Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Экономика

Оогандар Борбор Азиянын товарына кызыгат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00

Соңку жылдары ооган базарларында Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан ташылган товарга суроо-талап өстү. Өзгөчө азык-түлүк жана курулуш материалдары көп сатылат. Оогандар түндүгүндөгү коңшуларынан алынган продукция Иран менен Пакистандыкына салыштырмалуу сапаты жакшы экенин айтышат. Расмий Кабул соода-сатыкты өнүктүрүү саясий туруктуулук менен коопсуздуктан көз каранды экенин белгилейт.

"Astra Zeneca" вакцинасы. Жалпы сүрөт. 2021-жылдын 14-марты.
"Astra Zeneca" вакцинасы. Жалпы сүрөт. 2021-жылдын 14-марты.

Германия карантин талаптарын катаалдатууда. Европадагы бир катар өлкөлөр «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөө ишин жандантышты. Кытай менен Орусия бир вакцинаны биргелешип иштеп чыгышты... Коронавируска каршы күрөш жаатындагы соңку маалымат топтому.


Германиянын канцлери Ангела Меркел Европада улам жаңы күч менен жайылып жаткан коронавирус илдетинин эселеп өсүшүн токтотуу үчүн өз өлкөсү чукул чараларды көрүшү керек, деп билдирди.

Германиянын федералдык бийлигинин жана жергелеринин өкмөттөрүнүн 19-марттагы саммитинен кийин Меркел дал ушундайча санааркоосун ортого салды. Европанын эң ири экономикасын түзгөн бул өлкө вирустун британиялык алааматтуу түрүнүн тездеп жугушунун айынан пандемиянын үчүнчү толкунуна кириптер болууда.

Канцлер Ангела Меркел. Берлин, Германия. 2021-жылдын 19-январы.
Канцлер Ангела Меркел. Берлин, Германия. 2021-жылдын 19-январы.


"Мен бул чукул кырдаалдагы авариялык тормозду колдонбостон акыбалдан чыгып кетебиз го деп үмүттөнгөм, бирок жакынкы өткөн күндөрдүн өнүгүшүнө көз чаптырсам, мындай жеңилдикке эч мүмкүн эмес", – деди Меркел айым.

"Биз чамдай алабыз жана көбүрөөк ийкемдүлүктү көрсөтө алабыз... Биздин ураан – эмдөө, эмдөө, эмдөө", – деди Меркел айым.


Германиянын Саламаттык сактоо министри Йенс Шпан мырза эмдөө иш-аракети пандемиянын үчүнчү толкунун ооздуктай албайт, деп саал мурдараак эскерткен, анткени, Европанын башка жерлериндей эле, эмдөө өнөктүгүн жайылтуу иши бул өлкөдө да вакцина өндүрүүнү жана камсыздоону создуктуруу маселелерине байланыштуу өтө жай-баракат жүрүп жатат.

"Үчүнчү толкунду жалаң гана эмдөө жолу менен токтотуу үчүн Европада вакцинанын дозалары али жетишсиз. Эгерде ал түгүл Европа Биримдигинин буюртмаларын жеткирүү ишенимдүү жүзөгө ашырыла турган болсо дагы, баары бир тобокелдик топтору толук эмделгенге чейин бир нече апта талап кылынат", – деди Шпан мырза.

Быйыл апрель айынан баштап Германияда коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү атайын эмдөө борборлорунда гана эмес, үй-бүлөлүк дарыгерлердин кабылдоо бөлмөлөрүндө да жүргүзсө болот деп күтүлүүдө.

Сербиядагы карантин. Белград. 2021-жылдын 17-марты.
Сербиядагы карантин. Белград. 2021-жылдын 17-марты.


Польша, Франция жана башка бир катар өлкөлөр дагы коронавирустун жайылышынын үчүнчү толкунуна бөгөт коюу үчүн акыркы күндөрү жаңы чектөөлөрдү киргизишти.

20-мартта Парижде жана Франциянын башка аймактарында бир айга созулган коронавирустук катаал карантин күчүнө кирет. Карантин киргизилген аймактарда калайык өздөрү жашаган жеринен 10 чакырым радиуста гана ары-бери жүрүүгө уруксат алышат. Бул чаралар өлкөнүн башка аймактарына дагы жайылышы мүмкүн, деп француз бийликтери эскертишти. Алар өлкөдөгү пандемиянын үчүнчү толкунун коронавирустун "британиялык түрүнүн" пайда болушу менен байланыштырууда.

Жаңы эле коронавируска каршы эмделген жубайлар. Париждин жанындагы Шампини-сюр-Марн. Франция. 2021-жылдын 12-марты.
Жаңы эле коронавируска каршы эмделген жубайлар. Париждин жанындагы Шампини-сюр-Марн. Франция. 2021-жылдын 12-марты.


Бул окуяларга мезгилдеш эле, Франция, Германия жана Италия да камтылган Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрү Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы өндүрүп жаткан вакцинаны эмдөөдө колдонууну 19-мартта кайра жандантышты.


Андан бир күн мурда, 18-мартта, Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасын коронавируска каршы эмдөө заты катары "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкан болчу.

ЭМАнын аткаруучу директору Эмер Кук (Emer Cooke) айым агенттиктин текшерүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырып жатып: "Комитет таасын илимий тыянакка келди", – деди.

"Бул – коопсуз жана натыйжалуу вакцина. Калайыкты “COVID-19” илдетинен сактоодогу анын артыкчылыктары – бул оорудан келип чыккан өлүм-житимге жана ооруканага жаткырууга байланыштуу тобокелдиктерден алда канча жогору", – деп Кук айым 18-мартта баса белгилеп айткан.

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс (Jean Castex) мырза Париждин чет жакасындагы ооруканада «AstraZeneca» вакцинасы менен COVID-19 илдетине каршы эмделди. 2021-жылдын 19-марты.
Франциянын премьер-министри Жан Кастекс (Jean Castex) мырза Париждин чет жакасындагы ооруканада «AstraZeneca» вакцинасы менен COVID-19 илдетине каршы эмделди. 2021-жылдын 19-марты.


Франциянын премьер-министри Жан Кастекс мырза 19-мартта «AstraZeneca» вакцинасы менен COVID-19 илдетине каршы эмделди. Өкмөт башчынын эмделишинин жүрүшүн калайык «BFMTV» сыналгы каналынан обого түз чыккан берүү аркылуу байкап турушту.

Жума күнү (19-мартта) Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделди. Ал былтыр коронавируска чалдыгып, ооруканага жатып араң айыккан болчу. Жонсон дарыгерлерге жана саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине терең ыраазычылыгын "Твиттердеги" барагы аркылуу билдирди.

Евробиримдиктен чыгып кеткен Улуу Британия – коронавируска каршы эмдөө көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта турган өлкөлөрдүн бири. Бул падышалык өзүндө өндүрүлүп жаткан «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөсүн эч токтоткон жок. Анын калайыгы башка вакциналар менен да эмделүүдө.


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги «AstraZeneca» вакцинасына убактылуу бөгөт коюп койгондугуна жергиликтүү калайык аң-таң калууда. Ансыз да өлкө вакцина таңкыстыгына кириптер болуп жаткан.

Ал эми Чехия, Украина жана Грузия сыяктуу өлкөлөр бул арзан жана сактоо шарттары оңой вакцина менен эмдөө ишин эч үзгүлтүккө учуратышкан жок.

Эгерде эң мыкты вакцина саналган Pfizer/BioNTech вакцинасы Целсий боюнча бери дегенде минус 70 даражада (градуста) сакталышы керек болсо, Moderna вакцинасы – бери дегенде минус 20 даражада сакталууга тийиш, ал эми Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина (орусиялыктардын Sputnik-V вакцинасындай эле) үйдөгү кадыресе муздаткычта эле минус даражада сакталат.

Грузиянын 69 жаштагы президенти Саломе Зурабишвили айым 18-мартта «COVID-19» илдетине каршы «AstraZeneca» вакцинасынын биринчи дозасы менен обого түз чыккан берүү маалында эмделди. Бул күн Зурабишвили айымдын туулган күнү болчу.
Грузиянын 69 жаштагы президенти Саломе Зурабишвили айым 18-мартта «COVID-19» илдетине каршы «AstraZeneca» вакцинасынын биринчи дозасы менен обого түз чыккан берүү маалында эмделди. Бул күн Зурабишвили айымдын туулган күнү болчу.


Грузин бийлиги британдык-шведдик «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан дары заттын түрү болгон Түштүк Кореяда өндүрүлүп жаткан «AstraZeneca-SKBio» вакцинасынын алгачкы 43,2 миң дозасын өлкөгө 13-мартта алып келген.


Кытай «COVID-19» илдетине каршы өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн дагы бир вакцинаны жактыргандыгын Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын Микробиология институту 16-мартта шардана кылган.

Институттун билдирүүсүндө: "Кытай Илимдер академиясынын Микробиология институту биргелешкен ишкана менен биргеликте иштеп чыккан рекомбинанттык коронавирустук вакцина Кытайда өзгөчө кырдаалда колдонууга уруксат алды", – деп айтылат. Бул кытайлык вакцина 1-марттан тартып Өзбекстанда да уруксатка ээ болду.

Карыялар кытайлык "Синофарм" вакцинасы менен эмделүүдө. Лахор, Пакистан. 2021-жылдын 16-марты.
Карыялар кытайлык "Синофарм" вакцинасы менен эмделүүдө. Лахор, Пакистан. 2021-жылдын 16-марты.


КЭРде дагы башка атаандаш он чакты вакциналарды сыноо иштери улантылууда. Ал эми Кытайдын «CanSinoBiologics» компаниясы менен орусиялык «Петровакс» (Petrovax) компаниясы биргелешип иштеп чыккан «Ad5-nCov» аттуу коронавирус вакцинасын каттоо үчүн Орусия арыз бергенин 9-мартта «Интерфакс» кабар агенттиги маалымдаган.

Март айынын башында Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш чех дары өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы даярдаган жергиликтүү вакцина сыноодон өткөрүлүүдө жана өлкөдө жактыруунун акыркы баскычында турат, деп жарыя кылган. Болгону 10,5 миллион калкы бар бул өлкөдө сынактан өтө турган жан коронавируска кабылган жетиштүү киши болбогондуктан, бул дары зат башка өлкөдө акыркы сыноодон өткүрүлүүдө.


Ошол эле учурда орусиялык «Спутник V» вакцинасын Чехияда колдонууну ырааттуу сунуш кылган президент Милош Земандын пикирине өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ян Блатны мырза караманча каршы турууда.

Ал стандарттык тартипте жактыруудан өтпөгөн эч бир вакцинага өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга уруксат берилбей тургандыгын 18-мартта дагы бир жолу баса белгиледи.

Трамвайдагы коронавируска каршы эскертүү. Либерец шаары, Чехия. 2021-жылдын марты.
Трамвайдагы коронавируска каршы эскертүү. Либерец шаары, Чехия. 2021-жылдын марты.

«Эгерде кимдир-бирөө Дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкармалыкты жана Саламаттык сактоо министрлигин айланып өтүүнү кааласа, мен буга жигердүү каршы чыгам», – деди Блатны мырза.

Ал эми Жапониянын «Daiichi Sankyo» дары-дармек компаниясы өлкөдө «AstraZeneca» вакцинасын өндүрө баштагандыгын 12-мартта жарыялаган болчу. «Daiichi Sankyo» компаниясы жарыялаган басма сөз маалымдамасында бул ишканада «AstraZeneca» сунуш кылган эритмени идишке толтуруу жана таңгактоо жумуштары аткарыла тургандыгы айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG