Кыргыз Республикасынын эл артисти, таанымал обончу-ырчы жана аткаруучу Аксуубай Атабаевдин чыгармачылыгы, тагдыры тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.
Элен Куленбекова, Прага Ооганстанда он жылдап созулган согуш өлкөнүн байыркы тарыхый мурасынын таш талканын чыгаргандай эле кылды. Өлкөдөгү тарыхый жактан баалуу көптөгөн маданий мурастар кыйрандылар астында калды. Анткен менен учурда мекенинен тыш жүргөн бир оогандык урандылардан миңге жакын тарыхый экспонаттардан турган өз коллекциясын топтогон. Бул экспонаттардын кээ бири өзүнө миң жылдык тарыхты да камтыйт экен. Бирок Ооганстандын өзүндө бул табылгаларды элге алып чыгуу жана аларды жайгаштыруу үчүн жаңыдан музей куруу демилгеси азыр тоскоолдука кептелип турат. Себеби өлкөнүн маалымат жана маданият министри буга уруксат бербей жатат.
АКШда Киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин аты аталды. Бул окуяга байланыштуу кыргыздын белгилүү режиссеру Эрнест Абдыжапаров “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, ой-пикир бөлүштү.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюшулганынын 10 жылдык мааракесине карата “Кыргыз тили” аттуу гезит, бакчадагы балдар үчүн кыргызча китеп жана Константин Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизинде элктрондук сөздүктүн компакт-диски чыгууда. Бирок, дале мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө канааттанбаган пикирлер бар.
Атактуу кыргыз жазуучусунун “Тоолор кулаганда” чыгармасынын түрк тилине которулган китебинин бет ачаары бүгүн Бишкекте “Бефа” борборунда болду. Ага Чыңгыз Айтматов өзү катышып, окурмандардын суроолоруна жооп берип, ой-пикир алышты. Жазуучунун өзүнүн айтымында, анын “Тоолор кулаганда” романын орус тилинен түрк тилине Түркияда жашаган кыргыз улутундагы жердеши Гүзел Сарыгүл которгон. Романдын түркчө котормосу китеп болуп “Да” журналынын редакциясынын алдындагы "Ушук Китеп" басма үйү тарабынан он миң нускада чыгарылган. Чыңгыз Айтматов быйыл 80 жашка карады. Ошого байланыштуу Кыргызстандын Маданият министрлиги 2008-жылды Айтматов жылы деп жарыялоо жөнүндө демилге көтөргөн. (KCh)
Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчисинин кийинки жары өз башынан өткөргөн окуяларды Лондон сахнасына алып чыкты. Надира Алиеванын автордук спектаклинде анын маң заттарына берилген атасы, ажынын зордуктоосу, Ташкендин түнкү клубунда стриптиз бийин бийлеген кези, элчи Крейг Мюррейге жолукканы жана кийин Лондонго көчүп келгени чагылдырылат. «Азаттыкка» берген маегинде Алиева бул спектакл менен өзү тууралуу түшүнүктү өзгөрткүсү келгендигин бышыктады.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурунку журт башчы Сапармурат Ниязовдун айрым аша чаап, элди айран таң калдырган чечимдерин жокко чыгарып келатат. Ошондой эски катаны оңдоо аракетинин соңкусу - Бердымухаммедовдун опера жана балет театрын кайра ачып, цирк, кинотеатрларды калыбына келтирүү чечими болду.
Азыркы угуучулардын арасына “экинчи Рыспай” деген атка конгон жаш ырчы-аткаруучу, обончу, Республиканын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Таалай Иманкулов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
Өткөн жылы декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылып, жайында сүрөтчүлөр тобу тарткан эмгектери адистердин көңүлүн бурган. Ошол “Кошой-коргон” көргөзмөсүнө коюлган чыгармаларды иргеп Нарын искусство галареясы түстүү китеп чыгарды.
Бир топ жылдардан бери Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык белгилүү режиссер Нурбек Эген ушул жылы ири кино долбоорунун үстүндө ишти баштаганы турат. Бул тууралуу ал кабарчыбыз Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди. “Манастын төрөлүшүн утурлай” деп аталчу болочок-фильмде 90-жылдардан берки азыркы күнгө чейин болгон маанилүү тарыхый окуялар кыргызстандыктардын тагдырына кандай таасир эткени тууралуу айтылат. Ал окуяларды режиссер 10 адамдын тагдырын сүрөттөө менен берүүнү көздөп жатканын билдирди. Нурбек Эген өз сөзүн алдыда тартылышы күтүлүп жаткан фильмдин маани-мазмуну, аны тартуудагы максаты тууралуу кеп менен баштады.
Алайдын Будалык айылынан чыккан белгилүү комузчу-аткаруучу, күүчү Жумаш Куттубаев 75 жашка келди. Кутман курактагы карыя шайырдын чыгармачылык тагдыры, аткаруучулук чеберчилиги элдик ыр өнөрүнүн күйөрмандарын эч убакта кайдыгер калтырган эмес.
Маданият министрлиги 2008-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялоо жөнүндө демилге менен чыкты. Атактуу кыргыз жазуучусу быйыл сексен жашка толот. Жаңы демилгенин артында кандай иштер турганын “Азаттыкка” Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев айтып берди.
Дагы жүктөңүз