасына жакын жерде туруп калдык. Мен сыяктуу бала-чакасын жетелеген чет элдик аялдар бар эле. Баары Сирияга өтүп кетүүнү күткөндөр. Анан баарыбызды Сирияга өткөрүштү. Чек арадан кадимкидей эле өттүк. Ошондуктан эч кандай кооптонуу, тынчсыздануу болгон жок. Бул 2015-жыл эле”,- деп эскерет Айгерим.

Сирияга барганда адегенде аялдар менен балдарды Ракка шаарындагы чоң үйгө жайгаштырган. Аялдардын баарын кара кийиндиришкен. Күйөөсү эки аптадан кийин келип, Айгеримди балдары менен чогуу Табка шаарына алып кетет. Көп өтпөй ал жакта анын дагы бир аялы бар экени ачыкка чыгат. Ошентип күйөөсү экөө кер-мур айтыша баштайт.

“Үйгө жеткир! Түркияга өткөрүп салсаң, Казакстанга эптеп жетип алам деп сурана баштадым. Ал кайра мени коркутканга өттү. Эгерде Сириядан кетериңди билип калышса, сени тыңчы деп санап, өлүм жазасына тартышы мүмкүн деди. Аргасыз моюн сундум, чиедей балдарым менен кайда бармак элем. Анын үстүнө үчүнчү балам боюмда эле. Урушуп-талашып жашап жаттык. Жалгыз эч кайда чыгарбайт, телефонду текшерип, СМСтерди окуп, ар бир кадамымды көзөмөлдөйт. Ата-энем менен байланышууга уруксат берген жок. Алар башында менин кайда экенимди билишкен эмес. Кабарсыз болгондо издей башташты. Мен аларга Сирияда экенимди кийин айттым”, - дейт Айгерим.

Бир топ убакыт өткөн соң ал бир тууган эжесин Сирияга чакырган. Казакстандын атайын кызматы муну байкап, экстремисттик уюмга азгырык катары баалаган. Айгерим болсо эжесин “жалгыздыктан улам чакырганын, экөөбүз качып кеткенге оңой болот дедим" деп түшүндүрөт. Эжесинин келишине күйөөсү жардам бермек болгон. Бирок Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы эжесин өлкөдөн чыгып кете электе кармаган.

"Муну укканда катуу чочуп, боюмдан түшүп калды", - дейт ал.

Айгерим үй-бүлөсү менен шаардан шаарга көчүп жашаганын кеп салды. Дейр-эз-Зор шаарында биринчи жолу аба соккуларына кабылышкан. Ошол маалда шаар катуу бомбаланган, эки жолу уранды алдында калдык дейт. Кайра Табкага кайтып келип, ошол жерде кайра боюна бүткөнүн билген. Боюндагысы беш айлык болуп калганда бир таанышын ээрчип, күйөөсүн таштап башка шаарга кетип калган.

“Качып кеткенимди билгенден кийин күйөөм коркута баштады. Баш ийбей жатат, акылдан азды деп даттанам деди. Тааныштарым ортого түшүп, биз ажырашмак болдук. Ал жерде өздөрүнүн соттору бар, ошого бардык. Балдарымды жана өзүмдү уруп-сабайт деп, калп айтууга туура келди. Ошентип бизди ажыраштырышты. Бирок жалгыз бой жашаганга болбой турганын айтып, мени макарга — жесирлер, ажырашкан аялдар жашаган жатаканага которушту. Мен ошол жерде төрөдүм, ал бизден кабар алып кетти. Кызым бир жарым айлык болуп калганда мурунку күйөөм бомба чабуулунан каза болгонун уктум. Көрсө, ал кишилерди азгырып, акча жөнөтүп, Казакстандан Түркияга өтүшүнө көмөктөшүп жүргөн экен. Аны кийин уктум”.

Айгеримдин айтымында, Сириядан чыгып кетүүгө аракет кылып, бирок кимден жардам сурашын билген эмес. Көп өтпөй анын башын түрк тектүү кишиге байлашат. Ал дагы мурунку күйөөсүндөй эле жоочулардын бири эле. Бирок, келиндин билдирүүсүндө, ал жалган азгырыктар менен келип алганын билип, кутулуп чыгууга жол издеген киши болгон экен.

Ачарчылык, бомба чабуулу күчөп турган кооптуу мезгили болчу. Тамак-аш жок, өлбөстүн күнүн көрүшкөнүн эскерди.

“Эптеп акча чогултуп, бул жерден кетип калуунун жолун издей баштадым. Ата-энемден акча жөнөтүүнү сурандым, бирок аларда андай акча жок болчу. Анын үстүнө бул террорчуларды каржылоо деп эсептелгендиктен, алар коркуп жатышты. 2019-жылы күрддөрдүн колуна багынып берүүнү чечтик, бирок үлгүрбөй калдык. Жолдошум бомбадан менин көз алдымда өлдү. Биз чатырларда, окопто жашап жатканбыз. Дагестандык эки аял менен таанышып калдым. Биз күрддөрдүн колуна түшүп берели деп макулдаштык. Албетте, корктук бирок дагы чыдоого мүмкүн эмес эле” - дейт Айгерим.

Туткундан түрмөгө...

2019-жылдын башында күрд кошуундары “ИМ” тобунун колундагы бир нече шаарды көзөмөлдөдү. Айгеримдер колго түшүп, “Ал-Холь” лагерине жайгаштырылган.

Кийин казак жарандарын бала-чакасы менен Казакстан бийлигине өткөрүп беришкен. 2019-жылы майдын башында аларды мекенине алып келишти.

“Бизди башкалардай кылып Актаудагы реабилитациялык борборго жайгаштырышкан жок. Алгач ооруканага алып келип, ден соолугубузду текшерип, анан суракка алып кетишти. Мен сот жообуна тартыларымды билген эмесмин. Ата-энем менин боштондукка чыгышымды күтүп, балдарымды багып жатышат. "Күт, чыдамкай болуп, жакшылыктан үмүт үзбө "дешет. Мага тамак-аш, керектүү нерселерди жөнөтүшөт, телефон менен сүйлөшүп турам. Балдар менен дагы сүйлөштүрүшөт. Бирок ата-энемдин келип кетишин каалабайм. Бир жагы алыс, аларга азыр материалдык жактан дагы кыйын. Мага акча которушат, үнөмдөөгө аракет кылып жатам”, - дейт Айгерим.

Абактагы мектеп, келечек пландар

Түрмөнүн аймагында мектеп да бар. Айгерим орто мектепти бүтпөй калгандыктан бул жерде 10-классты бүтүп, 11-класска көчтү.

Азыр аны менен теолог жана психологдор иш алып барууда. Абакта туура кеңештерди алып, көп окуй баштаганын кеп салды Айгерим.

Ачкачылык, согуш Айгеримдин ден соолугуна дагы зыянын тийгизген. Бөйрөк жана нерв оорусунан жабыркап, анемия деген диагноз коюлган. Суук түшкөндө буту ооруйт.

Бирок ал келечекке ишенимдүү карап, эркиндикке чыккандан кийин укалоочунун кесибин өздөштүрүп, ийне сайганды үйрөнүү, медайым болуу, тил үйрөнүү планы бар. Эркиндикке чыккандан кийин талыкпай иштеп, балдарды тарбиялап, ата-энеме жардам берсем деген ниетте экенин кошумчалады. Анын эркиндикке чыгышына дагы алты жылдай убакыт калды...

Елена ВЕБЕР

Иллюстрация — Shapalaque

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG