Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Экономика

Албек Ибраимов, Эмир Чукуев, Мурат Примбердиев, Нурсултан Белеков, Ксения Барабаш. (Солдон оңго) Коллаж.
Албек Ибраимов, Эмир Чукуев, Мурат Примбердиев, Нурсултан Белеков, Ксения Барабаш. (Солдон оңго) Коллаж.

"Манас" эл аралык аэропортундагы жүк ташуучу “Gata Airlines” чет элдик компаниясынын жетекчиси коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалды. Буга чейин бул фирмага артыкчылык берилген деген айып менен аэропорттун мурдагы башчыларына кылмыш иши козголгон.

"Манас" аэропортунда жүк ташуу менен алектенген түркиялык “Gata Airlines” компаниясынын жетекчиси Ксения Барабаш 20-апрелде милицияга суракка чакырылып, андан ары шектүү катары кармалган.

22-апрелде Ленин райондук соту аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарганын кабарлады. Азырынча Ксения Барабаштын жактоочулары же жакындары комментарий бере элек.

Ички иштер министрлиги “Ксения Барабаш Жазык кодексинин 43-319-беренесине (“Коррупцияга катышуу) шектүү катары кармалган”, – деген маалымат менен гана чектелди.

Социалдык тармактарда Ксения Барабашты колдоп, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, активисттер жана бизнес коомчулугу жазып жатат.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов “Твиттердеги” баракчасында Ксения таза, чынчыл адам экенин жазып, “балким өздөрүнө керектүү жана ыңгайлуу көрсөтмө, маалымат алгысы келгенин” жазды.

Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сариева “Твиттердеги” баракчасында эки баланын энеси Ксения Барабаштын жакындары сот акыйкаттыгынан үмүт кылып жатканын билдирди.


Кылмыш иштин чоо-жайы, кармалган жетекчилер

Өткөн жылдын соңунда Башкы прокуратура жемкорлук схемасы аныкталганын жарыялап, "Манас Менежмент Компани" ишканасынын жетекчилиги чет өлкөлүк компанияга жеңилдик берип, мыйзамсыз келишимден аэропортко 139 млн. 598 681 сом киреше түшпөй калганын кабарлаган.

Башкы көзөмөл органы "эл аралык каттамдарда учкан жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн ташууда "Манас Менежмент Компани" аталган компанияга жеңилдетилген тариф, тактап айтканда бир тонна жүк үчүн 60 доллар төлөп келгени аныкталды" деп билдирген.

Мындай тариф менен келишим 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин иштеген.

Ал эми башка компаниялар үчүн 1 тонна жүккө 95 евро тариф каралган. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталган.

Андан көп өтпөй, ушул ишке шек саналган "Манас" аэропортунун мурдагы топ жетекчилери - "Манас" аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев, "Манас" эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев жана "Манас менеджмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков камакка алынган.

Ал эми башка иш менен издөөдө жүргөн "Манас" аэропортунун мурдагы жетекчиси Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши кошулган.


“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин адвокаты Майрамбек Жумабеков аэропортто эч кандай коррупция болбогонун айтууда. Ал кармалгандарды үй камагына чыгарып териштирүү жүргүзсө туура болмок деп эсептейт.

“Ал жакта булар тескерисинче пайда алып келишкен. Болгону Ибраимовдун койгон кишиси деп камап салды. УКМК жеңил берене менен тергеген болчу. Кийин Башкы прокуратура 320-берене (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгоду. Камаш үчүн оор берене коюшкан”, - деди Жумабеков.

“Gata Airlines” компаниясынын жүйөсү

“Gata Airlines” деген марка менен белгилүү “Gata havayollari ve tasimacilik” компаниясы менен байланышканыбызда, телефонго жооп берген адам эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди. Атын атагысы келбеген бул кызматкер ишкана азыр иштебей жатканын айтты.

2021-жылдын февраль айында «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу тараткан.

Анда компания ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2019-жылы териштире баштап, 2020-жылы Ички иштер министрлигине өткөнүн кабарлаган.

Ишкана "Манас" аэропорту менен 2016-жылдан бери кызматташып келе жатканын, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн эл аралык тажрыйбада боло жүргөндөй, тарифтерде жеңилдик алганын билдирген.

Алар башка компанияларга дагы жеңилдик берилгенин айтып, тергөө аталган ишканага гана жүрүп жатканын белгилеген.

Ишкананын ийгиликтүү ишмердүүлүгүн санап, 2016-жылдан 2020-жылдын ноябрына чейин "Манас" аэропортуна 40 млн. доллар төлөп бергенин, жүк каттамдарын жана техникалык учуп-конуулардын санын көбөйткөнүн билдирген. Компаниянын маалыматына ылайык, 2016-жылы аэропортто 616 гана каттам болсо, 2017-жылы ал 1,5 миң каттамга чейин, ал эми жүктүн көлөмү 5 миң тоннадан 15 миң тоннага чейин көбөйгөн.

Айыптоодон арылбаган аэропорт

"Манас" эл аралык аэропорту коррупциялык айыптоолордон арылбаган мамлекеттик ишканалардын бири.

Андыктан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Музуралиев шек саналып кармалгандардын текшерүүдөн өтүп жатканын туура деп эсептейт.

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Ал жерди текшере турган болсо абдан көп нерсе чыгат. Аэропортто былыктар көп, ал эми ал фирмага учурунда жеңилдиктер берилип турган. Ошондуктан алардын баарын тыкыр текшерүү керек”, – деди депутат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда бизнес кылган бир нече чет өлкөлүк ишкер кармалган. 23-апрелде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит кайрылуу таратып, президенттин ишкерлерди колдоо буйругуна карабай, күч кызматтары бизнеске кысым кылып жатканын белгилеген.

Бизнес-акыйкатчы институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Салия Борбиева экономикалык кылмышка шектүүлөрдү камакка алуу эскирген тажрыйба экенин айтты:

“Экономикалык кылмыштарга шек саналгандарды кармап жана камакка алуу ыкмасы дүйнөлүк тажрыйбада колдонулбайт. Айрыкча шектүү тергөө менен кызматташууга даяр болсо, коомчулукка коркунуч туудурбаса жана качып кетүү мүмкүнчүлүгү аз болсо колдонулбайт. Камоонун ордуна күрөө, үй камагына же тилкат менен бошотуу ыкмасын колдонуу керек. Тилекке каршы Кыргызстанда мындай тажрыйба колдонулбай жатат”.

Ишке ашпай калган долбоор...

2018-жылы сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Бишкекке сапары учурунда уюштурулган бизнес-форумда компания менен "Манас" аэропортунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык ишкана 50 млн. доллар инвестиция салууга милдеттенме алган. Бирок келишим ишке ашкан эмес.

Турдубаев: “Тариф көтөрүлбөсө энергетика кыйрайт”
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:41 0:00

Президент Садыр Жапаровдун электр энергиясынын тарифин өзгөртүү боюнча сунушу коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Мамлекет башчы бул аракет энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн зарыл экенин билдирүүдө. Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев “Азаттыкка” маек куруп, кризистик абал, жаңы тарифтик саясат, сырттан алынган карыздар жөнүндө айтып берди. Министр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн азайтпай алып калуу аракети жөнүңдө да ой бөлүштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG