Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:34

Экономика

Назикат Шаршенбаева, Стамбул. 2021.
Назикат Шаршенбаева, Стамбул. 2021.

Соңку жылдары Түркияда сулуулук салондорун ачкан кыргызстандык кыз-келиндер көбөйдү. Салондор чет өлкөлүк жана жергиликтүү кардарларга кызмат көрсөтөт. Пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр сулуулук салондорунун иш тартибин да, ишкердиктин ыргагын да өзгөрттү.

Назикат Шаршенбаева төрт жылдан бери Стамбулда визажист жана стилист болуп иштейт. Ал негизинен үйрөнчүктөргө макияждын сырларын окутуп, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүндө айымдардын ажарына ажар кошот.

Назикат Шаршенбаева окуучулары менен.
Назикат Шаршенбаева окуучулары менен.

Назикат чакан бизнесин пандемияда дагы токтотуп койбой, эми мекендеши менен Стамбулдун эң таанымал аймагында сулуулук салонун ачууга бел байлап турат. Ал Түркияда сулуулук тармагында иштеген кыргызстандыктардын саны жыл сайын өсүп жатканына токтолду.

"Мисалы Түркияда чач тарач ачуу кыйынырак. Ал үчүн атайын сертификаттар талап кылынат. Ал эми сулуулук салон ачкандар "мен чач тарач ачпайм" деп сөз беришет. Андыктан кыргызстандык кыздар көбүнчө сулуулук салондорун ачып жатышат. Ошондой эле чач тарач болуп Түркияда иштөө бираз кыйын. Бирок, мисалы, макияждын түрлөрүн, тырмакты коздоо, кирпик, жаш жасалгалоо иштерин жасай алышат. Менин билишимче көп эле кыргызстандык, казакстандык кыз-келиндер Стамбулда сулуулук салонун ача башташты", дейт Назикат.

Ал пандемияга чейин тойлордо колуктунун чачын жасап, макияж жасап жүрсө, эми расмий ишкердик баштаганы турат. Ал үчүн түрк мыйзамдары кандай документтерди талап кылса, баарын кынтыксыз даярдаган.

Назикат сулуулук салонунун кирешесинен жана ижара акысынан, айлыктан тышкары 20 пайызга жакын салык төлөөгө милдеттүү. Коронавирус пандемиясында түрк бийлиги айрым ишканаларга жеңилдик бергени менен чет өлкөлүктөрдүн бизнеси андан куру кол калган.

Назикат Шаршенбаева жана түрк келини.
Назикат Шаршенбаева жана түрк келини.

"Түркияда салон ачыш оңой. Бир гана чет өлкөлүк болгондуктан эмгек визасын алууга айрым дипломдор жана сертификаттар талап кылынат. Анткен менен түрк бийлиги учурда сулуулук салондоруна салыктан, ижарадан жардам берген жок. Мисалы, Европада сулуулук салон, кафе-ресторандарга пандемияда жеңилдиктер берилет деп уктук. Ал эми Түркияда бул маселеге кайрылышкан эмес".

Ошондой эле Назикат Шаршенбаева Түркияга келип сулуулук тармагында иштейм деген кыргызстандыктарга чет тилдерин үйрөнүүгө кеңеш берет.

"Алгач түрк тилин жакшы үйрөнүү зарыл. Биздикилер орус тилин билгендиктен, ал чоң артыкчылык. Аны менен катар англис тилин да билип алса жакшы болот, анткени Стамбул чоң туристтик шаар жана көп туристтер келет. Азыр дүйнөдө интернет жана социалдык тармак өнүгүп, көп мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Мен 2018-2019-жылдары чет өлкөлүк келиндер менен иштедим. Ал эми 2020-жылы чек аралар жабык болгондуктан түркиялык келиндерге макияж жасадым. Эми пандемия чектөөлөрү бираз жеңилдесе дал ушул чет өлкөдөн Түркияга келип той өткөргөн кыз-келиндер менен иштейм деп пландап турам. Анан, албетте, жергиликтүү кардарларымды да унутпайм", деди Назикат.

Стамбул шаарында жети ай мурун "312" сулуулук салонун ачкан мекендешибиз Аиданын кардарлары, негизинен, чет өлкөлүк кыз-келиндер.

8-март Түркияда кадимки иш күнү саналса да, Аида кыргызстандык курбуларын чакырып, аларды атайын сулуулай турганын айтты.

"Биздин салонго негизинен казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, орус, ирандык кыздар келишет. Албетте, жергиликтүү кыз-келиндерди да тейлейбиз. Ал эми салонубузга дайым келип турган кыздар менен атайын отуруп, сүйлөшүп 8-мартта майрамдайлы дедик", дейт Аида.

Ал эми Мира Дөөлөталиева жети жылдан бери Түркиянын башкалаасы Анкарада сулуулук салонун иштетет. Ошону менен катар жергиликтүү Билим берүү академиясында бул тармакка жаңыдан келгендерге сабак өтөт.

Мира пандемиядан улам түрк бийлиги киргизген жаңы эрежелерге ылайык кардарларды тейлегенге аракет кыларын айтат.

Мира Дөөталиева.
Мира Дөөталиева.

"Демейдегидей эле бир жылдан бери сулуулук салондору эрежеге ылайык тазаланып туруш керек. Кардарлар да келгенде колун жууп, беткапчан отурушат. Ар бир кардар кеткенден кийин ал отурган жер сөзсүз дезинфекцияланат. Бул жергиликтүү бийликтин талабы".

Ошондой эле Мира түркиялык кардарлардын айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

"Бизге негизинен түрк кыз-келиндер келет. Алар алдын ала жасала турган ишин кеңешип, бизден пикир сурашат. Ал эми кыргызстандыктардан айырмаланып түрк кардарлар ийкемдүү келишет. Мисалы, бир маникюрду туура эмес жасап койсок деле анын акысын төлөп, "кийин жакшы жасап бер" деп макулдашып кетишет. Буга чейин биздин салонго нааразы болгон кардар чыга элек, буюрса", дейт Мира.

Мира Дөөталиеванын сулуулук салонунда иштеген кыз-келиндер жана кардары.
Мира Дөөталиеванын сулуулук салонунда иштеген кыз-келиндер жана кардары.

Ал арада Түркияда учурда 108 миңден ашуун сулуулук салондору расмий каттоодон өтүп иштеп жатышат. Алардын баары былтыр коронавирус чектөөлөрүндө бир канча айга жабылып, былтыр 11-майдан тартып кайра иштей башташкан.

Пандемияда кардарлардын үйүнө же жумушуна барып сулуулук тартуулаган чеберлердин саны да өскөнү байкалат.

Ишкер аялдардын огожо өнөктүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Кыргызстанда “Ишкер аялды колдо” деген ат менен өнөктүк башталды. Иш-чаранын максаты - ишкерликке ынтызар аялдардын экономика, бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу болуп эсептелет. Адистер Кыргызстанда мурдагы гендерлик сокур ишенимдердин айынан кыз-келиндерди жумушка тартуу маалында дагы деле кыйынчылыктар көп дешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG