Маданият министрлиги 2007-жылы маданият тармагында 100 долбоорду ишке ашыруу демилгеси менен чыккан эле. Бул аракеттен кандай натыйжа болгондугу тууралуу кызыгып, “Азаттык” маданият министри Султан Раевди кепке чакырган болчу.
Гүлайым Ашакеева, Азаттык, Прага Ар бир эле майрамды тосуунун өзгөчө бир салттары бар эмеспию 31-декабрдын кечин сыналгыдан көрсөтүлө турган “Тагдырдын тамашасы” (“Ирония судьбы…”) тасмасысыз элестетүү мүмкүн эмес. Белгилүү режиссер Эльдар Рязанов тарткан бул комедия 1975-жылдан бери ар жыл сайын көгүлтүр экрандан көрсөтүлүп миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн терең орун алган.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
2007-жылы Орусияда Кытай жылы белгиленди. Бул да болсо Евразия континентиндеги бул эки дөө-шаа мамлекеттин алакаларынын канчалык ынак экендигин көрсөттү. Мына ушул темага байланыштуу Санкт-Петербургда "Кызыл Кытай" деген көргөзмө ачылды. Анын өзгөчөлүгү – көргөзмөдө биздин таанымал жердешибиз, сүрөтчү жана сүрөткер Туман Жумабаевдин тандалма чыгармалары коюлган.
Бүткүл союздук, республикалык сынактардын, фестивалдардын лауреаты, комузчу-аткаруучу Рахатбек Молдоакунов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
Кыргыз ырчы-чоорчу, куудулдары жана шайырлары да топ-топ болуп бөлүнүшүп, парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт иштерине катышууда.
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматов бүгүн «Азаттыкка» берген интервьюсунда жаңы жылдан кийин элчилик кызматын өткөрүп берип, Кыргызстанга келээрин, мындан ары чыгармачылык менен алектенээрин билдирди. Жазуучунун планында Ысыккөлдүн жээгине Чыгармачыл адамдардын үйүн куруу ниети да бар.
Кабыл Макеш,Бишкек 11-декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылды.
“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн жаңы саны таанымал комузчу-аткаруучу, белгилүү обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маркум Бейшеке Жандаровдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналат.
Кеңешбек уулу Курманбай менен Курманбай Райымжанов Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб районунун Ыранкөл айылынaн келген белгилүү комузчулар. Эки шайыр менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуп, маданиятка мамлекет тарабынан мындан ары да ырааттуу колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.
Дагы жүктөңүз