Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына турак үйлөр курула баштады. Улуттук валюта сомдун киргенине туура 28 жыл болду. Ооганстанда "Талибан" кыймылы Орозо айттын алдында ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялады.
40тан ашык чөбөрө, 30дан ашык небере жана тогуз уул-кыздуу болгон ардагер согуш жылдары ал үчүн өтө оор мезгил болгонун айтат. Кенжебай Жакшылыков советтик армиянын катарында жети жарым жыл кызмат өтөгөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Исак Кубатов 96 жашка чыкты. Анын Жеңиштин 76-жылын көрсөм деген тилеги ишке ашты. Кубатов 11 баланы эрезеге жеткирип, 40 небере, 103 чөбөрө, төрт кыбыра көрүп турган учуру.
95 жаштагы Амантур Токтоназаров быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат. Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылынын кадырлуу тургуну согушка 18 жашында барган. Төрт тилде эркин сүйлөп, мыкты педагог болом деген кыялын Амантур ата согуш талаасына алмаштырган.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимкулов 97 жашта. Ардагер быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат.
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты Улуу Жеңиш майрамына карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулашты.
Кыргыз деп күйгөн, социализм заманында унутта калтырылган улуттук уңгусуна кайтуу демилгесин көтөрүп, үлкөн рухий-маданий долбоорлорду ишке ашырган демөөрчү, ишкер, коомдук-саясий ишмер Ташкул Керексизов дүйнө салды.
Ташкул Керексизовдун кийинки планы - АКШнын Манасташ тоосунда Айтматов айыл же театр куруу.
Баткендеги куралдуу кагылышта мекен чегинде туруп, курман болгон чек арачы Эсентур Кубанычбековдун сөөгү 1-майда өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди.
Белгилүү акын, «Азаттыктын» кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун бул дүйнөдөн өткөнүнө туура жыл айланды. Деги эле ал кандай адам эле, кандай жашап өттү, канчалык деңгээлде өзүнүн адабий көрөңгөсүн ачып бере алды, бул тууралуу аны жакындан билген замандаштарынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.
Дагы жүктөңүз