Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Борбор Азия

Хужамри Пирназаров жана Шафтолу Бекдавлатов
Хужамри Пирназаров жана Шафтолу Бекдавлатов

Тажикстанда “Комиссия 44” кыймылынын эки мүчөсү 18 жылга эркинен ажыратылды.

Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатовдун үстүнөн мындай өкүмдү Дүйшөмбү шаардык соту 29-июнда чыгарды.

Аларга “уруксат берилбеген митинг уюштурган” деген айып коюлганын санаалаштары билдирүүдө. Бирок сот дагы, прокуратура дагы азырынча комментарий бере элек. Аталган кыймылды Тоолуу Бадахшандагы окуяларды иликтөө максатында жарандык коомдун өкүлдөрү түзгөн.

Пирназаров менен Бекдавлатовдун 18 жылга камалганы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы – “Озоди” радиосуна Хорогдон активисттер 30-июнда кабарлашты. Алардын айтымында, апта башында прокурор экөөнү 20 жылга эркинен ажыратууну сураган.

“Комиссия 44” кыймылы Хорогдо 2021-жылдын ноябрында митингдерден кийин аймактагы абалды борбордук бийлик менен бирге жөнгө салуу үчүн түзүлгөн. Ал окуяларды иликтеген Башкы жана Аскердик прокуратуралардын тергөө тобунун курамына “Комиссия 44” тобунан алты киши кирген.

Аймакта кырдаал былтыр 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн операциясында Рошткала районунун тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Облустук акимчиликтин имаратынын жанына чогулгандардын төрт күн бою уланган нааразылык акциясында дагы эки адам каза болуп, 17си жараат алган.

Чогулган эл бийлик Зиёбековдун өлүмүн иликтеп, митингчилерди жоопко тартпоону убада кылгандан кийин гана тараган.

Быйыл 14-майда Хорог шаарында жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция” баштаганын маалымдап, “сегиз жоочу жок кылынганын, он бири жарадар болгонун” маалымдаган. Жүздөн ашуун адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан да көп экенин айтышат. Ошол күндөрү аймакта интернет байланышы өчүрүлгөн.

31-майда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын дагы беш тургуну өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

“Комиссия 44” кыймылынын он чакты мүчөсү май айынын соңунда Хорогдогу коопсуздук күчтөрүнүн операциясынан кийин кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген. Алар чет элде жашаган оппозиция өкүлдөрүнөн акча алган деп шек саналып жатканы айтылган. Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатовдун ишинде бул айыптар бар же жок экени белгисиз.

Кыймылдын мүчөлөрү чет өлкөлөрдөн жана уюмдардан колдоо болбогонун билдирип, сыртта жашаган бадахшандык мигранттар гана жардам көрсөтүп жатканын айтышкан.

Бийлик камалгандардын жакындарын жана көз карандысыз журналисттерди сот отурумдарына киргизбегендиктен, иштин чоо-жайы бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Тоолуу Бадахшанда интернет жана телефон байланышы июндун соңунда гана калыбына келтириле баштаганы кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгү да камтамачылыгын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы окуялар тууралуу биринчи жолу 18-июнда үн каткан. Ал Хатлон облусунун Дангара районунда жергиликтүү эл менен жолугушкан учурда бул темага кайрылып, башаламандыктарга автономдук облустагы “чакан топторду” айыптаган жана чөлкөмдүн жайкын тургундары “күнөөлүү эмес” деген.

Рахмон Тоолуу Бадахшандагы окуялар үчүн "Ислам кайра жаралуу" партиясын күнөөлөп, ок атуу буйругун өзү бергенин билдирген.

"Ислам кайра жаралуу" партиясы террористтик уюмдардын катарына 2015-жылы кошулуп, ишмердигине тыюу салынган. Ошондон бери бир катар лидерлери, мүчөлөрү кармалып соттолгон.

Украина: Кременчугдун эли аза күтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:11 0:00

Орусиянын күчтөрү Донбасстагы Лисичанск шаарын туш келди аткылап жатат. Украинанын бийлиги кырдаалды “өтө оор” деп сыпатташууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG