Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал уюштурулду. Иш-чара тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлдү.
Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бийик кабат үйдүн көркү ачылды. Жергиликтүү арт-тайпа демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын ири сүрөтүн тартышкан.
Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү журналист, коомдук ишмер, маркум Мелис Эшимканов эскерилди. Иш-чарага анын жакындары, кесиптештери жана коомдук ишмерлер катышты. Мелис Эшимканов тирүү болгондо быйыл 59 жашка чыкмак.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы президентке кайрылды.
Кыргызстанда алгачкылардан болуп сөз эркиндиги, демократия үчүн күрөшкөн публицист, депутат, коомдук ишмер Сатыбалды Жээнбековдун көзү тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак. Анын басып өткөн жолун, кесиптештери, үй-бүлөсү жана достору эскеришет.
Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” көркөм тасмасынын бет ачары сентябрдын башында өттү. Тасма эл аралык фестивалдарга катышууда. Анда башкы каарман - жазуучу Кубат Алиевдин ролун белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев ойногон.
9-сентябрь Кыргызстанда эки жылдан бери Комуз күнү катары белгиленип келет. “Азаттыктын” талкуу төрүндө белгилүү музыка изилдөөчүлөр жана күүчүлөр улуттук аспаптын баалуулугу жана келечеги тууралуу маек курушту.
Ички иштер министрлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы “кастыкты козутуу” иши боюнча кармаганын билдирди. Ооганстандан 35 этностук казак Астанага алынып келинди. 10-сентябрь - Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн көрүнүктүү инсандардын бири Касым Тыныстановдун туулган күнү.
26 жаштагы Бекназар Алмазбеков Орусиянын Урал аймагындагы белгилүү дизайнерлердин бири. Екатеринбург шаарында окуган кыргызстандык дизайнер бир катар конкурстардын жеңүүчүсү. Ал бир кезде иш издеп кеткен мигрант үй-бүлөнүн уулу.
Оппозиционер Жениш Молдокматовго октябрь окуяларына байланыштуу дагы үч айып тагылды. Депутат Мирлан Жээнчороев жүзгө жакын жарандын телефонун тыңшоого уруксат берген Биринчи Май райондук сотунун судьясын кызматтан кетирүүнү сунуштады. "Талибан" Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады.
Дагы жүктөңүз