Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Экономика

Казакстандын баш калаасы Нур-Султан
Казакстандын баш калаасы Нур-Султан

"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмесин жарыялады. Сап башына "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос чыкты. Миллиардерлердин жалпы капиталы пандемияга карабай 5 триллион долларга көбөйдү. Быйыл эң байлардын катарына Казакстандан жаңы адамдар кошулду.

Пандемияда байлар көбөйдү

Акыркы бир жылда коронавирус дүйнөлүк экономиканы аксатып койгону менен миллиардерлердин көбөйүшүнө тоскоолдук жараткан жок. Америкалык "Forbes" журналы 6-апрелде жарыялаган жаңы тизмеге ылайык, дүйнө жүзүндө миллиардерлер 660 адамга көбөйүп, алардын жалпы саны эң жогорку чекке же 2755ге жетти.

Тизмеге 493 жаңы миллиардер кошулду. Бул 2020-жылы 17 саат сайын бир адамдын байлыгы миллиард доллардан ашып турду дегенди туюнтат. Жаңы байлардын 210у Кытай менен Гонконгдон чыкса, 98и АКШнын жарандары.

Дүйнөдөгү бардык миллиардерлердин 86 пайызынын байлыгы пандемия шартында азайбастан, тескерисинче көбөйгөн.

"Өткөн жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 8 триллион доллар болчу. Быйыл 13,1 триллион долларга жетти. Бул 5 триллион долларга көп. Андыктан пандемия менен коштолгон бир жыл эң башкы саптардагы адамдар үчүн абдан, абдан эле жакшы жыл болду", - деп билдирди "Forbes" журналынын мазмундук жагына көз салган улук кызматкери Рэндалл Лэйн.

Безос менен Масктын байлыгы артты

Ааламдагы эң бай адамдардын башкы сабына быйыл да "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос чыкты. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйүп, жалпысынан 177 миллиард долларга жетти. Безостун байлыгынын артышына интернет аркылуу товар сатууга шарт түзгөн "Amazon" компаниясынын акцияларынын өскөнү себеп болду.

"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, Сиэтл шаары, 18-июнь 2014-жыл.
"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, Сиэтл шаары, 18-июнь 2014-жыл.

Ал эми электр унааларын чыгарган "Tesla" компаниясынын башчысы Илон Маск алгач ирет экинчи сапка көтөрүлдү. Бир жыл мурда эле миллиардерлердин тизмесинде 31-катарда турган Масктын байлыгы быйыл 151 миллиард долларга жетти. Ал бир жылда байлыгын 126,4 миллиард долларга көбөйтүп, бул жагынан Безосту артка таштады. Буга "Tesla" компаниясын акциясы 12 ай ичинде 705 пайызга өскөнү себеп болду.

Үчүнчү орунга "Louis Vuitton" жана "Christian Dior" люкс бренддеринин кожоюну, франциялык Бернар Арно ээ болду. Анын байлыгы бир жыл ичинде дээрлик эки эсе көбөйүп, 150 миллиард долларга жеткен.

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс быйыл төртүнчү катардан орун алды. "Forbes" журналы узак жылдардан бери дүйнөнүн эң бай адамы деп аталып келген Гейтстин байлыгын 124 миллиард долларга баалады.

Ал эми "Facebook" компаниясынын башчысы Марк Цукерберг 97 миллиард доллары менен бешинчи сапка чыкты. 2020-жылы анын байлыгы 42,3 миллиард долларга өскөн.

Быйыл 1993-жылдан бери дүйнөдөгү эң бай беш адамдын катарынан түшпөй келаткан белгилүү инвестор Уоррен Баффетт алтынчы катарга жылып калды. Ошентсе да анын байлыгы бир жылда 28 миллиард долларга өсүп, жалпысынан 96 миллиард долларга жетти.

Аял миллиардерлердин арышы

Өткөн жылы дүйнө жүзүндөгү эң бай аялдардын саны да бир жыл мурдагыга караганда 36 пайызга өстү. Натыйжада "Forbes" журналынын миллиардерлер тизмесине баш-аягы 328 аял кошулду.

"L’Oreal" косметикалык компаниясынын 33 пайызына ээлик кылган франциялык Франсуаза Беттанкур-Майерс дүйнөдөгү эң бай ишкер айым болуп калды. Анын байлыгы 73,6 миллиард долларга бааланды.

Армян тектүү, америкалык тележылдыз Ким Кардашьян, Ереван, 8-октябрь 2019-жыл.
Армян тектүү, америкалык тележылдыз Ким Кардашьян, Ереван, 8-октябрь 2019-жыл.

Быйыл биринчи жолу америкалык тележылдыз, ишкер Ким Кардашьян миллиардерлердин катарынан орун алды. Жаңы тизме дүйнөдө өзү бизнес түптөгөн аялдардын саны да 41ге көбөйүп, 108ге жеткенин көрсөттү.

Миллиардерлердин тизмесин быйыл 35-жолу жарыялап жаткан "Forbes" журналынын өкүлү Рэндалл Лэйн дүйнөдө акчалуулардын көбөйүшүн байлыктын демократиялашуусу, мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрдү.

"Эгер сандарды карасак, бул жагдай элдин кыжырдануусун жаратат деп күтсөк болот. Бирок себептерди талдай турган болсок, экономикалык динамизмди байкай алабыз. Биз өздөрүн өздөрү миллиардер кылган мынчалык көп адамды мурда көргөн эмеспиз. Мынчалык көп миллиардер аялдарды да көргөн эмеспиз. Адамдар мынчалык байып көргөн эмес. Бул экономикадагы динамикадан, мүмкүнчүлүктөрдөн кабар берет. Бул жагдай жалпы экономикага пайдасын тийгизет деп үмүттөнөм", - деди Лэйн.

Казакстандын эски-жаңы миллиардерлери

Мүмкүнчүлүктөр демекчи, быйыл Казакстанда миллиардерлердин саны үч адамга көбөйүп, жалпы саны жетиге жетти. Алардын жалпы байлыгы 22 миллиард долларды чапчыйт.

"Forbes" билдиргендей, Казакстандын эң бай адамдарынын башкы сабында "KAZ Minerals" металлургия гигантынын кожоюну Владимир Ким турат. Ал бир жыл ичинде байлыгын 900 миллион долларга көбөйүп, 4,6 миллиард долларга жеткирди. Владимир Ким миллиардерлердин тизмесинде 622-орунда турат. Анын "KAZ Minerals" компаниясы Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Бозымчак алтын кенин да иштетери белгилүү.

Казак миллиардерлеринин экинчи катарында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири деп саналган бизнесмен Булат Утемуратов турат. Металлургия, тейлөө, медиа тармактарында бир нече компанияга ээлик кылган Утемуратовдун байлыгы бир жыл ичинде 700 миллион долларга артып, 3,4 миллиард долларга жетти.

Казакстандын туңгуч президентинин кызы Динара Кулибаева бир топ жылдардан бери миллиардерлердин катарынан түшпөй келет.
Казакстандын туңгуч президентинин кызы Динара Кулибаева бир топ жылдардан бери миллиардерлердин катарынан түшпөй келет.

Казакстандын жаңы үч миллиардеринин арасына кирген 51 жаштагы Вячеслав Ким (3,3 миллиард доллар) менен 45 жаштагы Михаил Ломтадзе (3,2 миллиард доллар) дароо эле үчүнчү жана төртүнчү орунга чыгышты. Алар "Kaspi bank" коммерциялык банкын башкарган "Kaspi" финтех компаниясына ээлик кылышат.

Ал эми бир топ жылдан бери миллиардерлердин катарынан түшпөй келаткан Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин ар биринин байлыгы 2,8 миллиард доллар деп бааланды. "Forbes" мурдагы президент Назарбаевдин кыз-күйөөсү ээлик кылган компаниялар инвестиция жана финансы тармактарында иш алып барарын белгиледи.

Тизмедеги казакстандык миллиардерлердин акыркы сабынан Тимур Турлов орун алды. Эң бай адамдардын катарына биринчи жолу кошулуп жаткан Турловдун байлыгы 2,1 миллиард доллар деп бааланды. 33 жаштагы бул ишкер Казакстандагы эң жаш миллиардер болуп калды. Ал 2008-жылы окууну аяктай эле жатып, "Freedom Holding" аттуу брокерлик компания түзгөн.

Азырынча "Forbes" журналынын эсеби боюнча, Кыргызстандан бир да миллиардер чыга элек.

Казакстандан тышкары пост-советтик чөлкөмдөн Орусия, Украина жана Грузияда гана миллиардерлер бар. Грузияда алардын саны бирөө же белгилүү олигарх Бидзина Иванишвили гана болсо, Украинада эң бай жети адам бар. Орусияда миллиардерлердин саны быйыл 21 кишиге көбөйүп, жалпысынан 120га чукулдады.

Ал эми дүйнөдө миллиардери бар өлкөлөрдүн саны 70тин тегерегинде. Алардын биринчи сабында АКШ, экинчиде Кытай, үчүнчү катарда Индия турат.

Буга чейин эл аралык "Oxfam" кайрымдуулук уюму коронавирус пандемиясы маалында дүйнөдөгү өзгөчө бай он кишинин байлыгы андан ары көбөйгөнү менен 500 миллиондой адам жакырчылыкка кептелип, кедей-кембагалдар каржылык мүшкүлгө ого бетер белчесинен батканын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

83 миллион адам жашаган Түркияда 17 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Жыл башынан бери атайын түзүлгөн тизмеге ылайык алгач мугалимдер, полиция кызматкерлери жана дарыгерлер чукул эмделген. Бул апта 60-65 жаштагы адамдар эмделе баштады.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки айдын ичинде өлкөдө 17 миллиондон ашык адам коронавируска каршы акысыз эмделгенин билдирди. Кытайлык "CoronaVac" вакцинасынын алгачкы үч миллион дозасы Түркияга былтыр 30-декабрда жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлиги бир миллиондон ашуун дарыгер чукул эмделгенин кабарлаган.

Ал эми Түркиядагы Желал Баяр университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө кытайлык "CoronaVac" вакцинасы менен эмделген 1053 медициналык кызматкердин 97 пайызында коронавируска каршы күчтүү иммунитет пайда болгону аныкталган.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк бийлиги 24-марттан баштап өлкөгө 1 миллион 400 миң доза "Pfizer-BioNTech" вакцинасы келгенин айткан.

Түркияда коронавируска каршы эмдөө төрт этап менен өтүп жатат. Алгач полиция кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана 65 жаштан жогорку курактагылар эмделген. Ал эми 1-апрелден тартып 60-65 жаштагылар эмделе баштады. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

51 жаштагы Нурайым беш жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында иштейт. Жүрөгү ооругандыктан мамлекеттик ооруканада атайын тизмеде турат. Кыргызстандык Нурайым жыл башында коронавируска каршы эмделгенин айтты.

"Ден соолугума байланыштуу мен Анталияда иштеп да, дарыланып да жүрөм. Жүрөгүм ооруйт, андыктан дарыгерлердин сунушу менен коронавируска каршы "SinoVac" вакцинасын сайдырдым. Түркияга вакцина келе баштаганда эле мага ооруканадан чалып чакырышкан, өз каалоом менен эле бардым. Учурда абалым жакшы".

Анталия шаарында учурда 60 жаштан жогорку курактагы 103 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Алар туруктуу жашоого уруксаты бар же эмгек визасы менен иштеген эмгек мигранттары. Анталия шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси Үнал Хүлүр Түркияда мыйзамдуу жашаган ар бир чет өлкөлүк эмдөө жараяны боюнча вакцина алууга укуктуу экенин белгиледи.

"Анталия аймагында чет өлкөлүктөр жыш жашайт. Жашы келип, коронавирус вакцинасын алам деген ар бир чет өлкөлүк атайын тиркемеге 99 санынан башталган номерин киргизип, эмделе алат. Учурда 65 жаштан жогорку курактагыларга экинчи дозасын да сайып бүтүп калдык. Эми кезек 60 жаштагыларга келди. Жергиликтүүлөрдөн эч айырмасы жок, чет өлкөлүктөр да ооруканалардан кезек алып, акысыз эмдөөдөн өтө алат".

Ал эми 61 жаштагы Уруят Ташматова Анкара шаарында кары аялды карап иштейт. Ага Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинен атайын кабар келип, вакцинация тизмесинде бар экенин айтышкан. 11-апрелде өтө турган референдумда Анкарадагы шайлоо тилкесинде комиссиянын мүчөсү болгондуктан, Уруят Ташматова эми 12-апрелге эмдөө кезегине туруп койгонун айтты.

Уруят Ташматова.
Уруят Ташматова.

"Мен 97 жаштагы энени багам. Ал өзү жана үй-бүлөсүндөгү менден улуулар толугу менен вакцина алышты. Абалдары жакшы. Мага да кезек келди. Эми дүйшөмбүгө тизмеге туруп койдум. Вакцинанын биринчи дозасын сайдырам".

Ошондой эле Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер коронавируска каршы вакцинаны дээрлик көпчүлүгү алганын айтты.

"Айыл тургундарынан 65 жаштан жогорку курактагы аксакалдардын баары вакцинанын эки дозасын алышты. Учурда айылда коронавирус менен ооругандар каттала элек. Эми 60 жаштан жогору курактагыларга вакцина келет деп жатат".

Эйүпхан Ватансевер.
Эйүпхан Ватансевер.

Ал арада Миграция департаментинин Түркиядагы өкүлү Айбек Кочкоров кыргызстандык мигранттар арасында эмдөөгө каршы болгондор да бар экенин айтты.

"Пандемиядан улам Түркияда мыйзамсыз жашап жаткан кыргызстандыктар да аз эмес. Алар эмдөө үчүн жашап жаткан аймактын участкалык клиникасына барып кезекке тура алат. Учурда Түркиянын мыйзамдары буга тоскоол болбойт. "Мен барып вакцина ала албайм калдым" деген мекендештер азырынча жок. Ал эми "кезегим келсе дагы эмделбейм" дегендер бар. Бул адамдын өзүнүн каалоосу. Бирок түрк бийлиги калктын 75 пайызын вакцинациядан өткөрөбүз деген максат койгон. Андыктан пандемия учурунда дарыгерлер элди вакцина сайдырууга үндөп жатышат".

2021-жылдын январь айындагы статистикага ылайык Түркияда 1 миллиондон ашык чет өлкөлүк туруктуу жашоого уруксат алган. Алардын канчасы коронавируска каршы вакцина алганы белгисиз.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа майдын аягына чейин Түркияга "Pfizer-BioNTech", "AstraZeneca" жана "Sputnik V" вакциналарынан дагы 105 миллион доза алына турганын кабарлаган.

Түркияда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынган. Ал эми 14-апрелден баштап кафе-ресторандарда тамактанууга жана Орозо айында көп киши чакырып ооз ачырууга тыюу салынган.

Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 6-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 32 667 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 3 жарым миллиондон ашып, алардын үч миллионго жакыны айыгып чыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG