Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тендерди эң ириде "курулуштагы тоскоолдук" деп атады. Мындан улам чукул арада аны жоюуга байланыштуу мыйзам долбоорун парламентке киргизүүнү талап кылды. Спикер бул маселе президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын белгиледи.
2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамдар өзгөргөн жана Садыр Жапаров башынан бери эле тендердин кемчиликтерин айтып келет.
Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 14-январдагы жыйынында тендер курулушка кедергисин тийгизип жатат деп айтты. Ал мамлекеттик сатып алуулардын айынан иш кечеңдеп жатканына токтолуп, тендерди жоюу маселеси президент Садыр Жапаров менен кеңешилгенин белгиледи.
Тургунбек уулу түз сатып алуулар болушу керектигин айтып, эгер кемчилик кетсе тиешелүү мекеме башчылары жооптуу болоруна токтолду.
"Мектеп болобу, бала бакча болобу, жолбу же социалдык багыттагы башка имараттарбы, кандай гана курулуштар болбосун, баары тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени тендерди кайра-кайра өткөрүп жатып эки-үч айга чейин курулуш иштери башталбай жатат. Убакыт созулуп кетип жатат. Мен бул тууралуу кечээ президент менен дагы сүйлөштүм. Ушул тендер боюнча мыйзамды карап, тендер деген сөздү таптакыр алып салышыбыз керек. Тендер деген болбошу керек. Себеби бул иштин натыйжалуулугуна жана тез, сапаттуу бүткөрүүгө өбөлгө түзөт. Министрлер кабинетине тапшырма берилген. Тез арада, кечиктирбестен тендерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун киргизиши керек. Тендер дегендин "т" тамгасы калбашы керек. Себеби бул маселе мындан эки жыл мурда көтөрүлгөн. Бирок көз боемочулук менен аталышын өзгөртүп, мазмуну ошол бойдон эле калып калыптыр. Андыктан ушул маселени тездеткиле. Тендери жок эле курулуштар жүргүзүлүп, түз сатып алуулар болушу керек. Эгер ошондо катачылыктар кетсе, ошол мекеменин жетекчилери өз башы менен жооп берет. Биз президент менен дагы сүйлөштүк, президенттин дагы аткаруу бийлигине тапшырмасы бар. Ушуну тездетип бериңиздер",-деди Тургунбек уулу.
Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы, өкмөт бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Деген менен спикердин билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратты. Социалдык тармактарда мындай демилгени колдогондор дагы бар, ошол эле маалда, коррупцияга, тааныш-билиштикке жол ачат, атаандаштык токтойт деп сындагандар дагы чыгат.
Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик тендерди сындап, мамлекеттик сатып алуунун жол-жобосун өзгөртүүгө киришкен.
2022-жылы мартта Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага бир айдан кийин президент кол койгон. Документтин максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен көп пайдага жетүү болуп саналат деп айтылган. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталганы белгиленген. Анда мамлекеттик сатып алуулардын төрт ыкмасы, тактап айтканда, чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу жолу каралган.
Ошондой эле "мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50% ашыгы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам менен жөнгө салынбай турганы белгиленген" деп көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда ага айрым депутаттар каршы чыгып, мамлекеттик компаниялар урук-туугандарынан сатып алууну жүргүзө баштайт, коррупция күчөйт деп сындап чыгышкан.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров комментарий берип, тендердин айынан мектеп, бала бакча өңдүү социалдык объекттердин курулушу кымбаттап жатканын айткан.
"Кечээ тендерди жоюу боюнча мыйзамга кол койдум. Бир айдан кийин күчүнө кирет. Мындан ары “тең бер” деп коррупциялашуу жолу менен эмес, коррупциясыз иш алып баруучу механизмдер ишке кирет. Ар бир кабыл алган чечимибизди жети өлчөп бир кесебиз. Эч кам санабаңыздар",-деп жазган Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына.
Деген менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова мамлекеттик сатып алуу системасы кайсы бир кемчиликтерге карабай бир ыргакка түшүп калганына токтолду. Ошондуктан жогорку бийлик өкүлдөрүндө аны биротоло жоюп салуу ниети жоктугун айтты.
"Президентибиз курултайда дагы, өзү тууралуу документалдуу тасмада дагы "экономиканы санариптештиребиз, анын ичинде мамлекеттик сатып алуу системасы дагы санариптешет" деп айтпадыбы. Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы базасы бар да. Президент ошол база дагы өркүндөтүлөт деп айтпадыбы. Ошондуктан анын баарын алып салыш керек деген нерсе күн тартибинде жок. Тескерисинче аны өркүндөтүп, дагы жакшыртып, оңдоочу жерин оңдоп, ошол системаны бизге ылайыктуу кылып өзгөртүү керек. Бирок ал система калат, аны эч ким алып сала албайт. Ал жакта баары ачык-айкын, экинчиден, ал жерде атаандаштык бар. Сапатка жана бааларга болгон талап бар. Ал жерден сапатын дагы, баасын дагы карайт. Атаандаштык болгон жакшы да. Азыр Жогорку Кеңешке аутсорсинг боюнча мыйзам кирди. Ошол мыйзам долбооруна ылайык дагы өзгөртүүлөр болушу мүмкүн. Мамлекеттик органдар кайсы бир кызматты көрсөтө албай, башка компанияларды жалдашат. Ошол кызматты берүү тендер менен жүргүзүлүшү керек. Аутсорсинг болгондо эрежелер сөзсүз өзгөрөт. Мамлекеттик сатып алуулардын дагы эрежелери өзгөрөт. Тендер ачык-айкындыкты, атаандаштыкты камсыздап, адам факторун азайтты. Чынын айтсам, андан баш тартууну эч ким деле сунуштаган жок. Бирок тендердин эрежелери өзгөрүшү мүмкүн",-деди Муканова.
Адистердин билдиришинче, буга чейин мамлекеттик сатып алуу иштерин уюштурууда эки көйгөй көп кездешчү. Көпчүлүк учурда сатып алууга бөлүнгөн каражатты карасанатайлык менен атайын уурдап же кымырып алуу аракеттери катталчу. Андан сырткары, татаал бюрократиялык процедураларга чалынып, сатып алууларга каралган акчаны натуура пайдаланып алган учурлар да болчу. Өкмөт өкүлдөрү жаңы мыйзамда сатып алуу процедураларындагы татаалдыктар жоюлуп, жөндөн жөн жоопкерчиликке тартылып калуу тобокелдиги азайганын айтып келишкен.
Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу үчүн убагында Дүйнөлүк банк өңдүү ири донорлордон каражат алган. Эл аралык донорлор тендерлерди ачык-айкын өткөрүп, коррупциялык айла-амалдарды азайтыш үчүн кыргыз өкмөтүнө ири өлчөмдөгү акчалай жардам берген.
Бирок адистер мамлекеттик сатып алууда акча кымырып алуунун түркүн-түрдүү айла-амалдарын колдонуу тыйыла электигин белгилеп келишкен. Өлкө жылына миллиарддаган сомго ар кандай тендер өткөрүп жүргөн.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров тендер калышы керек деп эсептейт.
"Азыркы мыйзамда тендерге байланыштуу кандайдыр бир лимиттер бар. Күнүмдүк керектелүүчү нерселер, мисалы, тендери жок эле алынат. Албетте, чоңураак суммага өткөрүлгөн тендерлерде тандоо болушу керек. Ошол тендерге катышкан компаниялардын арасынан тандалат. Бул атаандаштык, бул нормалдуу процесс. Тендерди, мисалы, сынак деп деле атап койсок болмок. Негизги маңызы ошол эле. Бирок бул жерде башка бир маселе бар. Ошол тендер өткөрүлүп жатканда талаптар ашыкча да, кем дагы болбошу керек. Ашыкча болсо, албетте, ута турган компаниялар табылбай калат. Кем болсо анда сапатсыз курулуп калат. Талаптарды, шарттарды туура койсо эле баары ойдогудай өтөт. Атаандаштык болуш керек, салыштырганга мүмкүнчүлүк болушу зарыл. Болбосо, кийин көп маселе жаралып, көп суроолор болуп калат".
Тендер, мамлекеттик сатып алуулар чуулуу окуялар менен коштолгон учурлар болгон жана ондогон кылмыш иштери козголуп, бир катар аткаминерлер кармалган.