Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

ИРАКТА ТАРТИП ОРНОБОСО ГУМАНИТАРДЫК АЛААМАТ БОЛОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын алдыңкы шаарлары коалициялык аскерлердин колуна өткөн чакта өлкөдөгү гуманитардык абал күндөн-күнгө начарлап барат. Гуманитардык уюмдардын ишине Иракта өкүм сүргөн мыйзамсыздык, баш аламандык жана талап-тоноолор тоскоол болуп жатат.

Согуштан жабыркаган Ирак элине жардам берүү үчүн эл аралык гуманитардык уюмдар Ирак менен чектеш өлкөлөрдө миңдеген тонна азык-түзүк, таза суу жана күнүмдүк жашоо үчүн зарыл буюмдарды камдап коюшкан. Гумжардамдын бир аз бөлүгү согуштан азыраак жабыр тарткан Ирактын түндүк чөлкөмдөрү аркылуу жана согуш басылган түштүк чөлкөмдөгү Умм Касыр порту аркылуу жеткирилип жатат. Бирок бул 22 миллион элдин муктаждыгынын болоор-болбос бөлүгүн гана канааттандырат. Калктын ири бөлүгү ушул күнгө чейин эч кандай жардам ала элек. Гуманитардык агенттиктер калкка жардам берүүгө өлкөдө өкүм сүргөн башаламандык менен талап-тоноолор жана гумжардамчылардын коопсуздугунун кепилденбегени жолтоо болуп жаткандыгын айтып, Америка жана Британия аскер жетекчилигин кескин сынга алып жатышат. Улуттар Уюмунун гуманитардык координаторунун өкүлү Соня Думо айым эгер өлкөдөгү баш аламандык токтотулбаса, ирактыктардын ири бөлүгү ачарчылыктан жана суунун жоктугунан өлүмгө дуушар болушат деп билдирет.

Күндүн ысыгы 40-50 градуска жетип турган аптапта адамга оболу суу керек. Суунун жоктугунан айрыкча балдар жабыркап жатышат. Иракта тартылып алынган видеотасмалар суу сурап ыйлаган балдарды көрсөтүүдө. Суунун жетишсиздигинен көптөгөн госпиталдарда антисанитардык абал өкүм сүрүп, операциялар жасалбай калууда.

Суу маселеси БУУнун 13 жылдык эмбаргосунан жабыркаган Иракта согушка чейин эле олуттуу проблема болуп келген. Бирок анда гуманитардык агенттиктер ичүүгө жарактуу суунун таңсыктыгын дайра жана өзөн сууларын атайын дарылар менен тазалоо жолу менен аздыр-көптүр толуктап келишкен. Гуманитардык уюмдар суусаган эл эми кир суу ичип, ич келте, кызамык, сарык жана башка жугуштуу оорулардан жабыркаарын айтып жатышат.

Согуш башталаардын жуп алдында БУУ гуманитардык жардамчыларын Кипрге шашылыш чыгарып кеткен эле. Кете береерде уюмдун кызматкерлери ирактыктардын бир тобуна бир нече аптага жеткидей азык-түлүк запастарын таратканга үлгүрүшкөн. Калкка күрүч, суу май, буурчак, ун сыяктуу азыктар менен жаш балдардын ден соолугу үчүн өтө маанилүү каротинге мол печеньелер жана кургак ботколор таратылган болчу. Бирок гуманитардык агенттиктер бул азык-түлүк калктын муктаждыгынын бир аз эле бөлүгүн жапканга жарай турганын айтышат.

Согуштан жабыркаган өлкөгө гумдардам берүүнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ балдар кору, Улуттар уюмунун качкындар комиссарлыгы, Азык –түлүк жана айыл чарба Уюму уюштурушууда. БУУнун гуманитардык координаторунун өкүлү Соня Думо азырынча гуманитардык операциялар Кипрдин Адонис курорттук шаарынан башкарылып жатканын баяндайт. Ал ушул тапта Ирак менен чектеш Сирия, Түркия, Кувейт жана Иорданияда миңдеген тонна гуманитардык жардам топтолгонун, жардамчылар өлкөдө тартиптин жана коопсуздуктун орношун гана күтүп турушканын айтат.

Анын аралыгында Ирактагы оккупациялык күчтөр талап- тоноолорду токтотуу үчүн алгачкы чараларды көрө баштагандыгы маалымдалууда. 12- апрелге караган түнү АКШнын аскерлери Багдадда карапайым кишилердин көчөгө чыгуусуна тыюу салышты. Шаарда солдаттардын кыдырма кароолу уюштурулуп, госпиталдар жана медициналык мекемелер куралдуу кайтарууга алынды. Америкалык аскерлердин радиодон калкка жасаган кайрылуусуна полицияда иштеп келген жана атайын даярдыгы бар ирактыктар жооп беришип, шаарда тартипти орнотуу ишине жардам берип жатышат. Ушундай эле чакырыктарга Умм Касыр жана Басра шаарларында бир топ киши кошулуп, ыктыярдуу полиция кошуундарын түзүүгө камданып жатышканы маалымдалат. Вашингтондогу Ак Үйдүн өкүлү Ричард Баучер ушул жумада АКШдан Иракка 26 адис келип, өлкөдө жаңы полиция күчтөрүн түзүү ишине жардам бере турганын билдирди. АКШнын Ирактагы убактылуу жарандык администрациясын башкаруу милдети жүктөлгөн американын отставкадагы генералы Жэй Гарнер жаңы полицияны түзүү үчүн бир миңден ашык америкалык адис жардам бере тургандыгын билдирет.

XS
SM
MD
LG