Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Экономика

Бикамал Какен.
Бикамал Какен.

Туугандары Кытайдын Шинжаңдагы "кайра тарбиялоо лагерлеринде" камалган делген кишилердин Казакстанда калган үй-бүлөлөрү абалы кандай? Кытайдан кайтпагандардын балдары кантип жашайт?

Бикамал Какен эки баласы менен акыркы беш жылдан бери Алматы облусунун Жамбыл районунун Узунагаш айылында бир бөлмөлүү үйдө жашап келет.

Бикамалдын алты жана төрт жаштагы эки кызы бар. Кыздары төрт жылдан бери атасын көрө элек.

"Атасы Кытайга кеткенде, кызым беш айлык ымыркай болчу. Эми тили чыгып, атасын көп сурай баштады".

Бикамал 2018-жылы Казакстандын жарандыгын алган. Үйүнүн ижара акысы айына кышында 40 миң теңге (95 доллар), жайында 30 миң теңге (70 доллар). Жолдошу Адилгазы Кытайга жөнөөрдүн алдында аларды ушул үйгө киргизип кеткен.

Бикамал болсо учурда ишсиз, анткени эки кичинекей кызын караганга эч ким жок.

"Атажурт ыктыярчылары" жана "Кайрымдуу мекендештер" сыяктуу уюмдар, карапайым адамдар үзбөй жардам берип турушат. Алматыда жашаган эжем бар. Ал менден атын эч кимге айтпоону суранды. Ал ай сайын ижара акымды төлөп, тамак-аш алып келип турат. Бир күнү ач, бир күнү ток жашап жатабыз" деди Бикамал.

Бикамал Какен. 27-август.2020-жыл.
Бикамал Какен. 27-август.2020-жыл.

Анын туруктуу каттоосу коңшулаш Кайназар айылында болгондуктан, Бикамал кызын Узунагаштагы мамлекеттик бала бакчага жаздыра алган эмес. "Менин туруктуу жумушум жок болгондуктан, акы төлөнүүчү бала бакчага жазылгандан корком" деди ал.

Бикамал жолдошу Адилгазы Мукай уулу төрт жыл мурун тогуз жылга эркинен ажыратылып, учурда Шинжаңда жазасын өтөп жатканын уккан. Бирок күйөөсү кайсы берене менен соттолгонун билбейт.

Казак-Иле автономиялык облусунун Карамай шаарында мунайчы болуп иштеген Адилгазы ден соолугуна байланыштуу 2016-жылы пенсияга чыгып, үй-бүлөсү менен Казакстанга көчүп келген. Бикамалдын айтымында, ошол жылдары Кытайдагы этностук азчылыктарга кысым күчөй баштаган.

"2017-жылы жолдошум Карамайдагы мурунку жумушунан телефон чалып, "сен келесиң, чоң жыйын болот, ага катышышың керек, катышпасаң пенсияңды кесип салабыз" деген. Бирок аны "Хоргос" бажы постунан өткөндө эле кармап кетишкен. Ошондон бери жолдошумдан кабар ала элекмин. Кайненем Карамайга жакын жерде жашайт. Бирок ал мени менен сүйлөшпөйт, сүйлөшүүдөн коркот. Ал тааныштар аркылуу "Адилгазы тогуз жылга эркинен ажыратылды. Азыр ал Карамай түрмөсүндө" деп кабар жөнөттү. Тогуз жылга эркинен ажыратуунун кереги бар беле? Анын бир гана күнөөсү Казакстанга көчүп келгени болду деп ойлойм", - дейт Бикамал көзүнө жаш алып.

"Жайында талаада иштеп, кышында кар күрөдүм"

Ал эми Уултайдын жолдошу Абдыкан Эмберди Кытайга акчасы үчүн кеткен бойдон кайтып келе албай калган. Былтыртан бери Уултай мектеп жашындагы үч баласы менен Тешкенсуу айылында жалгыз жашайт. Алар 2019-жылы Иле-Казак автономиялык облусунан Казакстанга көчүп келишкен.

"Пандемия башталды, чек аралар жабылды" дейт Уултай күйөөсү түрмөдө отурганын айтпастан. Анткени ал "Күйөөң түрмөгө камалышы мүмкүнбү?" деген суроого жооп бергиси келбейт.

Ултайдын айтымында, ал жакында Кытайдын Текес ооданынын администрациясы менен сүйлөшкөн. Алар күйөөсүн чек аралар ачылганда бошотууга убада беришкен. "Кытай жөнүндө жаман жазба, болбосо күйөөң бошобой калышы мүмкүн" дейт ал коркконун жашырбай, ошондой эле Уултай журналисттерден аны сүрөткө тартпоону суранган.

Анын үч баласынын улуусу 11-класста окуса, кичүүлөрү 7-8-класста окуйт. Ортончу уулу катуу ооруп жатканын айтты.

"Дарыгерлер нерв системасынын оорусу дешет. Ал басат, бирок алы жок. Эңкейип бир нерселерди ала албайт, чуркай албайт", дейт Уултай.

Анын баласына азырынча жөлөк пул бериле элек. Уултай акча жоктугунан жана бюрократиядан улам документтерди албаганын айтты.

"Азыр мен документтерди чогултуп жатам. Апрелде уулум текшерүүдөн өтүп, андан кийин балдар ооруканасына жаткырыларын айтышты. Мен ооруканага эки жолу кайрылдым. Бул үчүн көптөгөн документтер талап кылынат экен. Чарчадым. Анын үстүнө бизде акча жетишпейт, бардыгы ошого барып такалат" дейт Уултай.

Казакстанга келгенден кийин кайрылман Уултайдын үй-бүлөсү дароо Кытайдан ала келген акчага үй сатып алган. Бирок күйөөсү Кытайдан келбегенден кийин ал балдарын багуу үчүн жалданма жумуштарда иштей баштаган. Былтыр жайында Уултай талаада күнүнө беш миң теңгеге (12 доллар) жер чапса, ал эми кышында эки ай бою Алматыда көчө шыпырып, кар күрөгөн. Ал жашаган Тешкенсуу айылы менен Алматынын ортосу 100 чакырымга жетет.

Уултай жергиликтүү айыл башчысы анын акыбалын билгендиктен убактылуу жумуш менен камсыз кыларын кошумчалады.

"Күзүндө акимчиликтин жумушка орноштуруу бөлүмүнө каттоодон өтүп, эки ай жол тазалап иштедим. Жайында чогулткан акчага кышында отун сатып алдык. Эми жумушка орношоюн десем, жарандыгыбыз даяр эмес", - деди Уултай.

Анын Казакстандын жарандыгын алууга арыз бергенине жарым жыл болду. Азырынча жарандыктан эч кандай кабар жок. Учурда Уултай Казакстанда туруктуу жашоого уруксат кагазы менен жашап жатат.

Ал ошондой эле кырдаалды курчутушу мүмкүн деген жүйө менен сүрөткө түшүүдөн же даяр сүрөт жөнөтүүдөн баш тартты.

"Дүкөндөрдүн баарына карызмын"

Эки жыл мурун "Азаттыктын" казак кызматы Түркстан облусунун Сарягаш районунда үч баласын жалгыз багып жаткан Мухамет Кызырбектин тагдыры жөнүндө жазган. Казакстанда жашаган Мухамбеттин аялы Аманжол Кыса кызы үч баласын Алматыдагы жакын туугандарына таштап, 2017-жылы Кытайга кеткен. Көп өтпөй кытай полициясы аны "кайра тарбиялоо лагерине" жөнөткөн. Ал эми Үрүмчү полициясы үч айдын ичинде балдары менен кайтып келүү шарты менен Мухаметти бошоткон. Ал Казакстанга кайтып, балдары менен калган.

Мухамет Кызырбек.
Мухамет Кызырбек.

Учурда Мухамет жалгыз балдарын тарбиялайт, бирок жалгыз бой аталардын категориясына кирбейт.

Апасы кеткенде бир жашта болгон кичинекей Бейбарс быйыл 5 жашка толду. Улуусу 13 жашта.

"Аялым Аманжол Үрүмчүдөгү кийим тигүү фабрикасында иштейт, бирок ага эмгек акы төлөнбөйт. Биз жумасына жок дегенде бир жолу телефондон сүйлөшчүбүз, бирок акыркы бир айдан бери такыр кабар жок" деди Мухамбет Кызырбек.

Ал бир нече жыл мурун Казакстандын жарандыгын алган. Кичүү уулу Казакстандын жараны, бирок улуусу дагы эле Кытай паспорту менен жашайт.

Аялы Кытайда калган Мухамбет акча табуу, жер сатып алуу жана үй куруу үчүн Алматыдан Сарыагашка көчүп барган. Бирок сатып алган жеринин документи туура эмес болуп, эми салган үйү катталбай турат.

Мухамет Кызырбек үйүнүн алдында.
Мухамет Кызырбек үйүнүн алдында.

"Мен Сарыагашка каттоодон өтүү үчүн 20 миң теңге төлөдүм. Балдарымды ушул жерге каттатайын десем, акча сурашат экен", - деди Мухамбет.

Ал анткен менен балдарына мамлекеттик жөлөк пул албайт. Улуу баласы мектептен келгенден кийин Мухамбет балдарын ага таштап эски унаасы менен айылга эл ташып, акча табат.

"Жардам сурап мэрияга кайрылсам, "сен аялың менен ажырашканыңды же анын өлгөнүн тастыктаган документ алып кел, болбосо балдарыңа эч кандай жөлөк пул берилбейт" дешти. Тегеректеги дүкөндөрдүн баарына карызым бар. Кышында сатып алган эт үчүн эле 100 миң теңге карызмын", - дейт Мухамет.

15-мартта Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Кытайда жашаган кайрылмандардын маселесин талкуулаганын кабарлады.

"Казакстан жарандарынын Кытайда жашаган туугандары менен жолугушууга жардам сураган кайрылуулары талкууланды. Элчи Чжан Сяо кайрылмандардын туугандары Кытай жарандары экендигин жана өлкөнүн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазаларын өтөп жаткандыгын билдирди", - деп айтылат билдиүүдө.

Шинжаңдагы мусулмандардын жапырт камакка алынышы жана “саясий тарбия лагерлеринде” камалганы жөнүндө алгачкы маалыматтар 2017-жылдын жаз айларында чыга баштаган. Башында мындай "лагерлердин" бар экендигин четке каккан Бээжин кийинчерээк моюнга алган. Ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери" катары сыпаттап келет.

2018-жылы БУУ Шинжаңдын түпкүлүктүү мусулман азчылык топторунун бир миллионго чейин өкүлү Кытайдын түндүк-батышындагы "лагерлерде" кармалышы мүмкүн деп билдирген. Акыркы жылдары Кытай бийлиги өлкөнүн түндүк-батышындагы уйгурларды, казактарды, дунгандарды жана башка жергиликтүү этникалык топтордун өкүлдөрүн негизсиз куугунтуктоо сыяктуу репрессиялык саясаттын куралын активдүү колдонуп келет. Буга эл аралык уюмдардын акыркы изилдөөлөрү да негиз боло алат.

Буга чейин АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер Шинжаңдагы мусулмандардын репрессияларын "геноцид" деп атаган болчу.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын кыргызча которгон Элвира Будайчиева.

Жапаров: Авиабилетти көзөмөлдөйм
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:56 0:00

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баласынын шайлоого аттанганын кубаттады. ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн каза болгон жок.  Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга аба каттамдарынын санын арттырууну жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө алганын жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG