Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

ТҮРКМӨНСТАНДА ЭРТЕҢ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛӨТ


Адатта шайлоо алдында элди талапкерлердин ысымы, кимге добуш берүү керек деген маселелер кызыктырат. Ушул жекшембиде Улуттук жыйын, же Халк Маслахатына шайлоо өтө турган Түркмөнстанда болсо, көчөдөгү сурамжылоо көргөзгөндөй, "талапкерлердин кимиси татыктуу" дегенден көрө "шайлоо качан болот" деген суроо алда канча актуалдуу.

Шайлоого аз калганда, Түркмөнстандын бийликтери саясий өнөктүккө шайлоочулардын 99%ы сөзсүз катышат деп ишеничтүү билдирүүдө. Анткен менен, эл арасында алдыдагы шайлоо тууралуу кеңири талкуу жүрбөгөндөнбү, же эртели-кеч бул саясий кампания жөнүндө үзбөй айтып жаткан мамлекеттик маалымат каражаттарына көңүл бөлгөндөр азбы, айтор, "Азаттыктын" кабарчысы Ашгабаттын көчөлөрүндө уюштурган чакан сурамжылоо - катардагы түркмөндөр арасында шайлоо кайсыл күнү өтөөрүн билгендер аз экенин айгинеледи. Атап айтканда, шайлоо качан болоорун билесизби? – деген суроого кабарчыбыз микрофон сунган 40 кишинин экөө гана оңунан жооп берип, калгандары кабарым жок деп ийнин куушурушкан.

Ашгабаттын он чакты тургуну: "Билбейт экем", деп жооп берген соң, жекшембидеги шайлоо тууралуу кабардар кишини издөө андан ары улантылып, акыры орто жаштардагы түркмөн аял добуш берүү – Горбансолтан айынын алтысында өтөт болуш керек, аныгын айта албайм, - деп жооп берген. Аныгынан күмөн санаса да, бул айым шайлоо өтчү күндү жана аталышы өзгөртүлгөнүнө аз болсо да, апрель айын Горбансолтан деп жаңылбастан атаган. Жаздын 2-айы – Түркмөнстанда – апрель болбой, өлкө президенти, түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун энесинин урматына арналып, аталышын өзгөрткөн.


Жылына бир ирет чогулуп, эл тагдыры үчүн эң маанилүү маселелерди президенттин сунушу боюнча талкуулай турган Халк Маслахаты 3000дей адамдан куралат. Жекшембидеги шайлоодо бирок, Түркмөстандагы бардык 65 райондун жашоочулары Маслахаттын, же Улуттук жыйындагы ченелүү орундардын ээлери үчүн гана добуш беришет. Түркмөнстандагы эң таасирдүү орган – Маслахаттын калган мүчөлөрүн айыл-кыштак аксакалдары, президенттик өкүлчүлүктөр, ошондой эле ар түрдүү улуттук жана диний топтор ич ара тандашат. Андан тышкары түркмөнстандык 2 млн 200миңдей шайлоочулар өлкө парламентинде бошогон 10 чакты депутаттык орунга ат салышып жаткан талапкерлер үчүн да добуш беришет.

"Азаттыктын" кабарчысы көчөдө жолуккан ашгабаттыктардан кайсы талапкер депутат болууга, же Халк Маслахатына шайланууга татыктуу деп ойлойсуңар деп сураганда, маектештер алардын ысымдарын, алдыга койгон максаттарын билбесе да, эл үчүн кызмат кыла турган кишини тандайт элем деген салттуу жооп узатышкан. Жалпылап айтканда, тандаган талапкердин ысымын дээрлик эч кимиси айта албаса да, баары бирдей кайсыл талапкер карапайым калкка кайрымдуу болсо, ошого добуш береер элем, - деп жооп беришкен.


Түркмөнстандагы шайлоо кандайдыр күтүүсүз жыйынтыктарды алып келбейт, дешет байкоочулар. Ошентсе да, Ашгабатта сурамжыланган 40 кишинин экөө гана эки күндөн кийин өлкөдө маанилүү өнөктүк өтөөрүнөн кабардар болгону – калктын саясий турмуштан канчалык алыстап калганын айгинелеп, алдыдагы саясий кампания – эркин, адилеттүү өтөөрүнөн чоң шек туудурат. Түркмөнстандын башкалаасынын ар бир аянтына жана чоң көчөлөрүнө килейген сүрөттөрү менен айкелдерин тургузуп алган президент Сапармурат Ниязов болсо, Батышта түптөлүп-жайылган демократия – түркмөн элинин каада-салттарына карама каршы көрүнүш деп кайталап келет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG