Мындан туура 55 жыл мурда 1953-жылдын 18-мартында “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги алгачкы уктуруусу обого чыккан. “Азаттыктын” тарыхы ушул күндөн башталган. Учурда мезгилден артта калбай, угарман, көрөрман жана окурмандарынын талабына жооп берген үналгы, сыналгы берүүлөрүн ырааттуу чыгарып келе жаткан, өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан коомдук-саясий, маданий жана илимий турмуштагы жаңылыктарды бейтарап, өз учурунда жана калыс чагылдырган “Азаттыктын” узак жолунан тарыхый көз ирмемдерди сунуш кылабыз.