Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Борбор Азия

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жетектеген топтун сүйлөшүүсү. 3-декабрь, 2021-жыл.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жетектеген топтун сүйлөшүүсү. 3-декабрь, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасынын айрым аймактарын милиция кызматкерлери көзөмөлдөмөй болду. Мындай макулдашуу эки тараптын облустук деңгээлдеги сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилди.

Кыргыз-тажик чек арасында катталган соңку окуядан кийин эки өлкөнүн чектеш облустарынын башчылары 3-декабрда жолугушту.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жетектеген топтун сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чегиндеги кээ бир участоктордо чек арачылардын санын кыскартуу макулдашылды.

Сүйлөшүүгө ылайык аскерлердин саны азайган аймактарда коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт. Мындан тышкары чек арадагы аймактарга кандайдыр бир курулуш иштери экинчи тараптын макулдугу менен гана башталууга тийиш.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Туллаев соңку чыңалган кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки тарап эмнеге жетишкенин айтып берди.

“Облус башчылары бир топ маселелерди талкуулап, чек арада абалды туруктуу кармоо боюнча макулдашуулар болду. Бир жолду эки тарап бирдей пайдаланган жерлерде чек арачыларды кыскартуу маселесин сунушташты. Андай аймактарды милиция эле көзөмөлдөсүн, чек арачылар турса маселе жаралып жатат дешти. Чек арачы аскерлерди кыскартып, курулуштарды жүргүзүү ишин эки тарап макулдашып, акимдер чече турган болушту. Такталбаган участоктордо иш жүрбөйт. Андан ары жолугушуунун жыйынтыгында эки облус башчылары да Баткен районунун Көк-Таш анан Тажикстандын Чорку айылдарынын эли менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүзүштү”.

Чектеш эки облус жетекчилеринин жолугушуусу Лейлек районундагы "Кулунду" өткөрмө бекетинде башталып, андан ары Баткен районунун Көк-Таш жана Тажикстандын Чорку айылдарында уланды. Жетекчилер жергиликтүү эл менен да чек арадагы соңку окуяларды талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу үчүн чектеш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылды. Мындан сырткары, чек арачы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо үчүн ыкчам аракет көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Чектеш облус башчылары алгач Канибадам-Кожент трассасынын жээгиндеги көзөмөлдү чек арачылардан милицияга өткөрүп берүүнү макулдашты.

Баткенде чек ара чырларын иликтеп жүргөн укук коргочу Хаитали Айкынов коопсуздукту жана тартипти милиция көзөмөлгө алганы абал жакшы жагына өзгөргөнүнөн кабар бере турганын айтты.

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

“Акыркы бир нече жылда чек ара аймактарына эки тараптын тең ок-дары, курал-жарагы көбөйүп баратат десек болот. Бул жакшы жышаан эмес. Эки өлкө башчылары да ушул маселени талкуулап, чек ара аймактарында куралдын жана аскерлердин аз болушуна аракет кылса жакшы болмок. Албетте эки тарап бирдей, бирөө алып кетип, бирөө калтырып койбошу керек. Маселе курал-жарак же ок-дары топтоо менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деп ойлойм. Анткени бул жерде илгертен жашап келген жергиликтүүлөр мындан ары да жашашы керек. Ал үчүн мамилелер сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салынганы оң”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактоо иштери кечеңдеген сайын талаштуу аймактарда чыр-чатак токтобой келет.

2014-жылы январь айында Баткен районундагы башкы суу бөлүштүрүүчү (Головной) жайдагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкө тең чек арада куралдуу аскерлерин көбөйткөн.

Мурдараак чек арадагы пикир келишпестик эки тараптын таш атышуусу же кайым айтышуусу менен токтосо, акыркы жылдары курал колдонуу менен коштолуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Адистер чек арада аскерлердин көбөйүшүнө чыр-чатактарда курал колдонуу да негиз болуп жатканын белгилешет.

Анткен менен чек ара аралаш аймакта жашаган айрым тургундар аскерлерди азайтууга макул эмес. Алардын бири Нурболот коопсуздукту куралдуу күчтөр гана сактап берет деген пикирде.

“Биз бул жерде ушул аскерлер бар деген ишенич менен жашап жатабыз. Аскерлер кетсе, коопсуздукту ким камсыздайт? Өткөндө чек арадагы окуяда көрдүк го. Кошуналардын куралы канча болсо, ошого туруштук бере тургандай аскер болушу керек”.

Чектеш эки облус башчыларынын жолугушуусуна акыркы кезде кыргыз-тажик чек арасында чыккан тирешүүлөр себеп болду. 30-ноябрда такталбаган чек ара аймактарына курулуш жүргүзбөө боюнча мурдагы макулдашууларга карабастан, Сүлүктү-Пролетарск темир жолунун Лейлек районунун аймагындагы тилкесинде тажик тарап демонтаждоо ишин баштаган.

Ушул эле күнү Тажикстандын 30-35тей жараны Максат-Арка автоунаа жолунун боюна тосмо курууга киришкен. Көк-Таш конушунун жанында Тажикстандын Сомониён участкасында курулуш улантылган. Кыргыз тарап Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Чек тилкесинде жергиликтүү тургундарга үй курууга даярдык жүргүзгөн. Эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин такталбаган аймактардагы курулуштар токтотулган.

1-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында Көк-Таш айылынын бир тургунун кошуна өлкөнүн аймагына мал издеп кирген учурда тажик жарандары сабап, ооруканага түшкөнү, андан кийин кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган. Ушул күнү кечинде мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атканы кабарланган.

Апрелдеги чек ара жаңжалынан бери кыргыз-тажик чек арасында жашаган тургундар эки жакка ээн-эркин каттай албай калды.

Акыркы эки-үч ай аралыгында эки тараптын күч кызматтары бири-биринин жарандарын чек арадан "мыйзамсыз кесип өттү" деген күнөө менен кармап, кайра алмашкан учурлар катталды.

Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.
“Желтоксон” козголоңуна 30 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:01 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын эки облус башчылары чек арадагы соңку кырдаалды талкуулашты. Эки күн мурда аймакта кайрадан чыр чыгып, ок атылган эле. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда ошол жерде болгонун айткандардын айрымдары саясатчыдан кечирим сурашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG