Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:21

Борбор Азия

Казакстандын теңгеси менен АКШ долларынын сүрөттөрү.
Казакстандын теңгеси менен АКШ долларынын сүрөттөрү.

Казакстанда Касым-Жомарт Токаев түзгөн атайын комиссия 480 миллион доллар өлкөгө кайтарылганын маалымдады. “Кылмыштуу кирешеден алынган деген белгилери бар” бул иштерди Башкы прокуратура иликтеп жатканы маалым болду.

Жээнден "келген" акча

Фактылар боюнча биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалды, анын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды, экс-президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев, экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаева менен байланышкан “Оператор РОП” компаниясынын жетекчилери шек саналууда.

"Антикоррупциялык кызмат тергеген иш боюнча айыпталуучулар Люксембургдан 170 миллион долларды өз ыктыяры менен өлкөгө кайтарып беришкен. Тергөө органы билдиргендей, "Казактелеком", "Транспорттук тейлөө борбору" компаниялары жана башкалардын мүлкүн уурдоо боюнча 36 миллиард теңгеге жакын чыгым кайтарылган".

Солдон оңго: Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева, агасы Болот Назарбаев, улуу кызы Дарига Назарбаева жана жээни Кайрат Сатыбалды.
Солдон оңго: Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева, агасы Болот Назарбаев, улуу кызы Дарига Назарбаева жана жээни Кайрат Сатыбалды.

Мекемелер аралык комиссия мындан сырткары “Казактелеком”, “Транспорттук сервис борбору”, “Акмолит” компанияларындагы 200 млрд. теңгелик акциялар жана каражаттар мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Белгилей кетсек, былтыр “Азаттык” радиосунун казак кызматынын иликтөөсүндө Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды Люксембургдун LRB реестринин маалыматы боюнча Skyline Investment Company S.A. оффшордук фирмасынын жалгыз негиздөөчүсү экенин билдирген.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, 2016-жылы Сатыбалды "Алатау Капитал Инвест" компаниясы аркылуу "Казактелекомдун" төрт пайызга жетпеген акциясына ээ болгон.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Казакстандын өкмөтү “Казактелекомдун” 28,8 пайыз акциясын мамлекеттин менчигине кайтаруу чечимин кабыл алган.

Мындай чечим Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана "Казактелекомдун" каражатын ири өлчөмдө уурдаган" деген шек менен камакка алынгандан бир нече жума өткөндөн кийин жарыяланган. Май айынын башында “Самрук-Казына” фонду Кайрат Сатыбалды бул акцияларды өкмөткө “берүүгө даяр” жана акциялардын үлүшүн өкмөт өзү чечерин билдирген.

Кичүү кыздын байлыгы

Комиссия “Оператор РОП” компаниясынын ишинде 180 миллиард теңгеге жакын акчанын уурдалышына бөгөт коюлганын жарыялады.

Алия Назарбаева.
Алия Назарбаева.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында президент Касым-Жомарт Токаев бул компаниянын ишин токтотуп, таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүүнү мамлекеттик мекемеге өткөрүп берүүгө тапшырма берген.

"Оператор РОП" компаниясынын ишин токтотуп, таштандыларды кайра иштетүү акысын башкаруу 19-январдан тарта өкмөттүн токтому менен "Жашыл Даму" мамлекеттик акционердик коомуна өткөрүлгөн.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия менен байланышы бар экени айтылган бул компания 2015-жылы түптөлгөн.

"Оператор РОП" эски автоунаалардын жараксыз тетиктерин, иштетилген майлардын калдыгын чогултканы жана кайра иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм алып турчу.

Куда кайтарган каражат

Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги Кайрат Боранбаевге козголгон ишти иликтөөнүн жүрүшүндө "КазМунайГаз" улуттук компаниясына болжол менен 11,3 миллиард теңге чыгымды кайтарып бергенин кабарлады.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат.

Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Токаев четке чыккан акчаны кайтарууга бел байлады

Ал эми Гонконг жана Бириккен Араб Эмирликтеринен Коопсуздук кыматынын экс-жетекчилери менен кызматкерлерине козголгон иш боюнча 3 миллионго жакын доллар (1,44 миллиард теңге) Казакстандын казынасына кайтарылганы белгилүү болду. Атайын комиссия иштин чоо-жайын ачык айткан жок.

Муну менен катар Токаев түзгөн комиссия 30 миллиард теңгеге бааланган имараттарды мамлекеттин менчигине кайтаруу пландалып жатканын билдирди. Комиссиянын маалыматы боюнча, 332 темир жол мамлекетке кайтарылган. Буга чейин бир эле жеке фирма 629 темир жолду бекер алган. Бирок фирманын аты айтылган эмес. Билдирүүдө 12 миллиард теңгеге бааланган “Казакстан” санаторийин мамлекетке кайтаруу, Алматынын экс-мэри Виктор Храпуновдун Чыгыш Казакстанда жайгашкан сегиз жер тилкесин конфискациялоо ниети айтылат.

Касым-Жомарт Токаев. 26-май. Бишкек.
Касым-Жомарт Токаев. 26-май. Бишкек.

Президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү комиссия түзгөнү тууралуу маалыматты бийлик 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жаткан кезде тараткан. Ак ордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт. Комиссиянын биринчи отуруму 10-июнда Токаевдин жетекчилиги менен өткөн.

Буга чейин Токаев өлкөнүн байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алган адамдардын тар чөйрөсү тууралуу бир нече жолу айткан. Ал өлкөнүн экономикалык ресурстары айрым бай адамдардын колуна өтүп, аларга ашыкча жеңилдиктерди берген мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып келет.

Кандуу Январь окуяларынан бир ай өткөндөн кийин казак Мажилисинин депутаттары соңку 25 жылда Казакстандан чет элдик офшорлорго 140-160 миллиард долларга жакын акча чыгарылып кеткенин билдирген. Айрым эксперттер өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган акчанын көлөмү мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Ошол эле учурда президент Токаев негизги максат “сотко түшкөн кылмыш иштеринин саны эмес, экономиканы калыбына келтирүү” экенин айтып жүрөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG