Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Борбор Азия

Бемористони "Ёрии таъҷилӣ"
Бемористони "Ёрии таъҷилӣ"

"Фароз" көп тармактуу компаниясынын туунду уюмдары мамлекеттик мекемелердин аймагына улам жайгашкан сайын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "мамлекеттин жеке сектор менен өнөктөштүгү" тууралуу айтып келет.

"Фароз" компаниясы "рейдерлик" жол менен укмуштай акча таап жатат деген ЖМКлардагы маалыматка мамлекет башчы ушундай жооп кайтарды. Ар кандай ишканалардан түшкөн пайдадан тышкары транспорт, курулуш, соода-сатык, металлургия, туризм, мейманкана бизнеси, саламаттык сактоо, ЖМК жана билим берүү жана банк тармагында көптөгөн фирмаларга ээлик кылган "Фароз" компаниясы 2019-жылы жоюлганы жөнүндө жарыя кылган.

"Озодинин" ("Азаттык" радиосунун тажик кызматы)иликтөөсү көрсөткөндөй, өзүн жойгондугу тууралуу жарыя бергенден кийин да "Фарозго" тиешелүү 46 компания эски жана жаңы аталыштары менен ишмердигин уланткан.

Алардын бири – "Бехдошти" ЖЧКсы – калкка ар кандай медициналык анализдерди жүргүзүп келе жаткан жеке медициналык лабораториялардын түйүнү. Мамлекеттик медмекемелердин биринин кызматкерлери дал ушул "Фарозго" таандык компаниянын ишине даттанышкан. "Озодинин" иликтөөчү журналисттер тобу дабагерлердин арыз-даттануусун текшерүүнү, бир эле учурда "мамлекеттин жеке сектор менен өнөктөштүгүндө" ким утушка ээ болорун аныктоону чечишти.

"Эски химикаттар, дартты туура эмес аныктоо"

Дүйшөмбү шаарындагы "Тез жардам" ооруканасынын дабагерлери менен кызматкерлери "Озодиге" "Бехдошти" ЖЧКсынын лабораториясындагы сапатсыз анализдер бейтаптарды дарылоодо кыйынчылык жаратып, дартты аныктоодо пикир келишпестиктерге жана талаш-тартыштарга алып келип жатканын жазышты.

Көчүрмөлөрү "Озодинин" колуна тийген документтер күбөлөгөндөй, нааразы болгон догдурлар ар кайсы инстанцияларга кайрылышкан, бирок бийликтегилер дайыма эмнегедир мамлекеттик медмекеменин эмес, жеке компаниянын таламын талашып келет.

Маселен, оорукананын дабагерлер бирлиги 2021-жылдын 19-августунда лабораториянын анализдеринин натыйжасына нааразылыгын билдиришкен. Көп өтпөй медмекеменин 12 кызматкери Саламаттык сактоо министрлигине караштуу саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик кошунунун төрагасынын атына жазышкан катында "Бехдошти" ЖЧКсынын лабораториясында мөөнөтү өтүп кеткен химикаттар пайдаланыларын, мунун кесепетинен дарт туура эмес аныкталып жатканын маалымдашты.

"Тез жардамдын" догдурлары мөөнөтү өтүп кеткен химикаттар тууралуу 2021-жылдын 1-апрелинде жана 4-майда ар кайсы инстанцияларга жиберген каттарында да жазышкан. Өз кезегинде, оорукананын жетекчилиги "Бехдошти" ЖЧКсынын лабораториясынын ишмердигинде эч кандай маселе жок экенин айтып келүүдө.

Максат бейтаптарга кам көрүүбү же капчык толтуруубу?

Дабагерлер "Бехдошти" ЖЧКсынын кызматкерлери шашылыш медициналык жардамга муктаж болгон бейтаптардын дартын акысыз аныктоого жолтоо болуп жаткандыгына даттанышууда.

Алар өз катында "Бехдошти" ЖЧКсынын кызматкерлери бейтаптын ден соолугун "уруп ойнобой турганын, максаты көбүрөөк акча табуу гана" экенин белгилешет.

"2021-жылдын 11-августунда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.10до ооруканага абалы оор бейтап Г.Шны алып келишти. Эреже катары, мындай бейтаптарга акысыз кызмат көрсөтүлүүгө тийиш. Бирок "Бехдошти" ЖЧКсынын кассири чыр чыгарып, бейтаптын жакындарынан лабораториянын иши үчүн акча төлөөнү талап кылды. Бул жөнүндө кол коюлган жана мөөр басылган документ бар", - деп айтылат догдурлардын биринин катында.

