"Башкыр графикасынын чеберлери" көргөзмөсүнүн экспозицияларын Орусия жана Башкырстан республикаларынын алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн басылма графика (офорт, линогравюра, автолитография, кагазга басуу) жана оргиналдуу (акварель, гуашь) чыгармалары түзөт.
Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 24-ноябрда 78 жашында дүйнөдөн кайтты.
Плагиат же чыгарманы уурдап алуу менен таасирленүүнүн айырмасын, алардын ортосундагы чекти кантип аныктаса болот? «Азаттык» бул боюнча жүргүзгөн сурамжылоого бир катар акын-жазуучулар, окурмандар катышты.
Каракол шаарында ишкерлердин демилгеси менен өзгөчө китепкана ачылды. Дүйнөлүк бестселлерлер топтолгон, ысык чай жана кофеси бар бул китепкана жергиликтүүлөрдү кызыктырууда. Бул жерге соңку күндөрү шаардын жаш тургундары келип жатканын кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева баяндайт.
Азыркы тапта Сары Өзөн Чүйдө байырлап жаткан жерге-талдык журналист Абдил-Ахат Курбанов менен жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримовдун баарлашуусу Тажикстандагы Жерге-Тал өрөөнүнүн кыргыздарынын сүймөнчүктүү мезгилдик басылмасы тууралуу жүрдү.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын алгачкы каарманы алып баруучу Урмат Борченов.
Кыргызстандагы интернет аркылуу жалган маалымат таркаткан медиа ишканаларынын тымызын кызматкерлери - "троллдор" тууралуу Камила Эшалиеванын макаласынын өзөгү.
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жандуу оркестрдин коштоосунда “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмө өттү. Аны музей Чүй камералык оркестри менен биргеликте уюштурган.
Бүгүн,17-ноябрда Кыргызстандын кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Майрам күнү сүрөтчүлөр Муса Абдиев, Элдияр Мадакимдин кол издери түшүрүлгөн плиталар Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулду.
Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 11-ноябрда күзгү тетралдык сезонун «Жат эмесмин» спектакли менен ачты.
Маркум Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас” вариантынын ар кандай цензурадан эркин текстин чукул арада жарыялоо зарыл. Кытайлык залкар кыргыз манасчынын өзү менен чогуу отуруп, анын эпостук вариантынын текстин тактаган манас таануучу Орозбүбү Сатиш кызынын пикири дал ушундай.
Дагы жүктөңүз