Кыргызстандын заманбап ойчул жана публицисттеринин бири, мурдагы “азаттыкчы” Эсенбай Нурушев 70 жашка чыгып, торколуу тоюн үй-бүлө кашында, жакын чөйрөдө белгилөөдө. Анын кичүү кесиптеши Т.Чоротегин маараке ээси тууралуу ой толгоосун сунуштайт.
Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китеби жарык көрдү.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Р.Киммерердин китебинин негизинде “Жер эне” музыкалык спектакли коюлду.
Өзбекстанда мамлекеттин карамагындагы 109 гезит-журнал жана басмаканалар сатыкка коюлду. Президент Шавкат Мирзиёев 27-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ондогон мамлекеттик ишкана-мекемелер да менчиктештириле турган болууда.
Этно-медиа каналында кыргыз тилинде тартылган “Мектеп шайлоосу” аттуу алгачкы интерактивдүү сериал чыга баштады. Мектептин президенти кызматына эки талапкердин атаандаштыгынын мисалында алты кыска серияда мектептеги кодулоо, чыныгы достук жана адамдын кадыр-баркы тууралуу окуялар баяндалат.
Кыргызстандын кино тармагын реформалоо сунуш кылынууда.
Ош облусуна караштуу Алай районунда деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Могол айылында үй-музей ачылды. Үйдү жергиликтүү тургун Ташкул Урустамов 1962-жылы курган экен. Анын келининин аракети менен ачылган музейде жергиликтүү элден чогулган буюм-тайымдар да коюлган.
Күз мезгили акындардын көзү менен... "Азаттык" акындардын берекелүү күз мезгили тууралуу ырларын топтоду.
Эгемендикке чейин кыргыз маданиятынын гүлдөгөн доору СССРдин өнүккөн убагына туш келди.
Көргөзмөгө 172 эмгек коюлду. Анын 60ы живопись, 32си графика, 67си жасалга-колдонмо искусствосу, тогузу скульптура, төртөө плакат боюнча.
Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты. Уюкфондук кино фестивалга 10дон ашык өлкөдөн 50дөй тасма катышкан. Бул - бишкектик студенттерден түзүлгөн “Курадо” тобунун биринчи ийгилиги. Чыгармачыл топ менен "Азаттыктын" кабарчысы жолугуп келди.
Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Жакында анын өзү жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада акынга арналган иш-чара өттү.
Дагы жүктөңүз