Дагы бир документте "Тез жардамдын" нөөмөттөгү кызматкерлери 2021-жылдын 21-сентябрында кабыл алуу бөлүмүнө абалы оор бейтапты алып келгени айтылат. Ал анализ үчүн шашылыш кан жана заара тапшырууга тийиш болчу.

"Бирок "Бехдошти" ЖЧКсынын кассири догдурлардын айтканына, бейтаптын абалы чын эле оор экендигине ишенбей, операция бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылды. Бул учурда дабагерлер заарасы токтоп калган бейтапка татаал операция жасап жатканбыз. Ошого карабай, кассир эшикти такылдатып, ичкери киргизүүнү талап кылды", - деп жазган медиктер.

"Бехдошти" ЖЧКсы дабагерлердин даттануусун төгүндөдү. Компаниянын жетекчиси Давлатшох Сурхаков "Озоди" менен болгон маегинде жыл сайын лабораторияларда 700 миңден 1 миллионго чейин акысыз медициналык анализ жүргүзүлө турганын айтты.

Кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?

Дабагерлердин даттануулары мамлекеттик мекеменин жеке компания менен өнөктөштүгү эмес, атаандаштыгы тууралуу кабар берет.

"Тез жардам" ооруканасынын башкы дабагери Бобохон Абдурахимзода Саламаттык сактоо министрлигиндеги 2022-жылдын 10-февралдагы маалымат жыйынында кол алдында иштегендердин "Бехдошти" ЖЧКсынын үстүнөн даттануусун "эч негизсиз" деп атады.

"Алар маалыматтары жок болгону үчүн кат жазышкан. Өз ара териштирүүдөн кийин дабагерлердин көпчүлүгү мурдагы жумуштарына кайтып келишти. Азыр эч кандай маселе жок", - деп билдирди башкы дабагер.

"Тез жардам" ооруканасынын нааразы болгон кызматкерлери өз чындыгынан кайтпай, жетекчилик "Бехдошти" ЖЧКсын компания Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык болгону үчүн коргоп жатат дешет.

Биздин айрым сукбатташтар Саламаттык сактоо министрлигиндеги маалымат жыйынында аталган тема боюнча сөз козголгондон кийин компания "Тез жардам" ооруканасындагы лабораториясына көбүрөөк көңүл бөлө баштаганын кабарлашты.

"Бехдошти" ЖЧКсынын лабораториялар желеси 2017-жылы негизделген жана ЖМКлардагы маалыматтар боюнча бөлөк да тармактарда кызмат көрсөтүп келе жаткан "Фароз" компаниясына (мунай базарындагы негизги оюнчулардын бирине) тиешелүү. 2019-жылы, жайдын аягында Тажикстандын көп тармактуу үстөмдүк кылуучу бизнес-холдингдеринин бири, экономика жаатындагы монополист "Фароз" компаниясы күтпөгөн жерден өзүн жоё турганын жарыя кылды.

Бирок өткөн жылдын аягындагы "Озодинин" иликтөөсүнөн белгилүү болгондой, бизнес-холдинг өз ишмердигин улантып жатат. 60тан ашуун ири жана чакан уюмдар менен ишканалар "Фарозго" таандык.

Тажикстандын бир катар шаарлары менен райондорунда тургундар "Бехдошти" лабораторияларын "Фароздун" лабораториялары" деп аташат.

2020-жылы апрелде борбордогу "Тез жардам" ооруканасынын лабораториясы он жылдык мөөнөткө "Бехдошти" ЖЧКсынын карамагына өткөрүлүп берилген. Тараптар кол койгон келишимде бүтүмдүн максаты лабораториянын материалдык-техникалык базасын жана инфратүзүмүн жакшыртуу жана адистерди өстүрүү болуп эсептелет деп айтылат. Бирок медициналык анализдердин сапатынын начардыгы жөнүндө догдурлардын даттануулары акыркы жылдарда лабораторияда эч кандай жакшыруу болбогондугунан кабар берет.

Тажикстандын саламаттык сактоо министри менен Дүйшөмбү шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы "Озодиге" жооп кылып, мамлекеттик медициналык мекемелердин лабораторияларын "Бехдошти" компаниясына өткөрүп берүүнү жактап чыгышты.

“Биз кайда кайрылбайлы, эч майнап чыкпады”

Атын ачык айтпаган "Тез жардам" ооруканасынын дабагерлеринин бири "Озоди" менен болгон маегинде догдурлар "Бехдошти" менен байланышкан маселелер тууралуу Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине кат жазышканын, бирок даттанууга эч кандай жооп болбогонун айтты.

Ал эми оорукананын башкы дабагери Бобохон Абдурахимзоданын ырасташынча, маселенин баары эчак чечилген.

«Фароз» компаниясынын расмий сайты
«Фароз» компаниясынын расмий сайты

Дүйшөмбү шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгында "Тез жардам" ооруканасынын дабагерлери "Бехдошти" ЖЧКсынын ишине нааразы экенин ырасташты.

Борбордук Саламаттык сактоо башкармалыгынын "Озоди" радиосунун дарегине жолдогон расмий жообунда "Дабагерлердин даттануулары медкызматкерлердин жана "Бехдоштинин" өкүлдөрүнүн катышуусунда каралып, эки жакка тең алгылыктуу чечим кабыл алынгандыгы" айтылат.

Бирок жыйынга катышкан дабагерлер "Озодиге" маселе ушул күнгө чейин чечиле электигин билдиришти. Ошол эле учурда башка медициналык мекемелер Саламаттык сактоо министрлигинин турумуна нааразы бойдон калышты.

"Министрлик жана анын түзүмдөрү "бөтөн" жеке компанияны эмес, өз көзөмөлүндөгү мамлекеттик медмекемелерди колдооого тийиш", - деп билдирди ден соолукту чыңдоо борборлорунун биринин атын ачык айткысы келбеген башкы дабагери.

“Дарт аныктоо тарифтери кескин көтөрүлдү”

"Тез жардам" ооруканасынын дабагерлери лабораторияны "Бехдошти" ЖЧКсынын карамагына өткөрүп бергенден кийин дарт аныктоо тарифтери кескин көтөрүлүп кеткенине даттанышууда.

"Маселен, кандын жалпы анализинин баасы (автоматтык түрдөгү гемоанализатор) Тажикстан өкмөтүнүн 600-номурлуу токтому менен 18 сомони өлчөмүндө аныкталган. Ал эми "Бехдошти" өз баасын 22 сомони өлчөмүндө белгиледи", - дейт биздин маектештердин бири.

Ал эми "Бехдоштинин" жооптуу кызматкерлери тарифтер Тажикстандын Монополияга каршы кызматы менен макулдашылганын билдиришти. Бул маалыматты Монополияга каршы кызматынын жетекчисинин орун басары Ширин Солехзод тастыктады.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери лабораторияларды "Бехдоштинин" карамагына өткөрүп бергенден кийин дартты аныктоонун баасы орто эсеп менен 22,5 пайызга жогорулаганын ырасташты. Ведомствонун башчысы Жамолиддин Абдуллозода да жеке медициналык мекемелердин тарифтери мамлекеттикинен айырмаланарын моюнга алды.

Жамолиддин Абдуллозода, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы
Жамолиддин Абдуллозода, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы

Биздин иликтөө көрсөткөндөй, рынокто жаңы жеке бейтапканалар пайда болгону менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасы арзандаган жок, тактап айтканда, "Бехдошти" ЖЧКсына караганда "Диамед" менен "Гемотесттеги" тарифтер атүгүл жогору.

“Даяр орундагы бизнес”

"Бехдошти" ЖЧКсы Дүйшөмбү шаарындагы ири медициналык борборлордо жана ден соолукту чыңдоочу борборлордо бекем орношкон. Тажикстандын эң ири жана заманбап медициналык борбору "Истиклол" ооруканасынын, Дүйшөмбү шаарынын №1 жугуштуу илдеттер ооруканасынын (1-Советтиктеги оорукана), Улуттук медициналык борбордун (Караболо) лабораториялары да компанияга таандык.

Дүйшөмбү шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы "Озодиге" берген жообунда учурда "Бехдошти" компаниясы менен шаардын алты ооруканасы жана 15 ден соолукту чыңдоочу борбор кызматташып жатканын билдирди.

Бирок компаниянын ишмердиги борбор менен эле чектелбейт. Согд жана Хатлон облустарынын саламаттык сактоо башкармалыктары жана айрым республикага баш ийген райондордун саламаттык сактоо бөлүмдөрү бардык мамлекеттик медициналык мекемелердин лабораториялары "Бехдошти" ЖЧКсынын карамагына өткөрүлүп берилгендигин ырасташты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө 1870 оорукана жана 2830 ден соолукту чыңдоочу борбор иштейт. 2018-жылдан баштап, бардык лабораториялар акырындык менен "Бехдоштиге" бериле баштаган. Догдурлардын сөзүнө караганда компания учурдагы мамлекеттик лабораториялардын "кожоюну" болуп калган. "Бехдоштинин" жетекчиси Давлатшох Сурхаков бардык лабораториялар компаниянын эсебинен оңдолуп, заманбап жабдуулар менен жабдылганын айтты. Анын сөзүнө караганда, компаниянын карамагында лабораториялардын беш пайызы гана бар, "Диамед", "Нурафзо" жана "Гемотест" компаниялары да өз лабораторияларына ээ. Жеке бейтапканалардын өкүлдөрү "Бехдошти" ЖЧКсынан айырмаланып, өз лабораторияларын өз каражаттарына куруп жабдышкандыгын билдирип келишет. Азыркы кезде:

  • “Диамеддин” 35,
  • “Гемотесттин” 15,
  • “Ахвардын” беш жана
  • “Нурафзонун” төрт лабораториясы бар.

Эгер Тажикстанда 4700 лаборатория бар экенин эске ала турган болсок (өлкөдөн ушундай эле санда оорукана менен бейтапкана иштейт), "Бехдошти" ЖЧКсы өз лабораторияларынын так саны тууралуу маалыматты жашырып келет жана "биздин лабораториялар өлкөдөгү медициналык лабораториялардын жалпы санынын 5 пайызын түзөт" деп ырасташканы, жумшак айтканда, чындыкка дал келбейт.

"Бехдошти" ЖЧКсы жыл сайын жүргүзүлүүчү медициналык анализдердин санын да купуя сактайт. Догдурлардын айтканына караганда, компания "Тез жардам" ооруканасынан эле февраль айында бейтаптардан 75 миң сомониге жакын алган.

"Истиклол" ооруканасы жана Улуттук медициналык борбор (Караболо) сыяктуу ири медмекемелерден "Тез жардам" ооруканасына караганда кыйла көп пайда табышат деп тастыкташты биздин маектештер.

"Тез жардам" ооруканасынын башкы дабагери Бобохон Абдурахимзода Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинде жакында болуп өткөн маалымат жыйынында "Бехдошти" ЖЧКсын өз лабораториясында иштеген догдурларга акча төлөп жаткандыгы үчүн мактады. Бирок дабагерлер "Озоди" үналгысы менен болгон маекте компания дабагерлерге бейтаптардан түшкөн акчанын 15 пайызын гана бере тургандыгын билдиришти.

Мисалга алсак, 2022-жылдын февраль айында түшкөн 76 миң сомониден догдурларга болгону 11 миң 713 сомони гана бөлүнгөн. Медкызматкерлердин бири лабораторияда 22 догдур иштей тургандыгын, алардын ар бирине орто эсеп менен 532 сомониден туура келерин маалымдады.

Айтмакчы, бөлөк жеке компаниялар анализдердин натыйжасында өздөрүнүн аталыштары менен эмблемаларын көрсөтүшсө, "Бехдошти" ЖЧКсынын лабораторияларынын анализдеринде алар жайгашкан ооруканалар менен ден соолукту чыңдоочу борборлордун аталыштары көрсөтүлөт. Балким, бул маалымат Тажикстандын салык комитетин кызыктырат чыгар.

Тажикстандын салык комитетинин имараты
Тажикстандын салык комитетинин имараты

Бирок Тажикстандын салык мекемесинин башчысы 8-июлдагы маалымат жыйынында "Озодинин" суроосуна жооп берип жатып, "Бехдошти" компаниясы бюджетке төккөн салыктын жалпы суммасын айткан жок.

Нусратулло Давлатзода "ЖЧК мыйзамда аныкталган салыктарды – КНС, киреше салыгы жана социалдык салыкты – бюджетке өз убагында төгүп турарын" гана белгиледи. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 2-июнуна чейинки мезгилде компаниянын салыктар боюнча карызы жок. Салык комитетинин төрагасы "Бехдошти" ЖЧКсы салык жеңилдиктери берилген уюмдардын тизмесине кирбей тургандыгын да айтты.

“Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн… чейин»

"Бехдошти" ЖЧКсынын бөлүмдөрү Тажикстандын бардык аймактарында түзүлгөн. Түшүнүксүз себептен улам №026 формасын берүү укугу да компанияга ыйгарылган. Санитардык-эпидемиологиялык ченемдер №026 форма ар кандай балдар мекемесине барардын алдында наристенин ден соолугун тастыктоо үчүн керектигин билдирет. Кайсы бир себептен улам мындай маалымкатты бергиси келбеген ата-энелер билим берүүчү мекеменин алдында өз укуктарын узак мезгилге коргоого жана чыр-чатактарга даяр болушу керек деп эскертишет дабагерлер.

Мурда биринчи класс окуучусунун мектепке кириши үчүн зарыл болгон №026 маалымкат борбордогу бейтапканаларда 5 сомони турчу. "Бехдошти" ЖЧКсы маалымкаттын баасын 80 сомониге чейин көтөрдү. Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда жылына 250 миң бала 1-класска барат. Компаниянын мындай маалымкаттарды берүүдөн тапкан кирешеси жыл сайын 20 млн. сомонини түзөт. 2019-жылы январь айында Тажикстан өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы кызмат "Фароз" компаниясы №026 формадагы медициналык маалымкаттын баасын аны менен макулдашпагандыгын билдирди.

"Бехдошти" ЖЧКсы 2017-жылы февралда негизделген жана "Фароз" компаниясына тиешелүү. Тажикстандын салык органдарында 0310018244 номуру менен катталган. ЖЧКнын юридикалык дареги борбордогу Фирдавси районунда орун алган. Бардык түзүмдөрү, анын ичинде "Фароздун" типографиясы да ошондо жайгашкан.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Түркмөнстан. Аваза. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу. 6-август, 2021-жыл.
Түркмөнстан. Аваза. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу. 6-август, 2021-жыл.

Чолпон-Ата шаарында өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Орусиянын жетегисиз жана анын катышуусуз өтө турган бул саммитте буга чейин бейтараптуулукту сактаган Түркмөнстан менен ар кандай саясий бирикмелерге кирүүдөн карманып келген Өзбекстандын аталган келишимге кошулары кабарланды. Бул - эл аралык геосаясий абал кыйчалыш болуп, чөлкөмдөгү үч өлкөдө кандуу окуялар болгондон кийин жана Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу өтүп жаткан кеңешме.

Чолпон-Ата саммити: мааниси жана камылгасы

Борбор Азияда тынчтыкты сактап, андагы беш өлкөнүн өз ара мамилесин чыңдоого багытталган мамлекет башчыларынын кезектеги кеңешмесин кыргыз мамлекети кабыл алганы турат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаары бир учурда беш президентти кабыл алууга камданып жатканын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмү кабарлады. Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесине келүүгө президенттердин бардыгы - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев макулдугун беришкен.

Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйында Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси караларын билдирди:

“Өлкө лидерлери аймактык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү болочогун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Азымбакиев.

Чолпон-Ата саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров айрым кошуна мамлекет башчылары менен жекече жолугушары да белгилүү болду.

Келишим шарты: ич ара кол салышпоо, сырткы күчкө чогуу каршы туруу

Бул саммиттин алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин" долбоору жарыяланды.

Бул документ Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин негиздемеси, казак өкмөтүнүн токтому, президенттин аталган макулдашууга кол коюу тууралуу жарлыгынын долбоору менен коштолгон.

Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкелинин ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 26-май, 2022-жыл.
Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкелинин ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 26-май, 2022-жыл.

“Геосаясий туруксуздуктун, эл аралык аренадагы чыңалуунун, глобалдык коопсуздуктун тобокелдиктери күчөгөн шартта Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну тереңдетүү Казакстан үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Чөлкөмдөгү кызматташууну өнүктүрүү максатында ишеничтүү мамилелерди түзүү, региондун өнүгүшүн камсыздоо, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле ар түрдүү эл аралык аянтчаларда аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн маселелерди алдыга жылдыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Буга чейинки кеңешмелерде аймактык жакындашуу жараяндары туруктуу мүнөзгө ээ болду. Чөлкөмдө конструктивдүү жана көп тараптуу саясий диалог түзүлдү”, - деп жазылган казак өкмөтүнүн түшүндүрмөсүндө.

Бул келишимдин негизги өзөгү ага кол койгон тараптар бири-бирине кол салып, күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу шарттарын ичине камтыйт. Документ ынак кошуналыкка, достукка негизделип, кызматташууну чыңдоого, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара ишенимди камсыздап, жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга багытталганы долбоордун түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн.

Жабык маалымат

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган келишим долбоорунун ага кол коё турган тараптардан макулдашуудан өткөнү тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат мекемесине кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Тышкы иштер министринин бир орун басары Динара Кемелова Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынын уюштурууга жооптуу башка орун басар Нуран Ниязалиев экенин айтып, ал өзү жалпы уюштурулуп жаткан саммит жана анда кабыл алына турган документтердин мазмуну боюнча маалымат бере албастыгын кошумчалады.

Түркмөнстандагы жолугушуу. Август, 2021-жыл.
Түркмөнстандагы жолугушуу. Август, 2021-жыл.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев саммитте кол коюла турган документтердин саясий мааниси тууралуу эмнеге маалымат ачык жарыяланбай жатканын минтип түшүндүрдү:

Нуран Ниязалиев, Кыргызстандын тышкы иштер министрининин биринчи орун басары.
Нуран Ниязалиев, Кыргызстандын тышкы иштер министрининин биринчи орун басары.

"Бул маселе тууралуу мен азыр эч кандай комментарий бере албайм. Бул президенттердин деңгээлинде болуп жаткан жолугушуу. Ошондуктан бул тууралуу маалыматтарды президенттик администрациядан ала аласыздар. Болбосо биздин басма сөз кызматка чалсаңыздар, ошол жактан кийин маалымат беришет. Буюрса, бир аз коё турсаңыз, маалымат болот го дейм. Сабырдуулук, чыдамдуулук деген болуш керек. Иш болсо жүрүп жатат. Бир аз чыдап туруңуздар, маалымат болот".

Саясат талдоочулардын баамында, бул саммитти уюштуруп жаткан тарапка Москвадан катуу басым болуп, ошондуктан кыргыз дипломаттары кол коюла турган документтер тууралуу кенен маалымат бере албай, этияттап жатышы ыктымал.

Москвадан этияттаган Борбор Азия жана Кавказ

Анткени азыркы эл аралык геосаясий абалда Кавказдагы жана Борбор Азиядагы Орусиянын жетегиндеги мамлекеттердин өз алдынча чөлкөмдүк бирикмелерге биригүүсү ансыз да эл аралык изоляцияда калган Москваны тынчсыздандырбай койбойт дешет саясат талдоочулар.

Кавказда Азербайжан менен Грузия, ал эми Борбор Азияда Өзбекстан менен Казакстан Орусиядан көз каранды болбогон, ийкемдүү, бирок этият тышкы саясатты жүргүзүүгө умтулуп, ошол эле кезде Москва менен мамилесин бузгусу келбей турганы буга чейин жетекчилердин позицияларынан белгилүү болгон.

Саясат талдоочу Марс Сариев Кавказ менен Борбор Азиядагы соңку геосаясий өзгөрүүлөргө төмөндөгүдөй баа берди:

Марс Сариев, саясий илимдер боюнча адис.
Марс Сариев, саясий илимдер боюнча адис.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бардыгы биригип, чөлкөмдүн жалпы кызыкчылыгын коргоо үчүн аракеттенип жатышат. Сейрек кездешчү көрүнүш. Борбор Азия лидерлери "Чоң аганын" - Орусиянын катышуусу жок, өз алдынча чогулуп жатышат. Анан калса Кавказда дагы башкача тенденция башталды. Армения тышкы саясатын таптакыр өзгөртүп, Түркия жана Азербайжан менен мамилесин оңдоп, бардыгы Грузия менен биргеликте чөлкөмдө биригүү жана жакындашуу демилгесин баштап жатышат. Ошентип азыр Кавказда дагы, Борбор Азияда дагы чөлкөмдүк уюмдар пайда болуп жатат. Бул аймактарда мына ушундай тенденция башталды. Азыр Кавказ менен Борбор Азиядагы негизги мамлекеттер Орусиядан алыстап жатышат. Бул нерсени албетте, Орусия жактырбайт. Бирок анын басым көрсөтүү "рычагдары" азайып баратат. Аны өзү деле түшүнүп жатат. Бирок ушундай учур биздин чөлкөм үчүн опурталдуу", - дейт саясат талдоочу Сариев.


Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаңы союздаштык келишиминде аскердик, соода-экономикалык, логистикалык багытта, маданий-гуманитардык, жарандык коргонуу, энергетика жана туризм тармактарында өз ара кызматташууну арттыруу шарттары каралган. Анда өз ара ишенимди камсыздоо, кызматташууну тереңдетүү, дүйнөлүк коомчулук менен оптималдуу мамиле түзүү аркылуу азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына чогуу каршы туруу милдеттери камтылган. Борбор Азия мамлекет башчыларынын бул жолку кездешүүсү Орусия Украинага кол салгандан берки жогорку деңгээлде өтүп жаткан биринчи жыйын.

Ишке ашпай келген демилге

Мурдагы тышкы иштер министри Данияр Сыдыков Борбор Азия ынтымагын чыңдоо демилгеси кечээ эле пайда болбогонун айтып, ал бир топ жылдан бери кеңешме жолугушууларды уюштуруу демилгеси башталган күндөн бери келе жатканына токтолду:

"Буга чейин эле Борбор Азиянын беш мамлекети биригип туруп, ар кандай көйгөйлөрдү чогуу чечүү максатында биргеликте кадам таштайбыз деген ниеттен улам алгачкы жолу Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын кеңешме жолугушуусу башталган. Андан соң ал Ташкент шаарында өттү. Кийинкиси Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок Кыргызстандагы ички маселелерге, андан кийин президенттик жана парламенттик шайлоого байланыштуу улам артка жылды. Ошондуктан кезектеги кеңешме-жолугушууну өткөрүү былтыр Түркмөнстанга тапшырылып, ошол жакта уюштурулду. Ошентип, эми гана кезек бизге келди. Бул саммитти өткөрүү - тарыхый иш-чара. Президенттер өз ара сүйлөшүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алса, биздин чөлкөмдөгү көп көйгөйлөрдү ийри отуруп, түз чечүүгө жол ачылат. Мунун соода-экономикалык, инвестициялык жана коопсуздукту чыңдоо жагынан дагы пайдасы чоң", - деди мурдагы башкы дипломат Сыдыков.

КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ баштаган бир катар саясий жана экономикалык уюмдарда Орусия менен союздаш Кавказ менен Борбор Азия мамлекеттери үчүн орус-украин согушу чоң сыноолорду жаратты. Анын ичинде тышкы саясатта согушка карата мамилеси, согуштан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар Борбор Азия өлкөлөрүндө да сезиле баштады.


Чолпон-Атада 20-21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин бул жыйыны үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салуусунун алкагындагы алгачкы кеңешме. Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары былтыр 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстанда жолуккан. Андагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кызматташтыктын “Жол картасын” иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасы өткөн 30 жыл аралыгында бирде бекемделсе, көпчүлүк учурда өз ара кызыкчылыктардын талашынан улам солгундап турду. Анда аймактын өлкөлөрү газ берүүнү токтотуу же чек араларын жаап салуу аркылуу бири-бирине басым жасап, кыр көрсөткөн учурлар да болгон.

Кошуна мамлекет башчылары ачык кайым айтышкандын айынан жолугушуулары да азайып кеткен. Борбор Азия лидерлеринин августта Авазадагы (Түркмөнстан) жолугушуусу – мындай форматта өткөн үчүнчү кездешүү болду. Бул иш-чара 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырылып, аны өткөрүүнү Түркмөнстан өзүнө алган. Буга чейин мындай кеңешме жолугушуулар 2018-жылы Нур-Султанда, 2019-жылы Ташкентте өткөн. Бул кеңешме 2005-жылы жоюлган Борбор Азия кызматташтык уюмунан кийин Орусиянын катышуусуз өткөн алгачкы жолугушуу катары каралды.

1990-жылдардан кийин Борбор Азияда биримдик маселеси көтөрүлүп, штаб-кеңсеси Ташкент шаарында жайгашкан аймактык кызматташтык уюму негизделген. Бир нече убакыттан соң бул уюмдун курамына Орусия кошулгандан кийин анын иши токтотулган Москва өзү бул уюмга киргенден кийин ЕврАзЭШ – Евразиялык экономикалык шериктештик уюму деген негизделип, буга байланыштуу Борбор Азия кызматташтык уюму жоюлган болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG