Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Экономика

Базардагы асман чапчыган баалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Өтүп бара жаткан 2021-жылы Кыргызстандын базарларын кымбатчылык басып, азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү эки эсеге кымбаттады. Мындан тышкары курулуш материалдарына, күйүүчү майга болгон баалар өстү. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарындагы жол кире акысы дагы көтөрүлдү.

Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы бир аз өсүш менен чыккансыды. Ошол эле кезде өлкөнү кымбатчылык, кургакчылык сыяктуу кризистер коштоп келди.

Жыл жыйынтыкталганы менен экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрдүн 12 айлык эсеби толук тактала элек. Ага карабай “Азаттык” реалдуу сектордогу жагдайды талдап, корутундулоого аракет кылды.

Дүң жыйымдын арышы

Демек, экономиканын өзөгүн түзгөн ички дүң продукция (ИДП), же ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 2021-жылдын январь-ноябрында 626 миллиардга жакын сомду түздү. Натыйжада 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4% өстү. Бул сандар Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсеби.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл жыйынтыктоочу жыйналышта көрсөткүчтөрдү мындайча комментарийледи:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"2020-жылдын ички дүң продукциясы 8,6% минус менен аяктаганбыз. Төмөндөө март айына чейин уланды, андан кийин акырындап өсө баштады. Сентябрь айында араң деп атып мурдагы жыл менен тең чыктык. 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгында мына 2,4% плюска чыктык. Жылдын жыйынтыгында өсүү жалпы 3,2%-3,5% түзөт деп ишенип жатабыз”, - деди ал.

Деталдуу алганда январь-ноябрда соода тармагы (10,3%), кызмат көрсөтүү (6,1%), өнөр жай (3,4%) секторлору өсүштө болду, тескерисинче, курулуш тармагы (4,6%) менен айыл чарбасы (4,0%) төмөндөдү.

Алгач коюлган планда бийлик 2021-жылы экономика кеминде 5%, болбосо 10% чейин өсөт деп болжолдогон эле. Бирок кийин пандемиянын кесепеттери кыскарбаганын жана башка жагдайларды эске алуу менен өсүштүк мерчемди 3,8% чейин түшүргөн. Азыр эми декабрдын эсеби менен буга жетип барышы реалдуу эместей.

Башка жагдай, жогоруда Акылбек Жапаровдун сөзүндө келтирилгендей 2020-жылдын көрсөткүчтөрү 2019-жылкыга караганда кыйла артка кеткен эле. Анан так ошого салыштырылган сандарды өсүү деп атоо кыйыныраак болуп турат.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков тема жөнүндө үн кошту:

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“2020-жыл Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө эң оор жылдардан болду. Ошондуктан мен көп жерде “көрсөткүчтөрдүн баарын ага чейинки жылдардагы сандарга салыштырыш керек” деп айтып жатам. Эгер 2020-жылы 8,6% ылдыйлаган болсо, биз 2019-жылкы деңгээлге кайра жетишибиз үчүн 2021-жылы кеминде 8,6% өсүшүбүз керек эле. Былтыркы жылды база кылган туура эмес, ага салыштырсаң баары сонун болуп көрүнө берет. Анткени былтыр туризм, соода сыяктуу секторлор таптакыр токтоп калган, алардын 2021-жылкы өсүшү асман чапчыгандай болуп калат”.

Деген менен коронавирустук шартка карабай Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өнөктөштөрүнүн экономикасында өсүштөр өйдөрөөк болгонсуду. Маселен, он айдын эсебинде ИДӨнүн темпи Беларуста 2,5%, Казакстанда 3,5%, Арменияда 4,3% жана Орусияда 4,6% катталды. Январь-октябрдын санагы менен коңшулардан Өзбекстандын экономикасы 6,9% жогорулоо менен чыкты.

Кыргызстандагы өсүш эмне үчүн мынчалык болбой калды? Экономист Расул Түлеевдин талдоосун ортого салалы:

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“Биринчиден, бизде 2020-жылы башталган саясий туруксуздук 2021-жылы да уланды. “Кустуруу” өнөктүгү, күч органдарынын бизнести үркүткөнү, шайлоолор жана башка нерселер экономикага таасир этти. Бизнестин кайсы бир бөлүгү кадимкидей эле өндүрүшүн токтотуп койду, дагы бир бөлүгү акчасын таптакыр эле сыртка чыгарып кетти. Экинчиден, энергетикалык кризис. Эмне үчүн? Анткени товар өндүрүү үчүн электр энергиясы үзгүлтүксүз, чектөөсүз берилип турушу керек. Ал улам-улам өчүп калып жаткандыктан бир топ секторлор өндүрүшүн кыскартууга мажбур болушту. Үчүнчүдөн, быйыл өзү жаратылышта суу аз болуп, Кыргызстандын талааларында, өзгөчө айыл чарбада чоң көлөм берген Чүйдө кургакчылык катталды. Анүстүнө суу коңшу мамлекеттерге берилип кеткени айтылып жатты. Натыйжада айыл чарбада көп дыйкандар банкрот болду, натыйжада күтүлгөн пландар жарымына чейин азайды. Мына ушул жагдайлар жалпы ички дүң өндүрүмдүн өсүшүн артка тартты”.

Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансылык уюмдар мурдараак жарыялаган баяндамаларында Кыргызстандын экономикасы 2022-2023-жылдарга барып калыбына келерин боолголошкон. Кыргызстандын бийлиги да мына ушундай сценарийге үмүт артып турат.

Инфляция, тышкы соода жүгүртүү жана түз инвестиция

Эми экономиканын абалын чагылдырган башка индикаторлорго келели. Узаган жылдагы анын айкын түрү инфляция болуп жатты. Мында да Улуттук статистика комитетинин эсеби менен сөзүбүздү улайбыз.

Мекеменин талдоосуна ылайык, 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгында жалпы республика боюнча инфляция, же керектөө бааларынын өсүүсү 9,7%ды түздү. Дээрлик 10%. Бул дагы Кыргызстан мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдүн ичинен эң чоң инфляция.

Эгер түр-түрүнө бөлө келгенде кыргыз жергесинде алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 10,8%, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 11,0%, азык-түлүк эмес товарлар – 10,0%, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 5,1% өстү.

Бишкектин "Ош" базары.
Бишкектин "Ош" базары.

Бул 2020-жылдын декабрындагы нарктарга салыштырмалуу. Бирок эгер ошол эле жылдын башындагы бааларга салыштырсак, кээ бир товарлар 20-30%, айрымдары 50-60%га чейин кымбаттады. Алардын ичинде бензин, эт, өсүмдүк майы, шекер сыяктуу нерселер бар.

Башка өлкөлөрдүн бийликтери сыяктуу эле Кыргызстандын жетекчилиги да кымбатчылыкты ооздуктоо аракеттерин токтоткон жок. Ошентсе да анын жемиши анча сезилбеди.

Адистер баанын өсүү процесси дагы уланат деп эскертишүүдө. Ага экономист Расул Түлеев мындай жүйөлөрдү келтирди:

“Тилекке каршы, кымбатчылык дагы улана берет. Биринчиден, буга кайра эле жанагы кургакчылык түрткү берет. Бир эле бизде эмес, көп өлкөлөрдө айыл чарба андан көп жабыркап тартканын билебиз. Биз айыл чарбанын айрым түрлөрүн өзүбүз өндүрүп келсек, быйыл ошону да сырттан ташып келебиз. А импорт бул дайыма кымбатка түшөрүн жакшы билебиз. Мындан сырткары мунайдын кымбаттаганынан улам күйүүчү майдын баасы да көтөрүлө берет. Бензин кымбаттаса ал чынжырча сыяктуу башка товарлардын баасын көтөрөт. Себеби, товар жеткирүүчү бензинге чыгашасын көбөйткөн үчүн акысын кымбаттатат, натыйжада өндүрүүчү товардын баасын көтөрөт. Бул дүйнөлүк жагдай. Кыска мөөнөттө биздин өкмөт буга таасир эте албайт, болгону аялуу катмарга гана колдоо жасай алышы мүмкүн”.

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү он айдын эсеби менен 5,7 млрд. доллар болду жана 2020-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 21,2% көбөйдү. Мунун ичинде экспорт 19,7% артка кетсе, импорт тескерисинче 43,7% жогорулады.

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Мында Кыргызстанда экспорттун азайышын Кумтөрдөгү алтындын сыртка чыкпай калышы менен түшүндүрсө болчудай. 2021-жылдын май айында кыргыз өкмөтү өлкөдөгү эң негизги кен Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин андагы өндүрүлгөн алтын өлкө ичинде калтырылып жатканын маалымдаган.

Бирок азырынча канча алтын Кыргызстанда калганы, канчасы чет жакка сатылганы белгисиз. Ошентсе да акыркы санактарда жалпы экспорттун 40-50% алтын түзүп келгенин эске алып, көрсөткүчтүн азайышын ушуга байланыштырабыз.

Экономиканын дагы бир маанилүү көрсөткүчү бул – түз инвестиция. Анын санагы кыйла кечигип чыгат, Улуттук статистика комитети азырынча январь-сентябрдын гана көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2021-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанга 503 млн. 499 миң доллар тикелей инвестиция келип, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4% көбөйдү. 2020-жылы бул убакта болгону 398 млн. 356 миң доллар келген.

Ал эми чыгып кеткен инвестиция 2021-жылдын январь-сентябрында 572 млн. 816 миң доллар болуп, 20,3% кыскарып жатат. Былтыр бул аралыкта 719 млн. 81 миң доллар чыгып кеткен болчу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү жыйында бул тууралуу мындайча кеп кылды.

АКШ доллары.
АКШ доллары.

“2021-жылы дүйнөдө тикелей инвестиция 30-35%га чейин кыскарганына карабай, Кыргызстанга кирген тикелей инвестициянын агымы 26,4%га көбөйдү. Кирген 503 млн. доллардын 300 млн. доллары реинвестиция болуп жатат. Бул “акча качты” дегендерге жооп. Азыр бизге биринчи кезекте Кытайдан, Түркиядан, Орусиядан, Улуу Британиядан инвестиция келип жатат. Чыгып кеткен инвестиция болсо 20,3%га төмөндөп жатат. Бул дагы жакшы көрсөткүчтөрдүн бири”, - деген ал 25-декабрдагы кеңешмеде.

Бирок мында да кайра эле пандемиянын кесепеттери оор болгон жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырып, өсүү деп айтуу орунсуз болуп калууда. Себеби, түз инвестиция салуу 2020-жылы бүт дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да кыскарганы, чыгып кеткен сумма да жогорку чегине жеткени маалым.

Эгер быйылкы жалпы жагдайдын картинасын талдагыбыз келсе анда инвестициялык климаттын өзүнө баа берип алышыбыз керек. Мында да Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков жардамга келди:

“Биринчиден, муну да ошол эле былтыркы сандарга салыштыруу туура эмес экенин белгилейм. Экинчиден, бул көрсөткүч сырттан келген инвестицияны гана эске алат. Инвестициялык климат жакшырды дегенге болбой жатат. Себеби, жеке менчиктин корголушу, мыйзамдын сакталышы сыяктуу көрүнүштөрдө дале мүчүлүштүктөр сакталууда. Мыйзамдар болгондо да улам-улам өзгөрүп кетип жатат. Салык кодекси кандай болот? Кайсы эрежелер менен иштейбиз, кайсы органдар ишкерлерди тейлейт? Али чечиле элек. Жетекчилер, бүтүндөй министрликтердин түзүмү чечилбей жатат. Маселени чечүү үчүн кайсы бир органга байланышсаң, алар жетекчиси ким экенин, кайсы органга карай турганын али билише элек. Албетте, насыялоо жана каржылоо боюнча жаңы программалар ачылды, кепилдик фонду ишке кирди. Бирок баары бир ишкерлерди колдоо аздык кылууда”.

Бюджет жана мамлекеттик карыз

Экономика жогоруласа, товар өндүрүү арбыса, демек, салык да көп түшөт. Бул бюджеттин көбөйүшүн шарттайт. Муну республикалык бюджеттин мисалы менен чечмелеп көрөлү.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктоочу кеңешмесинде Кыргызстандын киреше-чыгашасы тууралуу буларды билдирди:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бюджет боюнча айтсак: 5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 млрд. сом болгон экен. Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 млрд. сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41%га же 47 млрд. сомго өстү. 2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу 36 млрд. сомго көбөйдү. Биз быйыл бюджеттик көрсөткүчтөрдө пандемия жок мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн да бир топ жакшы жетишкендиктерге чыга алдык. Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп — коррупцияны кыскартып кошумча акча каражат таптык. Ушул Министрлер кабинетин дайындап жатканда Консолидацияланган бюджетти 280 млрд. сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз. Бул тапшырманы биз аткардык. 2021-жылды 306 млрд. сом менен жыйынтыктайбыз, же 26 млрд. сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек”, - деген 25-декабрдагы жыйында президент Садыр Жапаров.

Дагы да жөнөкөй тил менен айтсак, 2021-жылкы республикалык бюджеттин кирешеси башында 172 млрд. сом болсо, жылдын эсеби чыкса ал 188 млрд. сом менен болот деп күтүлүүдө. Баштапкы эсепте, чыгаша 181 млрд. сом деп бекитилсе, такталган бюджетте ал 207 млрд. сом менен жабылат деп жатат. Натыйжада ортодогу айырмачылык эки эсе өстү. Башкача айтканда, дефицит 8 млрд. сомдон 19 млрд. сомго көтөрүлдү.

Кыргызстандын 2021-жылга карата республикалык бюджети.
Кыргызстандын 2021-жылга карата республикалык бюджети.

Ал эми президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик атап жаткан “Консолидацияланган бюджет” 2021-жылы 305,9 млрд. сом болот деп каралууда. Анда республиканын бюджети менен Бишкек, Ош шаарлары баштаган калаалардын бюджети да кошулуп эсептелүүдө. Жалпы бюджетте мындан сырткары Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери жана активдери менен милдеттемелери да бар.

Министрлер кабинети бюджеттин кирешеси бажы алымдарын жана салыкты көбүрөөк жыйноо менен камсыздалып жатканын билдирүүдө. Бул үчүн жыл башынан бери салыкты жыйноо жана администрлөө боюнча бир топ өзгөртүүлөрдү киргизген.

Ушул эле чаралардын уландысы катары Салык кодексин жаңыдан кабыл алып, 2022-жылдан тартып ишке киргизгени турат. Бирок анын алкагында каралып жаткан Көзөмөл-кассалык машинелер же, ККМ жабдууларын орнотууда азыртан эле чыр чыкты. “Дордой” сыяктуу ири базарлардын соодагерлери аны шашылыш киргизүүгө каршы чыгып, түшүндүрүү иштери жүрбөгөнүнө нааразылык билдиришүүдө.

“Кыргызстандагы базарлардын, соода ишканаларынын жана тейлөө кызматтарынын ассоциациясынын” президенти Дамира Дөөлөталиева бул жөнүндө пикирин мындайча бөлүштү:

Дамира Дөөлөталиева
Дамира Дөөлөталиева

“Ишкерлер азыр “өкмөт салыкты көп чогултуу үчүн бизди кыйнап жатат” деген позицияда турушат. Албетте, өкмөттү да түшүнүш керек. Чоң-чоң ресторан, кафелер жана башка соода жайлары бара-бара көзөмөл-кассалык машинелерге өтүшү керек. Көмүскө иштегендер ачыкка чыккану туура. Ошону эгер базардагы соодагерлерге жана башка чарбалардын ээлерине алгач түшүндүрүп, аппараттарды кайдан сатып алат, аны ким тейлейт, ким үйрөтөт дегендерди айткан эмес. Биз менен, ишкерлер менен бир да иш алып барышкан эмес. Ошол себептүү тескери эффект жаратты. Анүстүнө ишкерлер жыл башынан бери чек аралар жабык болуп, товарлар келбей кыйналып жатса, базарлар иштебей, товарлар толук өтпөй жатса, толтура насыяларды төлөй албай жатышса, бул кошумча жүк катары кабыл алынды. Өкмөт өз тарабынан же салык каникулун берген жок, же башка жеңилдиктерди берген жок. Бир гана пролонгациядан башка жардам көргөн жок ишкерлер. Анан ушундай жагдайда өкмөттүн соңку аракетин ишкерлер терс кабыл алууда”,-деди ал.

Кыргызстандын аткаруу бийлиги “Консолидацияланган бюджетти" 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткирерин убада кылууда. Айрымдар мындан күмөн санап чыгышса, кээлери бул дымактуу план экенин белгилешүүдө.

Кыргызстандын 2022-жылга карата “Консолидацияланган бюджети".
Кыргызстандын 2022-жылга карата “Консолидацияланган бюджети".

Эгер мамлекеттик казынанын кирешелери келерки жылдары өкмөт пландагандай арбый түшсө, анда эл аралык милдеттемелерди аткарууга шарт түзүлөт. Тагыраагы өлкө мамлекеттик карыздардан кутулууга мүмкүнчүлүк алат.

Соңку эсепте анын көлөмү дээрлик 5 млрд. долларга жакындады. Бул сумманын 85% тышкы карыз, 15% ички карыз. Акыркы жылдары өлкө жылына 20-30 млрд. сомдук каражатты мамлекеттик карызды төлөөгө жумшап келчү, келерки жылдары ал дагы көбөймөкчү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку жыйында бул жөнүндө да айтып өткөн:

“Азыркы төлөй турган карызыбыз 4,7 млрд. доллар. Бирок 30 жылдын ичинде гранттык, техникалык, эл аралык жардамдардын баары биригип 11 млрд. доллардай акча келгени маалым. Бул билгенибиз эле. Мындан сырткары эл аралык уюмдардын линиясы аркылуу дагы башка миллиарддаган долларлык жардамдарды бергенин айтып жүрүшөт. Тагдырдын тамашасы, ушунча жылда Кумтөрдөн чыгарылып кеткен акчанын көлөмү да 11,4 млрд. долларды түзгөн. Демек, ушунча каражатты тыштан алганыбыз менен макроэкономикабызда туруктуу өнүгүүгө жеткен жокпуз, бюджеттин элдин турмушуна анча таасири болгон жок. Азыр карыз төлөөнүн эң чоң аскасына, чокусуна келип жеттик. Айрыкча 2023-жылдан 2030-жылга чейин эң чоң карыздарды төлөй баштайбыз. Дээрлик 3,9 млрд. долларды ушул аралыкта жаап бүтүшүбүз зарыл”,-деген ал.

Кантсе да, казынага каражатты көбүрөөк топтоо үчүн өлкөнүн ички дүң өндүрүмү да өсүшү керек. Өкмөт 2022-жылы Кыргызстандын экономикасынын темпи 6,5% чейин өсөт деп болжолдоп жатат. Номиналдык көлөмүн 700 млрд. сомдон ашыруу пландалууда. Акыркы жылдары ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 600 млрд. сомдун тегерегинде келаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG