Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Экономика

“Италия Республикасы – Борбордук Азия” кызматташуу форматындагы тышкы иштер министрлердин экинчи жолугушуусу.

Борбор Азия чөлкөмү 2021-жылы аймактык жана дүйнөлүк чакырыктардын кыйчалыш учурун баштан кечирди. Буга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагы жана Ооганстанда кырдаалдын чукул өзгөрүшү сыяктуу жагдайлар себеп болду. Дүйнөдө геоясий кырдаал курчуп, эл аралык абал чыңалып турган чакта аймакта ажырымга жол бербей, алаканы чыңдоо маселеси күн тартибине чыкты.

Борбор Азияны чек ара, жер жана суу талаш сыяктуу курч карама-каршылыктардын тилкесинен чыгарып, ачык жана бирдиктүү өнүгүүгө багыт алган аймакка айлантуу демилгеси көтөрүлө баштады.

Ташкенттин сунушу, Аваза жолугушуусу

Чөлкөмдүн лидерлери биригүү жана кызматташуу демилгесин байма-бай көтөргөнү менен өлкөлөрдүн өз ара алакасы алсыз бойдон кала берүүдө. Тоскоолдуктарды алып салуу жана чакырыктарга чогуу каршы туруу ниети айтылган менен Борбор Азия аликүнчө чөлкөмдөгү көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жолуна түшө элек. Ал эми соңку мезгилде ажырымды азайтып, биримдикти чыңдоого убакыт келгени айтыла баштады.

2021-жылы 6-августта Түркмөнстанда чогулган Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кызматташтыктын “Жол картасын” иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактын алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүнү сунуштады:

Шавкат Мирзиёев, Өзбекстандын президенти.
Шавкат Мирзиёев, Өзбекстандын президенти.

“Бүгүнкү реалдуулук бизден Борбордук Азияда экономикалык кызматташтыктын жаңы моделин калыптандыруу үчүн чечкиндүү кадамдарга барууну талап кылат. Өсүштүн жаңы чекиттерин таап, келечекте биздин өнүгүүбүздүн жаңы кыймылдаткычтарын аныктоо маанилүү. Аймактын ичиндеги сооданын көлөмүн көбөйтүү зарыл. Эркин соода режимине толук өтүү үчүн ортодогу тоскоолдуктарды жоюу маанилүү. Бул үчүн биздин өлкөлөрдүн ишкерлери менен аймактардын ортосундагы түз бизнес байланыштарга дем берип, инвестициялык, экономикалык форумдарды, өнөр жай көргөзмөлөрүн үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл. Андай иш-чаралар сөзсүз өз натыйжасын берери шексиз. Анткени бизнес жана өнөр жай ишканалары жолукканда өз ара макулдаша алышат. Консультативдик кеңеште аймактык соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы багыттары боюнча келишимди кабыл алуу мезгили келди деп эсептейм”, - деди президент Шавкат Мирзиёев.

Расмий Ташкент соңку мезгилде тышкы саясатынын негизги багытын Борбор Азиядагы кошуналарына буруп, чөлкөмдөгү кызматташтыкка артыкчылык берерин жарыялап келет.

Өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Толипов Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин түзүп, кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы кадам ташталганын белгиледи:

Өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Толипов.
Өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Толипов.

"Мында конкреттүү мөөнөттөр коюлган “Жол картасы” аймактык кызматташтык боюнча аткарыла турган так иш-чараларды ичине камтыйт десек болот. Президенттер кийинки жолугушууга атайын документти - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ХХI кылымдагы достук, ынак кошуналык жана кызматташтык тууралуу” келишимин иштеп чыгып, кол коюу чечими кабыл алынганын билдиришкен. Бул жаңы келишим болот. Мындай мисалдар Борбор Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык жараян аз-аздан күч ала баштаганын кабарлайт. Кеңешме жолугушуулар болочокто кандай деп аталса да, толук кандуу деңгээлге чыгышы керек. Эгемендик алгандан кийин чөлкөмдө Борбор Азия кызматташтык уюму бар болчу. Ал ийгиликтүү иштеп келген. Бирок, ал белгилүү бир себептер менен 2005-жылы ишин токтоткон. Мүмкүн анын тажрыйбасы азыр керек болот. Аны мына ошондой аташ керекпи же жаңычабы. Эмне болсо дагы, толук кандуу аймактык уюмду түзүүгө убакыт жетти", - деди ташкенттик талдоочу Фархад Толипов.

Чек аралардагы тоскоолдуктар

Түркмөнабаддагы жолугуушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров соода-экономикалык алаканы күчөтүп, кызматташтыкты арттыруу демилгесин колдоду. Бирок, бул үчүн алгач мамлекеттер ортосундагы мамилеге таасирин тийгизип жаткан чек аралардагы жасалма тоскоолдуктарды алып салып, чек ара талаштары сыяктуу орчундуу маселелерди чечүү жолдорун аныктап алууну сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров чөлкөмдүн биргелешүү жараяны өлкөлөр ортосунда өз ара ишеним калыптанганда гана ишке ашарын айтып өткөн:

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти.

"Эгерде мамлекеттик чек аралардагы тоскоолдуктар сактала турган болсо, ийгиликтүү ишке ашчу инвестициялык долбоорлор жана жаңы транспорттук коридорлор чөлкөмдүн өлкөлөрүнө эч кандай пайда алып келбестигине көңүлүңүздөрдү бурам. Буга байланыштуу эл аралык жүк ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөлөр ортосунда жүктөрдүн кечигип, кармалып өтүүсүнө жол бербөө, ошондой эле экономикалык кооперацияларга болгон тоскоолдуктарды жоюу, өлкөлөр ортосундагы чек аралардан жана транзит аркылуу өтүү жол-жоболорун жумшартуу маанилүү. Соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү милдети өз ара сооданы колдоого багытталган тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин шайкеш иштөөсүнүн эсебинен гана аткарылат. Заманбап логистикалык борборлорду куруу, өнөр-жай кооперацияларын тереңдетүү жана чек ара өткөрмөлөрүн жаңылап, оңдоо сыяктуу чаралар болушу шарт”, - деген болчу президент Садыр Жапаров.

Мурда СССРдин курамына кирген Борбор Азиянын 5 республикасы 1991-жылы эгемендигин жарыялаган. Бул юбилейлик датага карата Каспий боюндагы Түркмөнстандын Аваза курорттук аймагына беш өлкөнүн лидери 2021-жылы 5-августта кеңешме-жолугушуунун алкагында чогулган. Анда аймактык кызматташтыкка жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бөлүндү.

Бирок, эки тараптуу мамилелерди жана чек ара талаштары сыяктуу курч маселелерди жөнгө салуу жолдору талкууланганы айтылган эмес.

Рахмонго ыйгарылган сыйлык

Ошол эле кезде “Борбор Азиядагы тынчтыкка жана коопсуздукка кошкон салымы үчүн” деген негизде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго “Борбор Азия мамлекет башчыларынын Ардак белгиси” деген алгачкы сыйлык тапшырылды.

Эмомали Рахмон бул сыйлыкка ыраазычылгын айтып, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз ара түшүнүшүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилеген:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

"Муну мен жеке өзүмө гана эмес, даңктуу тажик элине көрсөткөн сый-урматыңыздар катары карайм. Тажикстан чөлкөмдөгү өлкөлөр менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу интеграция жана жемиштүү кызматташтык үчүн дайыма умтулуп келген жана дагы умтула берет деп ишендирем. Борбор Азиядагы кеңешме жолугушуулар механизминин аркасы менен биздин мамлекеттер аймактагы коопсуздуктан баштап, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкка чейинки маселелерди талкуулап, жалпысынан тил табышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Биздин ар бир жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрү абдан чечкиндүү жана ырааттуу түрдө коюлган максаттарга жете аларын тастыктап турат. Ал максаттар түшүнүктүү, жөнөкөй болуп, мурда кандай болсо ошол бойдон өзгөрүүсүз калат. Бул - тынчтык, туруктуулук жана чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүнүн ырааттуу өнүгүүсү", - деген Эмомали Рахмон.

Чек ара чыры, Ооганстандагы кырдаал

Бирок, кеңешме жыйында аймактагы тынчтыкты, коопсуздук менен кызматташтыкты камсыздоо шарттары жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорунда кандай жетишкендик болгону айтылган жок.

Бул кеңешмеде Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери ийиндеш отуруп, иш-чарага катышып, өз ара пикир алмашкандан кийин деле кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу жөнгө салынган жок.

Ооганстанда “Талибан” кыймылы быйыл 15-августта бийликти басып алып, кырдаал чукул өзгөрүп, ага карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн пикири эки анжы болуп турган маалда жана чек ара чатагына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси солгундап турганда тажик президентине бул жогорку сыйлыкты ыйгаруунун түпкү мүдөөсү түшүнүксүз бойдон кала берди.

Алматыдагы Казак-немис университетинин доценти, эл аралык жана аймактык мамилелер боюнча эксперт Рустам Бурнашев мындай шартта Борбор Азия биримдиги тууралуу сөз кылуу эрте дейт:

Казакстан – Рустам Бурнашев, cаясий чечимдерди изилдөө жана консалтинг институтунун директору. Алматы, 20 август 2012-ж.
Казакстан – Рустам Бурнашев, cаясий чечимдерди изилдөө жана консалтинг институтунун директору. Алматы, 20 август 2012-ж.

"Борбор Азияда мындай интеграциялык жараян дээрлик жок. Мен ошондой эле андай нерсе көп тараптуу негизде жакынкы келечекте калыптанат деп да ойлобойм. "Кызматташуу" деп эле кызматташа берген туура эмес. Биз муну интеграция деген идеал болуп турган 90-жылдары баштан өткөргөнбүз. Жөн эле кызматташтыктын мааниси жок. Борбор Азия өлкөлөрү өз алдына кандайдыр бир максатты коюп, кайсы бир түзүмдөрдү негиздөө идеяларын коё алышат. Бирок ал идеялар ишке ашып, бир жыйынтык бербесе, анда ал идея бойдон гана калат. Тилекке каршы, биздин тажрыйба ошону көргөздү.

Мисалы, биздин чөлкөм Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара чыры, Ооганстанда кырдаалдын чукул өзгөрүүсү сыяктуу чакырыктарга туш болду. Биз Борбор Азияда бул окуяларга карата кандайдыр бир жамааттык реакция болбогонун көрдүк. Биздин кыргыз-тажик чек ара көйгөйү боюнча иштелип чыккан жалпы позициябыз жок. Чөлкөмдөгү ар бир өлкө башчысынын билдирүүлөрү гана болду. Бирок, бирдиктүү жамааттык позиция иштелип чыккан жок. Ооганстан боюнча да ошондой. Ар бир өлкөнүн өзүнчө туруму бар. Кээ бирлериники окшош. Тажикстан болсо бардыгынан айырмаланып, “Талибан” өкмөтүн кабыл албаган катуу позициясы бар экенин айтты. Кандайдыр бир биргелешкен позицияга келүү боюнча кандайдыр бир көрсөтмө жок", - деди эл аралык мамилелер жана аймактык коопсуздук боюнча эксперт Рустам Бурнашев.

Ички карама-каршылык, Кремлдин "көзүрү"

Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасы өткөн 30 жыл аралыгында бирде бекемделсе, көпчүлүк учурда өз ара кызыкчылыктардын талашынан улам солгундап турду. Анда аймактын өлкөлөрү газ берүүнү токтотуу же чек араларын жаап салуу аркылуу бири-бирине басым жасап, кыр көрсөткөн учурлар да болгон.

Кошуна мамлекет башчылары ачык кайым айтышкандын айынан жолугушуулары да азайып кеткен. Борбор Азия лидерлеринин августта Авазада жолугушуусу – мындай форматта өткөн үчүнчү кездешүү болду. Бул иш-чара 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырылып, аны өткөрүүнү Түркмөнстан өзүнө алган. Буга чейин мындай кеңешме жолугушуулар 2018-жылы Нур-Султанда, 2019-жылы Ташкентте өткөн. Бул кеңешме 2005-жылы жоюлган Борбор Азия кызматташтык уюмунан кийин Орусиянын катышуусуз өткөн алгачкы жолугушуу катары каралды.

Кыргызстандык социолог Кайрат Жамангулов Борбор Азияда өз ара ишенимдин төмөндүгүн жана алардын тышкы басымга туруштук берүү абалын белгиледи:

Кыргызстан. Кайрат Жамангулов, социология илимдеринин кандидаты.
Кыргызстан. Кайрат Жамангулов, социология илимдеринин кандидаты.

“1990-жылдардан кийин борбор Азия биримдик маселеси көтөрүлүп, штаб-квартирасы Ташкент шаарында жайгашкан аймактык кызматташтык уюму негизделген. Бирок, ошол кезде бир нече убакыттан соң бул уюмдун курамына Орусия кошулуп, андан ары бул уюмдун иштөөсүн токтотуп салууга жетишкен. Анткени Москвага мындай уюмдун кереги жок болчу. Ал өзү бул уюмга киргенден кийин ЕврАзЭШ – Евразиялык экономикалык шериктештик уюму негизделип, буга байланыштуу Борбор Азия кызматташтык уюму жоюлган. Орусия бул маселени азыр деле көзөмөлдөп турат. Бирок, соңку мезгилде КМШ аймагында геосаясий өзгөрүүлөр, чакырыктар жана тобокелчиликтер пайда болду. Украинага таандык Крым жарым аралын Орусия өзүнө каратып алды. Бул нерсе Казакстанды бир кыйла сестентип койду. Анткени орусиялык саясий элита “Түндүк Казакстан Орусияныкы” деген көз карашты улам жайылтып туруп алды. Анан казак бийлиги Орусиянын кызыкчылыгын эске алып, тил маселеси жана жер-суу аттары боюнча баштапкы саясатын жумшарткан болчу. Бирок, Орусия тараптан жанагындай чакырыктар токтогон жок. Ошондон кийин өткөн эки жылдан бери Казакстан эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн Борбор Азия биримдиги керек экенин түшүндү. Ортодо ар түрдүү талаштуу маселелер көп. Эң башкысы чөлкөмдүн өлкөлөрүндө бири-бирине ишенбөөчүлүк жогору. Чек араларын улам жаап, сооданы кысып, жүктөрүн өткөрбөгөн жеке кызыкчылыктардын туткунунан чыга албай келишет. Мындай учурда биримдик болуп, сырткы басымга чогуу каршы туруу оңой эмес”, - деди кыргызстандык илимпоз-социолог Кайрат Жамангулов.

Нур-Султан менен Ташкенттин далалаты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-декабрда Нур-Султанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Бул анын экинчи мөөнөткө шайланган соң жасаган алгачкы мамлекеттик визити болду. Адатта чөлкөмдөгү президенттер жаңы шайланганда же кайра шайланган учурда өзгөчө урматын көргөзүп, салттуу түрдө биринчи визитин Москвага жасап келген.

Бул жолу мурунку салтты бузган, адаттан тыш сапардын алкагында Өзбекстан менен Казакстандын союздаштык мамилелери тууралуу декларацияга кол коюлду. Бул көрүнүш эки өлкөнүн Борбор Азияда жаңы кызматташууга пайдубал түптөп, жаңыча мамилени жандантууга чыйыр салган кадам катары белгиленди.

Ошондой эле, тараптар соода көлөмүн беш миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдашып, экономикалык алаканы андан ары илгерилетүү үчүн 2022-жылга карата бир катар иш-чаралар мерчемделген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамиле Борбор Азиядагы абалды аныктаарын айткан:

Касым-Жомарт Токаев. Казакстандын президенти.
Касым-Жомарт Токаев. Казакстандын президенти.

“Жогорку деңгээлдеги интенсивдүү жүргөн ишеним диалогу аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойной турганы талашсыз. Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү акыркы беш жылда бир жарым эсеге өсүп, 4,6 миллиард долларды түздү. Практика көрсөткөндөй, системалуу диалог жана макулдашылган иш-аракеттер жалпы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң натыйжалуу жана иш жүзүндө жалгыз альтернативасыз механизми. Мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштардын чыңдалышын: биргелешкен ишканалардын санынын көбөйүшүн, өнөр жай, энергетика, машина куруу, айыл чарба жана башка тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырууну өзүнчө белгилей кетүү керек. Соода тоскоолдуктары жоюлуп, чек араларда жаңы өткөрүү пункттары ачылып, жаңы аба каттамдары жана темир жол каттамдары ачылууда”, - деди президент Токаев.

Кабыл алынган союздаштык декларациясын болочокто келишим деңгээлине чыгаруу бул эки өлкөнүн Борбор Азия биримдигине пайдубал түптөө далалаты катары каралды.

Саясат таануучу Эмил Жороев демилге бекеринен көтөрүлбөгөнүн белгилейт.

Кыргызстан. Эмил Жороев, саясат таануучу.
Кыргызстан. Эмил Жороев, саясат таануучу.

“Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташуусу жандана башташынын себеби эмнеде? Бул жерде дүйнөлүк деңгээлдеги геосаясий жагдай өзгөрүп, жаңы чакырыктар жана тобокелчиликтер пайда болгону ага өбөлгө түздү. Бизге кошуна болуп турган Кытай жана Орусия сыяктуу чоң мамлекеттердин Батыш жана АКШ менен болгон мамилесинин алкагында биз алардын ортосунда жайгашкан өлкөлөр кандай аракеттерди жасасак болот? Биз мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын канткенде коргоп кала алабыз? Чоң мамлекеттердин тирешинде курмандыккка айланып калбайбызбы деген сыяктуу олуттуу суроолор пайда болду. Чөлкөмдө биримдик болгондо гана ушундай коркунучтарга туруштук берүүгө болорун бардыгы түшүндү. Майда мамлекеттер өзү жалгыз мындай чакырыктарга туруштук бере алышпайт. Өзгөчө азыр Казакстан менен Өзбекстандын соңку аракеттерин карасак, алар тышкы саясатынын стратегиялык багыттарын алдын ала карап, биримдик аркылуу жол издеп жатканын байкоого болот”.

Бээжиндин дүйнөлүк паркындагы Москва Кремлинин кичинекей көчүрмөсү
Бээжиндин дүйнөлүк паркындагы Москва Кремлинин кичинекей көчүрмөсү

Москва Борбор Азияны коё бергиси келбейт

Жакында Орусия НАТОго жана АКШга коопсуздуктун кепилдиктери тууралуу макулдашуунун шарттарын сунуштады. Анда Чыгыш Европа, Кавказ менен катар эле Борбордук Азия дагы анын таасириндеги аймак катары камтылган. Өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Толипов муну империялык көз караштын саркындысы катары баалады.

"Орусия тараптан жакында эле чыккан билдирүүдө Борбор Азия Орусиянын таасириндеги аймак болуп калышы керек деп ачык эле айтылды. Тилекке каршы, бул нерсе Орусияда империялык дүйнө таанымдын саркындылары дагы деле сакталып калганынан кабар берет. Башкача айтканда, Орусия пост-советтик өлкөлөргө эл аралык мамилелердин аны менен бирдей субъектиси катары эмес, саттелит катары же ага баш ийген мамлекеттер катары мамиле кылат. Теңдик принциби бул билдирүүдө четке кагылган. Анткени сунушталган макулдашууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз тагдырын өзү чечип, биздин кызыкчылыкка туура келген кайсы уюмга кирүү же кирбөө боюнча көз карандысыз чечим кабыл алуу же өз алдынча тышкы саясатты аныктоо укугун Орусия тааныбай турганын көрсөтүп жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен бирдей көз карандысыз субъектер эмес, ага баш ийген бойдон калышы керек дегендей ишарат турат. Тилекке каршы, ушундай империялык саркынды кайрадан калкып чыкты. Бул жаңы эмес. Буга чейин ар түркүн саясатчылардын, эксперттердин оозунан ушундай нерселер угулуп калчу. Бирок бул жолу расмий деңгээлде өтө эле кескин түрдө, өтө эле ачык айтылып жатканы бир эле Борбор Азия же постсоветтик аймакта эмес, Батышта дагы сын-пикир жаратты. НАТО расмий түрдө Орусиянын бул сунушун четке какты. АКШ дагы муну четке кагат болсо керек. Анткени бул нерсе аябай эле аша чапкандай көрүнөт", - деди өзбекстандык саясат талдоочу Фархад Толипов.

Ошол эле кезде Борбор Азия Орусиянын таасириндеги аймак деген ырастоолорун айткан талдоочулар да аз эмес. Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Муллажанов Москванын мындай бекемдөөсү жаңылык эместигин, бирок соңку мезгилде анын таасири азайып, тескерисинче Кытайдын ролу өсүп жатканын айтты.

Орусия өткөн XIX кылымдан бери Борбордук Азияда эң чоң таасирге ээ болуп, анысын соңку 30 жылда да сактап калганы белгиленген. Анткени менен Борбор Азияда Түркиянын, Сауд Арабиясы баш болгон ислам дүйнөсүнүн жана Иран менен Пакистандын таасири да белгиленип жүрөт. Борбор Азияга Кытай ири өлчөмдө насыяларды берип, таасирин арттырууда. Бээжин болочокто аймактагы таасири боюнча Москваны артка калтырышы мүмкүн деген божомолдор да бар.

Орусия чөлкөмдүн коопсуздук курун колдон чыгара элек. Анын Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик базалары бар. Анан да Борбор Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр Москваны коопсуздуктун кепили катары көргөн менен аймактагы коопсуздукка байланыштуу кыйчалыш жагдайда Орусиянын түшүнүксүз туруму чочулаткан учурлар да арбын. Ооганстанда талибдердин бийликке кайтып келиши Борбор Азияда Орусия аскердик жардамын көбөйтүп, аймактагы таасирин күчөтөрү болжолдонгон.

Бул жагдайда аймакта Кытай менен Орусиянын кызыкчылыктары кагылышабы же алар XIX кылымдагыдай кызыкчылык тилкелерин өз ара бөлүшүп алып, башкарууга өтүшөбү деген суроолордун башы ачылбай турган учур.

XIX кылымдын 1851-1860 жана 1887-жылдары Орусия падышачылыгы менен Кытайдын ортосунда Борбор Азиядагы элдин чек араларын өзгөрткөн “Кулжа келишими” жана “Кашкар макулдашуусу” сыяктуу документтерге кол коюлуп, эки тараптуу чек араларды жана өз ара таасирди бөлүштүрүү жүргөнү белгилүү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:18:42 0:00
Орусияда мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:38 0:00

29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады. Талаш-тартыш менен башталган алгачкы жыйында төрагалыкка Адахан Мадумаров менен Талант Мамытов көрсөтүлдү. Орусияга иштегени барган чет өлкөлүктөр, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүп, манжа изин тапшырышы керек. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун "Омикрон" штаммы ооруканаларга күч келтирип, оорчулуктарды жаратышы мүмкүн деп эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG