Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Экономика

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада Орусия жана Түркмөнстан президенттери – Владимир Путин менен Сапармурат Ниязовдун жолугушуусу болду. Алардын ортосунда кепке алынган эң башкы маселе – экономикалык байланыш, баарыдан мурда, энергетика чөйрөсүндөгү байланыштын мындан аркы өнүгүүсү болду дешет. Эки өлкө лидерлери ошондой эле борборазиядагы жагдай менен Каспий деңизинин укук статусун тартипке салуу маселелерин да карашкан.

Орусиялык жетекчи 5-январда түркмөндүк жетекчини чакырып, ал аны дароо кабылдап, Маскөөгө келиши -анализчилер болжолунда – башкы себепчи газдын баасынын өсүшү болгон. Ниязовдун эки күндүк иш сапарында түркмөнстандык газдын Украинага, ошондой эле Орусияга сатыктагы наркын кымбаттатуу болот деп атышкан.

Ашгабаддын жеринен чыккан газ мол болгону менен ал байлыкты башка мамлекетке жеткирүүчү ноо жалаң орусияныкы экен. Ошол себептен улам түркмөндүк газдын, маселен, Украинага жеткирилиши аларга арачы Маскөөнүн каш кабагына да жараша болот дешет. Кеткен жылдын этегинде Киев менен Маскөө газ чатагынын арыла албай атканда «Газпром» жетекчиси Алексей Миллер Ашгабадга чапкылап барып жаңы келишим түзүп келгени айтылууда. Ошол жолу «Газпром» жетекчиси ар миң кубометр түркмөндүк газ үчүн 65 доллардан акы төлөө убадасын берип келген дешет. Буга дейре түркмөндүк газга орусиялык тарап 44 доллардан акы төлөп жүргөн.

Ал эми кечөө ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта «Кремл түркмөндүк газ үчүн 65 эмес 85 доллардан акы төлөйт». Мунун зыяны Киевге тийет дешет. Газынын баасы көкөлөп атканга байланыштуу Ашгабад эми ар миң кубомерти үчүн Киевден, орто эсеп менен алганда, 100 доллардан акы талап кыла алат дешет.

Кремлде жолугушуу аяктаганда президент Владимир Путин журналисттер алдында: «Орусиялык-түркмөнстандык кызматашуудагы эң маанилүү чөйрө - энергетика», - деген ой бүтүмүн айты.
Ал эми Сапармурат Ниязов болсо эки мамлекет алакасы «экономикалык алкактан саясий алкакка өттү» деди.

Анализчилер чөйрөсүндө кепке келсек, Сапармурат Ниязовдун жекшембиде Маскөөгө келип, аттан түшөр заман Киевден келген кишилерди кабылдап сүйлөшүү өткөрүшү анын КМШ тобуна кошулбай өз алдынча саясат жүргүзгүсү келгенин билдирет. Эксперт Улунян Артурдун пикири мындай:
«КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Түркмөнбашы өз оюнун ойноо үчүн аракет жасап атат. Ал (Орусиядан сырткары – ММ) дагы бир сырьелук оордуктун пайда болушун каалайт», - дейт ал.

«Түркмөнстан» журналынын жетекчиси Михаил Переплеснин алдыңкы күнү Би-би-сиге берген жообунда өлкөдө газдын баасы дагы да кымбатташы ыктымал деди:

«Кезегинде 44 доллардык бааны болуп көрбөгөндөй кымбат дешчү эле. Ошондуктан Түркмөнстан менен Орусия, Түркмөнстан менен Украина ортосунда келишимдердеги бааларды дурус деп эсептесе болот», - деген.

Газ байлыгынын державасы атанган Орусия дүйнөлүк деңгээлде газ отунунун баасын ар бир миң кубометри үчүн 230 долларга дейре көтөрүп аткан кезде газ такоолу боюнча орусиялыктардан кем калбаган Ашгабаддын өзүнчө оюн башташы «Газпромдун» монополиялык касиетин чектеп койгонго тете болор эле дешет. Ошондуктан бул жолку тарптар сүйлөшү - эки негизги маселени козгогон. Биринчиден Түркмөнстандын газынын Орусияга сатылышы жана ал үчүн төлөнчү акынын жогорулатылышы, экинчиден, Ашгабад менен Киевдин алакасы кеп болгон дешүүдө.

Орусиялык маалымдоо каражаттары: «Газпром» азыр макулдашылган баа менен 2006 жылы түркмөндүк газды сатып алууну 10 эсеге көбөйтмөкчү. Аны өзүнүн газ ноосунун бир жеңи аркалуу Түркияга, экинчи жеңи аркалуу Украина жана андан да ары Европрага жөнөтмөкчү», - деп жазат.

22-январда Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов Москвадагы визитин баштоодо. Орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө газ маселеси башкы орунду ээлемекчи. Түркмөн газынын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагынан өтчү куурлар аркылуу экспорттолот. Ниязов Газпром түркмөн газы үчүн көбүрөөк төлөсүн деген маселени козгошу ыктымал дешет байкоочулар.

Коопсуздук маселелери боюнча аналитик Павел Фелгенгауэр Ашгабад менен Москва ортосундагы газ проблемасынын себептерин мындайча түшүндүрөт:

Түркмөн газы Украинага Россия аркылуу сатылат. Анын бөлүгү андан ары Украинадан Батышка экспорттолот. Ниязов, Түркмөнстанга Россия менен Украинанын ишкерлери жана расмий ишканалары Европадан алган каражаттын кымындай гана бөлүгү тийет.

Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы табигый газдын 1 миң куб метри үчүн Түркмөнстанга 60 доллар төлөйт. Украинадан болсо Россия 1 миң куб метр үчүн 230 доллар талап кылууда. Эми кээ бир маалыматтарга ылайык, Ниязов газдын баасын 80-85 долларга көбөйтүүнү көздөп жатат.

Жакында Москва менен Киев ортосунда газ кризис тутанып, Украина газдын бир бөлүгүн Борбор Азиядан, атап айтканда Түркмөнстандан алып турат деген келишимге жетишилди.

Аналитик Феленгауэрдин пикиринде, Газпром Украинага берилген газдын көлөмүн азайтып, Ниязовко кошумча көзүр берди:

Январда Россия Европага берилчү газдын көлөмүн эки жолу төмөндөтүп жибергенден кийин Евробиримдик түркмөн газын ташуу үчүн куур куруу долбоорун каржылоону караштыра баштады. Аталган куур Азербайжан, Грузия жана Түркияны кесип өтмөкчү. Бул Ниязовко артыкчылык берүүдө.

Дагы бир саясий изилдөөчү Алекс Ватанканын айтымында болсо Түркмөнбашы жакында Бээжинге сапар менен баруу ниетин билдирди. Буга байланыштуу Кытай түркмөн газын керектөөчү ири кардар болуп калышы ажеп эмес деп болжолдойт Ватанка.

Путин менен Ниязовдун жолугушуусунда ошондой эле Түркмөнстандагы орус тилдүү калк жана Россияда баш калкалап жүргөн түркмөн оппозициясынын маселеси да козголушу ыктымал.

Лидерлер Ирандын өзөктүк программасын да сөз кылышмакчы.
Ниязов бул жолу экономикалык гана маселелерди гана талкуулаганы жатканы менен, байкоочулар Түркмөнбашынын чет өлкөдөгү соңку эки визити Москвага болгонун баса белгилешүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG