Көзөмөл кассалык аппаратын киргизүүгө каршы ишкерлердин нааразылык акциясы токтой элек. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты. Ал быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык тергөө абагынан бошотулду. Коронавирустун “омикрон” штаммынан улам бир катар мамлекеттерде чектөөлөр күчөп атат. Соңку үч күндө эле 8300 авиакаттам токтотулду.
Экономика
дүйшөмбү 27 Декабрь 2021
Аскат Букарбаев менен Гулжамал Тынысбек кызы ар кандай формадагы самындарды жасап сатышат. Алар бул чакан бизнесин майыптыгы үчүн алган 4000 сом пенсиясын бириктирип башташкан. Азыр иши кандай жүрүп жатат, майрамдын алдында кардарлары көбөйдүбү - видеодон көрүңүз.