Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Экономика

Орусиялык"Sputnik V" ("Gam-COVID-Vac") вакцинасы. Будапешт, Венгрия. 2021-жылдын 1-февралы.
Орусиялык"Sputnik V" ("Gam-COVID-Vac") вакцинасы. Будапешт, Венгрия. 2021-жылдын 1-февралы.

COVID-19 илдетине каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасы Европа Биримдигинин аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу Италияда чыгарыла башташы мүмкүн. Ал эми Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе айымдын бул вакцинаны бир беткей шашылыш колдонууга каршы чакырыгы Орусиянын дары жасоо компаниясынын сынына кабылды.


8-мартта Москвада жайгашкан Орусия Тикелей инвестициялар кору (ОТИК, орусча РФПИ, англисче RDIF) менен Швейцарияда жайгашкан “Адиенне” (Adienne) дары-дармек өндүрүү компаниясы COVID-19 илдетине каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча соода-сатык келишимине кол коюшту.

Казакстанда орусиялык "Sputnik V" вакцинасы өндүрүлө баштадыю Караганды. 2021-жылдын 9-февралы.
Казакстанда орусиялык "Sputnik V" вакцинасы өндүрүлө баштадыю Караганды. 2021-жылдын 9-февралы.


Өндүрүшкө киргизээрден оболу италиялык дары-дармек көзөмөлдөө мекемесинин макулдугун талап кылган бул келишим ОТИК тарабынан дагы, италиялык-орусиялык соода-сатык үйү тарабынан дагы тастыкталды.

Бул келишим – орусиялык “Sputnik V” вакцинасы Европа Биримдигинин өзүнүн дары-дармек көзөмөлдөө мекемеси – Европалык Дары-дармектер агенттиги (EMA) тарабынан жактыруудан өтө электе эле Европа Биримдигинин айрым компаниялары бул вакцинага байланыштуу өз алдынча кадам жасоого ашыгып жаткандыгын дагы бир жолу далилдеди.

Илимпоздордун айтымында, “The Lancet” медициналык журналында өткөн айда (2-февралда) жарыяланган олуттуу илимий текшерүүнүн жыйынтыктары орусиялык вакцина дээрлик 92% натыйжалуу болгонун тастыктаган.


“Sputnik V” буга чейин Евробиримдикке мүчө үч мамлекетте – Венгрия, Словакия жана Чехияда жактырылган же жактырылуу алдында турат.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү, эгерде кеминде төрт мүчө өлкө суранчу болсо, анда расмий Брюссель “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүчү компания менен сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн деп жакында билдиришти.

Италиялык-орусиялык соода үйү өзүнүн дүйшөмбүдө жасаган билдирүүсүндө, ОТИК менен “Адиенне” компаниясынын келишими Европада биринчи жолу “Sputnik V” вакцинасын өндүрө турган ишкананы түзүүгө жол ачты деп билдирди.

Эгерде бардыгы болжолдонгондой кетсе, анда Италиядагы өндүрүш иштери быйыл июнь айында башталмакчы жана жыл аягына чейин ал жерде “Sputnik V” вакцинасынын 10 миллион дозасы өндүрүлсө болот, деп үмүт байлашууда.

Босния жана Герцеговина федерациялык өлкөсүнүн сербдерге таандык аймагына "Sputnik V" вакцинасынын алгачкы 20 миң дозасы жеткирилди. Банйа Лука. 2021-жылдын 8-марты.
Босния жана Герцеговина федерациялык өлкөсүнүн сербдерге таандык аймагына "Sputnik V" вакцинасынын алгачкы 20 миң дозасы жеткирилди. Банйа Лука. 2021-жылдын 8-марты.


Италиялык-орусиялык соода үйүнүн башчысы Винченцо Трани (Vincenzo Trani): "Бул келишим – кайсы-бир европалык өнөктөш менен түзүлүп жаткан алгачкы келишим болуп саналат. Бул келишимдин түзүлүшүн тарыхый окуя деп атоого болот. Ал – биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин жакшы деңгээлинин далили жана ал италиялык компаниялар саясий айырмачылыктардын чегинен тышкаркы нерселерди дагы көрө алаарын шардана кылып турат", – деп айтты.

Луганодо жайгашкан “Adienne Pharma & Biotech” компаниясы азырынча билдирүү жасай элек.


“Sputnik V” вакцинасын эл аралык деңгээлде сатыкка чыгарган ОТИКтин жетекчиси Кирилл Дмитриев италиялык “RAI 3” сыналгы каналына жекшембиде (7-мартта) маек куруп, Италиянын көптөгөн аймактары бул вакцинаны өздөрүндө чыгарууга дилгир болушканын жана акыры ОТИК кору Италияда ушул вакцинаны өндүрүү боюнча келишим түзгөнүн билдирди.

"... Биз сунуш кылган нерсе – бул Италияда жумуш орундарын түзө турган чыныгы өндүрүштүк өнөктөштүк. Эми Сиздер бул өнүмдү көзөмөлдөсөңүз болот, анткени ал Италияда чыгарылат. Ошондой эле бул өнүм көптөгөн кишилердин өмүрлөрүн Италияда гана сактап чектелбестен, аны экспорттой да аласыздар”, – деди Дмитриев.

Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе (Christa Wirthumer-Hoche) айым.
Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе (Christa Wirthumer-Hoche) айым.


Айтмакчы, Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе (Christa Wirthumer-Hoche) айым 7-мартта австриялык “ORF” сыналгы компаниясынын ток-шоусунда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө “Sputnik V” вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат бербөөгө кеңеш берди.

Анын оюнча, азырынча Европалык Дары-дармектер агенттиги орусиялык бул вакцинанын натыйжалуулугу жана эсенчилик үчүн пайдасы жаатында бир бүтүмгө келе электе эч ашыгууга болбойт.

Виртумер-Хохе айымдын пикиринде, ЕБ боюнча расмий уруксат алына электе эле шашылып “Sputnik V” вакцинасын бир тараптуу жактырган мүчө өлкөлөр орустун тапанча менен ойнолчу “рулетка” оюну менен алектенгенге тете жорукка барып жатышат.


9-мартта, шейшемби күнү, Орусиянын “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүчүлөр Криста Виртумер-Хохе айымдын бул сөзүн кескин сынга алып, Европалык Дары-дармек агенттигинин бейтараптыгына күмөндөнүп жаткандыктарын билдиришти жана бул айымдан кечирим суроону талап кылышты.

7-мартта Орусия Тикелей инвестициялар кору (ОТИК) бул вакцинаны НАТОго мүчө өлкө болгон, бирок Евробиримдикке кабыл алына элек Түндүк Македония жумуриятында да расмий жактырышканын маалымдады. Ал дүйнөдөгү бул орус вакцинасын жактырган 46-өлкө болуп калды.


“Sputnik V” вакцинасы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жактырышынын көрсөткүчү боюнча экинчи орунга чыкты. Аны жактырган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандан тышкары Алжир, Ангола, Армения, Беларус, Боливия, Габон, Гана, Гайана, Гватемала, Гондурас, Египет, Иран, Казакстан, Молдова, Монголия, Өзбекстан, Пакистан, Сан-Марино, Сирия, ж.б. мамлекеттер бар.


Мурда КМШга кирген өлкөлөрдөн Грузия менен Украина орусиялык ар кандай вакциналардан баш тартышты. Бул – алардын айрым аймактарын Орусиянын XXI кылымдын башында иш жүзүндө күч менен каратып алгандыгына байланыштуу болду.


Грузия COVAX программасынын алкагында жана андан тышкары да “Pfizer”, “AstraZeneca” жана “Moderna” сыяктуу компаниялардын вакциналарын алаары тууралуу алдын-ала кабардалган. Грузия 3,7 миллиондуу калкынын 60 пайыздайын үстүбүздөгү жылы эмдетүүнү көздөөдө.


Украина кытайлык “Sinovac Biotech” вакцинасынын дээрлик 2 миллиондой дозасын алууга келишим түзгөн. Андан тышкары өлкө COVAX программасынын алкагында да вакцина алат. Украинадагы дары чыгаруучу илимпоздор өз алдынча вакцина өндүрүү аракеттерин улантып жатышат.

Коронавируска каршы эмдөөчү олуттуу дары зат экендиги аныкталган “Sputnik V” вакцинасы 2020-жылы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология институтунда (Москва) иштелип чыккан.

“Sputnik V” вакцинасы Орусияда 2020-жылдын 11-августунда (жыйынтыктоочу үчүнчү сынак бүтө электе эле) расмий катталган. Дал ошондуктан орусиялык бийликтер алгач сынга да кабылган.

Назикат Шаршенбаева, Стамбул. 2021.
Назикат Шаршенбаева, Стамбул. 2021.

Соңку жылдары Түркияда сулуулук салондорун ачкан кыргызстандык кыз-келиндер көбөйдү. Салондор чет өлкөлүк жана жергиликтүү кардарларга кызмат көрсөтөт. Пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр сулуулук салондорунун иш тартибин да, ишкердиктин ыргагын да өзгөрттү.

Назикат Шаршенбаева төрт жылдан бери Стамбулда визажист жана стилист болуп иштейт. Ал негизинен үйрөнчүктөргө макияждын сырларын окутуп, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүндө айымдардын ажарына ажар кошот.

Назикат Шаршенбаева окуучулары менен.
Назикат Шаршенбаева окуучулары менен.

Назикат чакан бизнесин пандемияда дагы токтотуп койбой, эми мекендеши менен Стамбулдун эң таанымал аймагында сулуулук салонун ачууга бел байлап турат. Ал Түркияда сулуулук тармагында иштеген кыргызстандыктардын саны жыл сайын өсүп жатканына токтолду.

"Мисалы Түркияда чач тарач ачуу кыйынырак. Ал үчүн атайын сертификаттар талап кылынат. Ал эми сулуулук салон ачкандар "мен чач тарач ачпайм" деп сөз беришет. Андыктан кыргызстандык кыздар көбүнчө сулуулук салондорун ачып жатышат. Ошондой эле чач тарач болуп Түркияда иштөө бираз кыйын. Бирок, мисалы, макияждын түрлөрүн, тырмакты коздоо, кирпик, жаш жасалгалоо иштерин жасай алышат. Менин билишимче көп эле кыргызстандык, казакстандык кыз-келиндер Стамбулда сулуулук салонун ача башташты", дейт Назикат.

Ал пандемияга чейин тойлордо колуктунун чачын жасап, макияж жасап жүрсө, эми расмий ишкердик баштаганы турат. Ал үчүн түрк мыйзамдары кандай документтерди талап кылса, баарын кынтыксыз даярдаган.

Назикат сулуулук салонунун кирешесинен жана ижара акысынан, айлыктан тышкары 20 пайызга жакын салык төлөөгө милдеттүү. Коронавирус пандемиясында түрк бийлиги айрым ишканаларга жеңилдик бергени менен чет өлкөлүктөрдүн бизнеси андан куру кол калган.

Назикат Шаршенбаева жана түрк келини.
Назикат Шаршенбаева жана түрк келини.

"Түркияда салон ачыш оңой. Бир гана чет өлкөлүк болгондуктан эмгек визасын алууга айрым дипломдор жана сертификаттар талап кылынат. Анткен менен түрк бийлиги учурда сулуулук салондоруна салыктан, ижарадан жардам берген жок. Мисалы, Европада сулуулук салон, кафе-ресторандарга пандемияда жеңилдиктер берилет деп уктук. Ал эми Түркияда бул маселеге кайрылышкан эмес".

Ошондой эле Назикат Шаршенбаева Түркияга келип сулуулук тармагында иштейм деген кыргызстандыктарга чет тилдерин үйрөнүүгө кеңеш берет.

"Алгач түрк тилин жакшы үйрөнүү зарыл. Биздикилер орус тилин билгендиктен, ал чоң артыкчылык. Аны менен катар англис тилин да билип алса жакшы болот, анткени Стамбул чоң туристтик шаар жана көп туристтер келет. Азыр дүйнөдө интернет жана социалдык тармак өнүгүп, көп мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Мен 2018-2019-жылдары чет өлкөлүк келиндер менен иштедим. Ал эми 2020-жылы чек аралар жабык болгондуктан түркиялык келиндерге макияж жасадым. Эми пандемия чектөөлөрү бираз жеңилдесе дал ушул чет өлкөдөн Түркияга келип той өткөргөн кыз-келиндер менен иштейм деп пландап турам. Анан, албетте, жергиликтүү кардарларымды да унутпайм", деди Назикат.

Стамбул шаарында жети ай мурун "312" сулуулук салонун ачкан мекендешибиз Аиданын кардарлары, негизинен, чет өлкөлүк кыз-келиндер.

8-март Түркияда кадимки иш күнү саналса да, Аида кыргызстандык курбуларын чакырып, аларды атайын сулуулай турганын айтты.

"Биздин салонго негизинен казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, орус, ирандык кыздар келишет. Албетте, жергиликтүү кыз-келиндерди да тейлейбиз. Ал эми салонубузга дайым келип турган кыздар менен атайын отуруп, сүйлөшүп 8-мартта майрамдайлы дедик", дейт Аида.

Ал эми Мира Дөөлөталиева жети жылдан бери Түркиянын башкалаасы Анкарада сулуулук салонун иштетет. Ошону менен катар жергиликтүү Билим берүү академиясында бул тармакка жаңыдан келгендерге сабак өтөт.

Мира пандемиядан улам түрк бийлиги киргизген жаңы эрежелерге ылайык кардарларды тейлегенге аракет кыларын айтат.

Мира Дөөталиева.
Мира Дөөталиева.

"Демейдегидей эле бир жылдан бери сулуулук салондору эрежеге ылайык тазаланып туруш керек. Кардарлар да келгенде колун жууп, беткапчан отурушат. Ар бир кардар кеткенден кийин ал отурган жер сөзсүз дезинфекцияланат. Бул жергиликтүү бийликтин талабы".

Ошондой эле Мира түркиялык кардарлардын айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

"Бизге негизинен түрк кыз-келиндер келет. Алар алдын ала жасала турган ишин кеңешип, бизден пикир сурашат. Ал эми кыргызстандыктардан айырмаланып түрк кардарлар ийкемдүү келишет. Мисалы, бир маникюрду туура эмес жасап койсок деле анын акысын төлөп, "кийин жакшы жасап бер" деп макулдашып кетишет. Буга чейин биздин салонго нааразы болгон кардар чыга элек, буюрса", дейт Мира.

Мира Дөөталиеванын сулуулук салонунда иштеген кыз-келиндер жана кардары.
Мира Дөөталиеванын сулуулук салонунда иштеген кыз-келиндер жана кардары.

Ал арада Түркияда учурда 108 миңден ашуун сулуулук салондору расмий каттоодон өтүп иштеп жатышат. Алардын баары былтыр коронавирус чектөөлөрүндө бир канча айга жабылып, былтыр 11-майдан тартып кайра иштей башташкан.

Пандемияда кардарлардын үйүнө же жумушуна барып сулуулук тартуулаган чеберлердин саны да өскөнү байкалат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG