Өзбекстанда балдар телеканалынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Буга каналда көрсөтүлгөн мультфильмдеги өбүшкөн кадрлар себеп болгон.
Кыргызстандык Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис боюнча Гиннесттин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылды. Ал буга чейин рекорддун эки баскычынан ийгиликтүү өткөн
Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Онкология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева сыябан-маек курду.
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты майда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулады.
Элеттиктерди колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин, үй-бүлө баалуулуктарын үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде келин-кайнене ортосундагы мамилени окуткан энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү бош турган имаратты пайдаланууга берген.
Белгилүү кинорежиссёр Руслан Акун кино тармагы өнүгүү үчүн чыгармачылык эркиндик болушу керек жана тартылган тасмалар жаштарды тарбиялоодо идеологиянын мыкты куралы деп эсептейт.
Жаш акындардын катарын толуктаган Гүлүмкан Исаева соңку убакта котормочулук менен көбүрөөк алектене баштады. Ал өзгөчө өзбек акындарынын ырларын которууга басым жасоодо. “Азаттык” Гүлүмкандын адабият тууралуу ой-толгоолору, чыгармачылыгы менен тааныштырат.
Жакында белгилүү меценат, ишкер Ташкул Керексизов оорудан каза тапканда, анын акыркы долбоору - Талды-Суу айылындагы “Шам-Бала” жайы тууралуу көп жазылды. Ал эмне долбоор деп кызыгып көрүп, айылдык балдарды тарбиялап, ишкердикке үйрөтүү максатында салынган кооз жай менен жеринен таанышып келдик.
Дагы жүктөңүз