Ушул күндөрү Франциянын Везуль шаарында тажик тасмаларына өзгөчө басым жасалган Азиялык филмдер фестивалы өтүп жатат. Мурдатан кыргыз, казак тасмалары да көрсөтүлүп келген бул франциялык ири кароодо быйыл башкы сыйлыкка коюлган фильмдердин арасында Кыргызстандан "Боз салкын" да бар.
Бүгүн Президент Курманбек Бакиев “2008-жылды - Чыңгыз Айтматовдун Жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Атактуу кыргыз жазуучусунун улуттук жана дүйнөлүк маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле көп тараптуу үзүрлүү коомдук-саясий ишин эске алып, мамлекет башчы ушундай деген чечим кабыл алды. Ошондой эле Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Уюштуруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуусу тапшырылды. Ошондой эле Өкмөткө мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды табуусу тапшырылды.
Тоолуктар жердин кайсы жеринде болсо да оңой тил табышат. Буга ушул күндөрү АКШнын тоолуу штаттарында гастролдо жүргөн көлдүк "Кут" тобунун шайырлары өздөрү күбө болушууда. Ата-энеси, үч өспүрүм уулу кирген, Бөкөнбаев айлынан чыккан бул топ АКШнын түпкүлүктүү эли болгон индеецтер менен да табышып, "жер каймактаган замандарда үзүлүп калган байланыштарды канткенде калыбына келтиребиз?" деп баарлашып жатышат.Көлдүк "Кут" тобунун Америкадагы сапары тууралуу Юта штатынын Валлей университетинин профессору Бакыт Абдрисаев кабарчыбызга айтып берди.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, таанымал обончу-ырчы жана аткаруучу Аксуубай Атабаевдин чыгармачылыгы, тагдыры тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.
Элен Куленбекова, Прага Ооганстанда он жылдап созулган согуш өлкөнүн байыркы тарыхый мурасынын таш талканын чыгаргандай эле кылды. Өлкөдөгү тарыхый жактан баалуу көптөгөн маданий мурастар кыйрандылар астында калды. Анткен менен учурда мекенинен тыш жүргөн бир оогандык урандылардан миңге жакын тарыхый экспонаттардан турган өз коллекциясын топтогон. Бул экспонаттардын кээ бири өзүнө миң жылдык тарыхты да камтыйт экен. Бирок Ооганстандын өзүндө бул табылгаларды элге алып чыгуу жана аларды жайгаштыруу үчүн жаңыдан музей куруу демилгеси азыр тоскоолдука кептелип турат. Себеби өлкөнүн маалымат жана маданият министри буга уруксат бербей жатат.
АКШда Киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин аты аталды. Бул окуяга байланыштуу кыргыздын белгилүү режиссеру Эрнест Абдыжапаров “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, ой-пикир бөлүштү.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюшулганынын 10 жылдык мааракесине карата “Кыргыз тили” аттуу гезит, бакчадагы балдар үчүн кыргызча китеп жана Константин Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизинде элктрондук сөздүктүн компакт-диски чыгууда. Бирок, дале мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө канааттанбаган пикирлер бар.
Атактуу кыргыз жазуучусунун “Тоолор кулаганда” чыгармасынын түрк тилине которулган китебинин бет ачаары бүгүн Бишкекте “Бефа” борборунда болду. Ага Чыңгыз Айтматов өзү катышып, окурмандардын суроолоруна жооп берип, ой-пикир алышты. Жазуучунун өзүнүн айтымында, анын “Тоолор кулаганда” романын орус тилинен түрк тилине Түркияда жашаган кыргыз улутундагы жердеши Гүзел Сарыгүл которгон. Романдын түркчө котормосу китеп болуп “Да” журналынын редакциясынын алдындагы "Ушук Китеп" басма үйү тарабынан он миң нускада чыгарылган. Чыңгыз Айтматов быйыл 80 жашка карады. Ошого байланыштуу Кыргызстандын Маданият министрлиги 2008-жылды Айтматов жылы деп жарыялоо жөнүндө демилге көтөргөн. (KCh)
Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчисинин кийинки жары өз башынан өткөргөн окуяларды Лондон сахнасына алып чыкты. Надира Алиеванын автордук спектаклинде анын маң заттарына берилген атасы, ажынын зордуктоосу, Ташкендин түнкү клубунда стриптиз бийин бийлеген кези, элчи Крейг Мюррейге жолукканы жана кийин Лондонго көчүп келгени чагылдырылат. «Азаттыкка» берген маегинде Алиева бул спектакл менен өзү тууралуу түшүнүктү өзгөрткүсү келгендигин бышыктады.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурунку журт башчы Сапармурат Ниязовдун айрым аша чаап, элди айран таң калдырган чечимдерин жокко чыгарып келатат. Ошондой эски катаны оңдоо аракетинин соңкусу - Бердымухаммедовдун опера жана балет театрын кайра ачып, цирк, кинотеатрларды калыбына келтирүү чечими болду.
Азыркы угуучулардын арасына “экинчи Рыспай” деген атка конгон жаш ырчы-аткаруучу, обончу, Республиканын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Таалай Иманкулов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
Өткөн жылы декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылып, жайында сүрөтчүлөр тобу тарткан эмгектери адистердин көңүлүн бурган. Ошол “Кошой-коргон” көргөзмөсүнө коюлган чыгармаларды иргеп Нарын искусство галареясы түстүү китеп чыгарды.
Дагы жүктөңүз