Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Борбор Азия

Sorry! No content for 31 Июль. See content from before

ишемби 30 Июль 2022

Орусияны кыйгап өтчү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

20 жылдан бери башталбай келаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору ордунан жылгансыды. Борбор Азия мамлекеттери ага старт берүүгө даяр, курулушка бир-эки жылда киришерин билдирүүдө. Бирок азырынча долбоордун көп маселелери чечиле элек. "Азаттыктын" атайын эксплейнеринде кеп болот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов. Чолпон-Ата шаары. 28-июль, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов. Чолпон-Ата шаары. 28-июль, 2022-жыл.

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарандары Украинада орус армиясына каршы согушуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Ал Кыргызстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга жасаган иш сапарынын баарында бул маселени көтөрдү. Украинадагы согушта эки тарапта тең Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары курал алып, согуштук операцияларга аралашып жаткан фактылар бар. Аларга өз өлкөсүндө бул аракети үчүн жоопко тартыларын укук коргоо органдары эскерткен.

Красновдун КМШ өлкөлөрүнө нааразылыгы

Ушул аптада Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Борбор Азиядагы мамлекеттердин айрымдарына иш сапары менен барып, 26-июлда Тажикстанда болду. Ал Дүйшөмбү шаарында тажик башкы прокурору Юсуф Рахмон менен кездешүүдө Украинага жалданма согушкерлерди тартуу жана курал-жарак менен жабдуу КМШга мүчө өлкөлөр үчүн коркунуч жаратарын айтты.

Ошондой эле Орусияга дос деп саналган өнөктөш мамлекеттердин, деги эле КМШ жарандарынын Украина тарапта согушуп жатканына нааразы болуп, муну “кооптуу белги” катары баалады. Красновду ошол эле күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

Шаршемби күнү Игорь Краснов Түркмөнстанга барып, бул өлкөдө да Украинадагы согуш, анын кесепети тууралуу сөз кылды.

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары. 26-июль, 2022-жыл
Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары. 26-июль, 2022-жыл

Ал эми 28-июлда Кыргызстанга келип, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев менен жолукту. Кыргыз тарап эки өлкөнүн башкы прокурорлору кызматташуунун биргелешкен планын кабыл алганын, терроризмге, диний экстремизмге, коррупцияга каршы биргелешип күрөшүү тууралуу пикир алмашканы кабарланды.

“Россия 24” телеканалы Игорь Краснов Кыргызстанда Курманкул Зулушев менен жолугушууда да Украина темасын көтөргөнүн билдирди.

“Киев режими Донбасстын тургундарын жок кылуу фактылары боюнча Орусияда миңден ашык кылмыш иши тергелип жатат. Карапайым элди өлтүргөн окуялар буга чейин аныкталган. Мындай кылмыштар дагы деле жасалууда. Анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн жалданма аскерлеринин катышуусунда курал-жарактардын жана ок-дарылардын дээрлик көзөмөлсүз жүгүртүүсү байкалууда. Алардын көбү кара базарга чыга баштады”.

Игорь Краснов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолукту. Ал барган үч мамлекет тең Украина тууралуу маселе көтөрүлгөнү тууралуу маалымат тараткан жок.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

“Орус башкы прокуронун сөзү орунсуз”

Украинадагы согушта Орусия, Украина тарапта тең чет элдиктер, анын ичинде борбор азиялыктар курал кармап, согуштук операцияларга аралашып жатканы маалым.

Кыргызстандык саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз бийлиги Украинадагы согуш тууралуу позициясын буга чейин ачык билдиргенин эске салып, Игорь Красновдун сөзүн орунсуз деп сыпаттады.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

“Бир өлкөнүн башкы прокурору эгемен мамлекетке келип мындай билдирүү жасаганы жакшы эмес. Биз аны Кыргызстандын, Тажикстандын ички ишине кийлигишүү деп бааласак да болот. Албетте, биз Орусия менен тыгыз мамиледебиз. Бирок көз карандысыз өлкө катары кайсы бир иштерде өз алдынча боло алабызбы, эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин чеги кандай болуш керек деген суроону коюш керек болуп калды”.

Москва Украинага кол салгандан көп өтпөй Киев украин армиясынын алкагында Эл аралык легион түзгөн. Согуш башталгандан кийин бул легионго кошулуп, Украинаны коргоо ниетин дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн он миңдеген адамдар билдирген. Алардын канчасы легионго келип кошулганы белгисиз. Украин бийлиги бул ыктыярчыларды жалданма аскерлер деп атоого болбой турганын, алар украин армиясынын бир бөлүгү экенин белгилеп келет.

“Бийлик Кыргызстандын жана биздин жарандыктан чыккан адамдар Орусия тарапта да, Украина тарапта да согушкан учурлар бар. Биз бул маселеде бейтарап экенибизди билдиргенбиз. Экинчиден, Кыргызстандын жарандары башка мамлекеттердеги согушка катышса жоопко тартылат. Бул Орусия тарапта согушуп аткан адамдарга да тиешелүү деп жооп бериш керек. Бул бир караганда майда маселе болуп сезилгени менен чоң көйгөй. Анткени Орусиянын айткан-дегени менен жетеленип кетсек биз Орусиянын позициясын колдоп жаткандай кабыл алынып калат”, - деп кошумчалады Жороев.

Украинадагы согушка катышкан борбор азиялыктар

Украин армиясында ыктыярчы болуп, майдан чегинде жүргөндөрдүн арасында кыргызстандык Дайырбек Кубаныч уулу (аты-жөнү өзгөртүлдү) да бар. Ал Киевде чачтарач болуп иштеп жүргөндө кокусунан согуш башталып кетип, ошол жерде калып калганын май айында “Азаттыкка” маегинде айтып берген.

Бул маекти улай Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык бир жаранга кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеме ал Орусия Украинага кол салгандан кийин аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганын, шектүү өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы согушту чагылдырган сүрөт жана видеолорду бөлүшүп турганын кабарлаган. Бирок аты-жөнүн ачык жарыялаган эмес.

Кыргызстандын мыйзамдары кыргыз жарандарынын башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышууга тыюу салат. Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Июнь айында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети да украин армиясынын катарында согушуп жаткан казак жараны Жасулан Дүйсембинге кылмыш ишин козгогон. Казакстандын Аркалык шаарынан чыккан Дүйсембин мекенине келсе, беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал июнь айында “Азаттыктын” казак кызматына маек куруп, эмне үчүн урушка аралашканын түшүндүрүп берген.

“Орусия Украинаны коркутуп-үркүтүп, опузалап жатат. Бир нерсе болуп кетип, балдарым жабыркап калбаса экен дейм. Аларда украиндердин да каны бар. Аларды коргоо - менин милдетим. Ошондуктан бул жерде жүрөм. Жалданмачылык тууралуу берене бар экенин билем. Ага алдамчылык беренелерин да кошуп коюшат. Анонимдүү баракчалардан көп коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Мен кайда баратканымды баштан бери эле билгем. Бул жакка келатканда артка жол жок экенин түшүнгөм. Мен Казакстанга кайтып барам деп пландайм. Бирок ушунча согуштан аман калып, Казакстанга баргандан кийин түрмөгө түшүп, жок болуп кетүү акылмандыкка жатпаса керек”, - деди Жасулан Дуйсембин.

Өз кезегинде Орусия да “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын, Чеченстандагы Кадыровдун жалданма аскерлерин, сириялык жалданмаларды майданга тартканы маалым болгон. Мындай топтор акыркы күндөрү ачык эле “Ыктыярдуу батальондорду” түзүп, көп каражат сунуштап, Борбор Азиядагы жарандарды, Орусиядагы мигранттарды да согушка тартып жатканы талкууга түштү.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

“Орусиянын башкы прокурору билдирүү кылгандан кийин так фактыларды бериши керек. Ошол эле кезде Орусиянын армиясында биздин жарандар да жүрөт. Бирок аларды текшере келгенде айрымдарынан Кыргызстандын да, Орусиянын да жарандыгы чыгат. Ошондуктан ушул жагын да ирээттеп алышыбыз керек. Согушта ыктыярчыларды колдонгон буга чейин да болуп келген. Орусия өзү “ЧВК Вагнер” деп түзүп алып согушка канча деген кишини тартып атат”, - деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбеков.

Украинада согуш башталгандан бери Орусия тарапта согушуп жатып, Кыргызстандын эки жараны жана теги кыргызстандык, кийин Орусиянын жарандыгын алган үч кыргызстандык каза болгону такталды.

Борбор Азия өлкөлөрүндө украин тарапка кошулган жарандарга кылмыш иштери козголгону менен орус армиясынын катарында согушкан адамдарды жоопко тартуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканы белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG