«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны эпке келтирүү үчүн эл аралык басымды күчөтүүгө чакырды. Өлкөсүнүн Эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда Зеленский АКШ, Европа жана Кытай бул багытта өз ролун аткарышы керектигин айтты.