Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы артист Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин химия факультетинин бүтүрүүчүсү Элла Зарылбекова мүнөтүнө 25 миң сөз окуп түшүнүгүн айтып бере алат. Ал ушул убакка чейин үч миңден ашык китеп окуган.
Нарын музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова 80 жашта. Актриса өзүнүн өнөрү, өмүрү жана тагдыры тууралуу "Азаттыкка" сыябан-маек курду.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында биздин заманга чейин болжолдуу 2500 жыл мурунку кемеге, ошондой эле турак үйдүн орду табылды. Археологдор бул табылга түндүк Кыргызстанда мал чарбачылыгы эле эмес, дыйканчылык дагы өнүккөн деген пикирди ырастарын айтышууда.
Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнга караган түнү коронавирустан кайтыш болду. Жакындарынын билдиришинче, ал вирус жугузуп алгандан кийин пневмония менен ооруп, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан.
Ага быйыл "Фортепиано" номинациясында 14-18 жана 19-25 жаш курактагы он өнөрпоз жарышат.
Кыргызстанда соңку жылдары ийгиликтүү болууну, маңыздуу жашоону үйрөткөн мотивациялык китептер көбүрөөк сатыла баштады. Окурмандар жана китеп соодасы менен алектенгендер бул көрүнүшкө кандай баа берет?
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков болду.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылына караштуу Кашка-Суу, Чат жана Майдан-Тал жайлоолорунун ортосунда Тагайматтын үңкүрү бар. Ушул айдын башында үңкүрдүн жанындагы зоокадан байыркы таш жазуу табылганын жергиликтүү жашоочулар сүйүнчүлөдү.
Алтайлык ырчы жана композитор Ирина Кензина менен кыргызстандык ырчы Нурзат Айдаркулова “Алтай-Ала-Тоо” деп аталган дуэт түзүп, эки элдин маданиятын жакындатууга аракет кылып келишет. Өнөрпоздор “Азаттыкка” сыябан-маек курушту.
23 жаштагы Марлен Матназаров балдар үчүн “Бай бала” деп аталган жомок китеп чыгарды. Анда жети жомок камтылып, 1000 нускада басылган. Учурда балдар кандай жомокторго кызыгат? Жомок китептер гаджет дүйнөсүнөн алыстата алабы?
Кыргыз Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков быйыл 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Жакында ал отчёттук концертин берди.
Дагы жүктөңүз