Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

ИРАК ҮЧ ЧӨЛКӨМГӨ БӨЛҮНӨТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Америка Кошмо Штаттары Ирак үч чөлкөмгө бөлүнүп, анда АКШ жана Британия жана Польша баштаган эл аралык аскерлер жайгаштырыла тургандыгын кечээ жарыялады. Согуштан кийинки Ирактагы абалды турукташтыруу планы боюнча Иракта бери дегенде 10 өлкөнүн аскерлери жайгаштырылып, өлкөдө тынчтыкты орнотуу иш чараларын аткарышат.

Жорж Буштун администрациясынын маалымдашынча, Иракта өз аскерлерин жайгаштыруу сунушу 10 өлкөдөн келип түштү. Иракта жайгаштырылган 150 миң америкалык солдаттан тышкары кызмат өтөй турган эл аралык контингент Ирактын аймагын миналардан тазалоо, кооптуу чөлкөмдөрдү аскердик көзөмөлгө алуу жана калкка медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу кеңири чөйрөдөгү иштерди аткарат. Контингенттеги эл аралык аскерлерлердин так саны азырынча белгисиз, бирок Вашингтондогу расмий өкүлдөр ага АКШ, Британия, Польша, Украина, Италия, Испания, Дания, Болгария жана Нидерланд өз аскерлерин жиберүүнү сунуш кылышканын айтат. Үч сектордун биринде Кошмо Штаттардын 20 миң жоокери, калган экөөндө - алдыда аталган 9 өлкөнүн жоокерлери кызмат өтөшөт.

Иракта бейпилдикти орнотуу аракеттерине Багдадга согуш ачууга каршы чыгышкан Франция, Германия жана Россия катыштырылбайт. Бул өлкөлөр согуштан кийинки Ирак жөнүндө Лондондо өткөрүлгөн жыйынга да чакырылган эмес. Беймаалым калууну каалаган америкалык расмий өкүл муну менен Америка менен Британия согуштун элдешкис сынчыларын согуштан кийинки жараяндан четтетүүнү көздөп жатышканын божомолдойт.

Ал эми диктатор Саддам Хусейндин темир муштумунан кийин бийликсиз калган Иракта кылмыштуулук күч алып, талап- тонооолор менен баш аламандык өкүм сүрүүдө. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн таза суу жана электр кубаты менен камсыз кылуу дагы эле жөнгө салына элек.

Ирактыктардын көбү канкор режимдин кулашына курсант, бирок элди боштондукка чыгаруу вазыйпасын мойнуна алган америкалыктар өлкөнү анархиянын жарына такап койду деп АКШга терең нааразы. Көптөгөн ирактыктар америкалык аскерлердин өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсүн каалап жатышканын жашырышпайт. Ройтер кабар агенттигинин журналисттери менен сүйлөшкөн Багдад мечитинин кызматкери Шейх Ахмад ас-Асави өлкөдө жаңы өкмөттү орнотуу жараянынын өтө жай баракаттык менен жүрүп жатканына нааразы болгон.

"Элдин мүлкүн каракчылардан коргоо үчүн, калкты суу жана электр кубаты менен камсыз кылып, күнүмдүк жашоону демейдеги нукка салуу үчүн жок дегенде чукул убакыттык өкмөт керек", – деген Ассави.

Ирак согушунда Американын эң жакын өнөгү болгон Британия өлкөдөгү турмушту калыбына келтирүү милдетин аскерлерге эмес жарандык кызматкерлер менен адистерге жүктөө керек деп эсептейт. АКШнын Гарвард университетинде сүйлөгөн сөзүндө Британиянын АКШдагы өкүлү Жереми Гриинсток: "Ирактагы согушту жеңүүдө Пентагон опол-тоодой иш аткарды. Бирок эми дипломаттарга жол берилиш керек. Эгерде тынчтыкты Пентагон орнотууга киришсе, көңүлүбүз тынчыбайт!" - деп билдирди. Гриинстоктун бул билдирүүсүнөн көп өтпөй Вашингтон АКШнын Ирактагы убактылуу администрациясынын жооптуу кызматына дипломат Поль Бремерди дайындады. Өлкөдө алгачкы дипломаттын ишке киришүүсүн Европа Биримдиги да кубаттап, Иракка дипломаттарды кайра аттандырууга убакыт келип жеткенин билдирди. Уюм эл аралык бейпилдик күчтөрүнө таянган дипломаттар күнүмдүк жашоонун нормалдашуусуна данакер боло тургандыгын айтып жатат.

Уюм Иракта америкалык жана Британиялык аскерлердин узакка кала бериши калк арасында антиамерикалык маанайдын күчөшүнө алып келет деген пикирде. Фалужа шаарында жарым миңдей киши катышкан тынч демонстрацияга америкалык аскерлер ок ачып, 15 кишинин ажалына калганы катардагы ирактыктардын америкалыктарга болгон мамилесин бир топ начарлатып жиберди. Кан төгүү болгон шаарда абал тынчтып калганы менен фалужалыктардын арасында: "АКШнын баскынчылыгынан көрө Саддамдын режими артык болчу!" – дегендер четтен чыгат. Саясий байкоочулар темирдей бийликти эңсеген мындай маанайдын өкүм сүрүшү окуялардын опурталдуу жакка өнүгүшүнө түрткү болоорун эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG