Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

КЫРГЫЗСТАН ИРАККА МЕДИКТЕРДИ, КУРУУЧУЛАРДЫ ЖАНА БАШКА АДИСТЕРДИ ЖӨНӨТҮҮГӨ ЫНТЫЗАР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын жетекчилиги Ирак кризисин жоюуга салым кошууга чечкиндүү киришкени турат. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жакынкы иш сапарында АКШнын вице-президенти Дик Чейни менен согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү туурасында сүйлөштү. Аскар Айтматов Ооганстанга жана Иракка Кыргызстан медиктерди жана башка керектүү адистерди жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Аскар Айтматов Кыргызстандын Иракты калыбына келтирүүгө катышуу ниетин АКШ өкмөтүнө билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Пол Волфовиц кыргыз делегациясы менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда Иракка керектүү бардык ресурстар бар экенин баса белгиледи. «Эң негизгиси - Кыргызстанда Иракты калыбына келтириш үчүн зарыл болгон адистер бар эмеспи. Бул сунушуңарды жакын арада оң жагына чечүүгө ынтызарбыз», - деп айтты Пол Волфовиц.

Бишкекте Экономикалык Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин 11-июнда өткөн жолугушуусунда Аскар Айтматов бу маселеге карата турумун дагы бир жолу жарыя кылды. Анын айтымында, Иракты калыбына келтирүүгө кол кабыш кылганга Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар.

- Кыргызстан Иракты калыбына келтириш үчүн курулуш иштерине катыша алат. Буга бүгүнкү шарт жол берет. Курулуш жабдыктарын жиберебиз. Медиктерди, курулушчуларды жана башка керек болгон адистерди жөнөтүүгө даярбыз, - дейт Аскар Айтматов.

Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун айтымында, дубандагы элдин 86% жакырчылыкта жашайт. «Мындай жарды жашоого адаттагыдай эле жумушсуздук себепчи» дейт губернатор. Кыргызстандын калкы жумушсуздуктун айынан чет мамлекеттерге жакшы жашоо издеп кетип атканы жашыруун эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев кыргызстандыктардын Иракка барып иштеп келишине макул. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги келишимге кол коюп, кыргызстандыктарды чет мамлекетке өз колу менен узатканы оң.

- Азыр Орусияда, Кореяда, Казакстанда деле биздин жарандар жүрүшөт. «Жакшыраак жумуш таап, жанымды тыңыраак багайын» деп барып, кор болуп кайтышууда. Мамлекет өз жарандарын тентитип азап жедирбей, мыйзамдуу түрдө келишимге кол коюп, Иракка жөнөткөнү оң, - дейт депутат Дүйшеев.

Мындай пикирди депутат Курманбек Бакиев да колдойт. Анын оюнда, ириде өз жеринде жумуш таба албай жүргөн мыкты кадрлар эл аралык стандарттагы маянага иштеп, жашоо- турмушун оңдоп алышмак.

- