Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Борбор Азия

Өзбек жана ооган делегациялары, Ташкент. 26-июль, 2022-жыл.
Өзбек жана ооган делегациялары, Ташкент. 26-июль, 2022-жыл.

25-26-июлда Ташкентте Ооганстан боюнча эл аралык конференция өттү. Президент Шавкат Мирзиёев талибдерди террорчулар менен байланышты үзүүгө чакырды. Ал эми талибдер Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана чөлкөмдөгү өлкөлөргө коркунуч туудурбайт деп билдирди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган бул иш-чарага Борбор жана Түштүк Азия, Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыштын 20дан ашуун мамлекетинен Ооганстан боюнча атайын өкүлдөр жана эл аралык уюмдардын серепчилери катышканы кабарланды.

Кыргызстандын делегациясын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков жетектеп барганы маалымдалды.

Шейшембиде конференцияда сөз сүйлөгөн Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Абдулазиз Камилов президент Шавкат Мирзиёевдин талибдерди террорчулар менен байланышты үзүүгө чакырганын айтты.

Абдулазиз Камилов жана Амир Хан Муттаки. Кабул.
Абдулазиз Камилов жана Амир Хан Муттаки. Кабул.

"Биз Ооганстандын азыркы өкмөтүн өз эркин көрсөтүп, терроризмге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө, ошондой эле бардык эл аралык террордук уюмдар менен байланыштарын үзүүгө чакырабыз", – деди Камилов.

Мирзиёевдин пикиринде, бул убактылуу өкмөткө болгон ишенимди бекемдөөгө түрткү болуп, Ооганстандын туруктуу өнүгүшү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылат.

Ошол эле маалда Мирзиёев эл аралык аренадагы Ооганстандын изоляциясы бул өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты мындан да курчутушу мүмкүн экенин айтып, "буга жол берилбеши керектигин" белгиледи.

Өзбек жана ооган делегациялары. Ташкент. 26-июль.
Өзбек жана ооган делегациялары. Ташкент. 26-июль.

Ал эми талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен Ташкентте болгон жолугушууда Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана чөлкөмдүн башка өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын билдирди.

"Ооганстан чөлкөмдөгү туруксуздуктун булагы болбойт, анткени жетекчилик өлкөнүн аймагы "Ал-Каида" жана башка ушул сыяктуу террордук уюмдар тарабынан пайдаланылбайт деп кепилдик берет".

Жолугушууда Мутакки Ташкентте Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтүп жатканын кубаттады. Ошондой эле Өзбекстан-Ооганстан мамилелерин чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы төрт ай ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылганы кабарланган.

Ушул айдын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Муну менен катар 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй жети снаряд атылганын ооган маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп жарыялаган.

Шейшембиде Ташкентте талибдердин тышкы иштер министри Муттаки Өзбекстандын өкмөтүнө Термиздеги гуманитардык борбор аркылуу Ооганстанга эл аралык гуманитардык жардам көрсөткөнү, энергетика жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Твиттер аркылуу билдиргендей, Ташкенттеги эл аралык иш-чарада Ооганстандагы тынчтык жана стабилдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулуп, "Термез-Мазар Шариф-Кабул-Пешавар" багытындагы темир жол долбоору боюнча олуттуу иштер жүрүп жатканын жазды.

Өз кезегинде Владимир Норов ооган тарапты эл аралык коомчулуктун негизги талаптарын, анын ичинде кеңири өкүлчүлүктөгү өкмөт түзүү, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо, кыздардын толук кандуу орто билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү милдеттенмелерин тез арада аткарууга чакырды.

Ал арада айрым ооганстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары конференцияга "Талибан" радикал кыймылынын өкүлдөрүн да катыштыруу идеясын сынга алышты.

Эл аралык Amnesty International уюмунун укук коргоочусу Самира Хамиди Твиттерде билдиргендей, ооганстандык аялдарга жана журналисттерге карата жасалып жаткан кысымга карабастан талибдерди түрдүү жолугушууларга чакыруу менен дүйнө коомчулугу аларга Ооганстандагы бийлигин таанытууга мүмкүнчүлүк берип жатканын жазды. Ал талибдердин катышуусунда конференция өткөрүүнү "уят демилге" деп сыпаттады.

Ал эми талибдердин Ооганстанда бийликке келгенине дээрлик бир жыл болду. Өзбекстан талибдер менен кызматташып жаткан айрым гана өлкөлөрдүн бири. "Талибан" өкмөтүн бүгүнкү күнгө чейин эл аралык коомчулук тааный элек.

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышкан Ооганстан боюнча алгачкы конференция быйыл январда Норвегияда өткөн. Иш-чарага АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын, Италиянын жана Европа Биримдигиндеги бир нече өлкөнүн делегациялары, ошондой эле ооган жарандык активисттери катышкан.

Конференция катышуучулары бул жолугушуу талибдердин Ооганстандагы бийлиги расмий таанылды дегенди билдирбей турганын белгилешкен. Жыйынтыктоочу документте батыш өлкөлөрүнүн негизги максаты – өлкөдөгү гуманитардык каатчылыктын алдын алуу экени жазылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG