Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык кыргыз-казак айтышы өттү. Бул айтыш ошону менен катар “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды. Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.
Парламенттик шайлоо үчүн партиялардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташына эки күн калды.
Кыргызстандын эгемендик алганына 30 жыл болду. Бул аралыкта эмнеден утуп, эмнеден утулдук деген суроого аймактагы эл жооп узатты.
1920-1953-жылдар аралыгында сталиндик репрессияга кабылган 20 миң кыргызстандыктын ичинде 50дөн ашык улуттун өкүлдөрү, мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, дин кызматкерлери болгон. Бул тууралуу “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953)” аттуу он томдук китептин автору,
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 24-августта ачылган "Жаңы социалдык реализм" көргөзмөсүнө эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиевдин эмгектери да коюлган. Анын "Ата-Бейит" аттуу картинасы коомчулукта чоң талаш-тартыш жаратты.
24-25-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык казак-кыргыз сармерден оюну өттү. Бул сармерден канатташ эки элдин ортосундагы алгачкы ирет өтүп жаткан кыз-жигит оюну.
Нарында “Шырдак” фестивалы онунчу ирет өттү. Эл аралык деп айтылган бул иш-чарада 7 облустун уздарынын кол эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууну көздөгөн бул фестивалга чет өлкөлүк туристтер келгени менен кол өнөрчүлөрдүн соодасы анчейин кызыган жок.
23-августта А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Казакстан Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Быйыл 79 жашка чыккан Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын арк
Дагы жүктөңүз