“Кыргызфильм” киностудиясы мамлекеттен бөлүнө турган акчанын эсебинен “Курманжан Датка” жана "Сынган кылыч" аттуу көркөм тасмаларды тартууну көздөөдө. Бул туурасында Улуттук “Кыргызкино” концеринин вице-президенти Абибила Пазылов билдирди.
Кокон хандыгынын тарыхы боюнча китебин чыгарган Зиябидин Максым атындагы коомдук фонддун төрагасы Мухтарбек Бостонбаев "Азаттык" менен маектешет.
Бишкек гуманитардык университетинде педагог-илимпоз, жазуучу-публицист Советбек Байгазиевдин жаңы басылып чыккан “Бүркүттүн көз жашы” поэтикалык жыйнагы талкууланды.
“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” түрмөгүнүн бүгүнкү мейманы жаш төкмө акын, ырчы, дастанчы, “Айтыш” телесынактардын жеңүүчүсү Абдыкайым Ашимбаев. Жаш шайырдын ар тараптуу чыгармачылык тагдыры менен кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.
“Учур” телетеатры бул жумада өзбек драматургу Иброгим Содиковдун чыгармасы боюнча коюлган “Апендинин беш аялы” аттуу спектаклдин премьерасы болду. Бул спектакль Аваз Сырымбетовдун котормосу боюнча сахналаштырылды. Оюнда Апендинин ролун театрдын артисти Улан Өмүралиев ойноду.
Кыргызстандын түштүк башкалаасында Нооруз майрамы жылдагыдай эле белгиленип, шаң-шөөкөттөр коштоду. Облус, шаар тургундарын губернатор жана мэр 24-Март Ыңкылап майрамы менен кошо куттуктады. Бирок ошол тарыхый окуянын каармандарынын бирин да ысымын аташкан жок. Ыңкылапчылардын айрымдары андан бери эч нерсе өзгөрбөдү дешсе, кээ бирлери жылыштар бар деген пикирде.
Кыргызстанда бүгүн Ноорузду майрамдап жатышат. Майрамдык башкы салтанат Бишкектин борбордук “Алатоо” аянтында өтүп, театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Өкмөт башчы Игор Чудинов кыргыз тилинде калайык-калкты майрамы менен куттуктап, демократиялык өнүгүүлөр болуп жатканын белгиледи.
Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Нооруз майрамына карата уюштурулган маданий иш-чаралар, жакында эле Бишкекте өткөн Үчүнчү эл аралык балет фестивалы жана кыргыз маданиятынын учурдагы абалы тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна маданият жана маалымат министри Султан Раев жооп берди.
Бишкекте Нооруз майрамы борбордук аянтта белгиленип, түз эфир аркылуу жалпы журтка көрсөтүлөт. Салтанат театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолот.
Бүгүн Москва облусунун маданият үйүндө Орусияда окуп, иштеп жүргөн кыргыз кыздар арасында “Кыргыз периси” сулуулар сынагы өтөт. Сынактын соңку жарышына 30 кыздан 8 кыз тандалды.
Орус драма театрнда өтүп жаткан жумалыктын ар бир күнүндө атайын номинациялар боюнча кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.
Дагы жүктөңүз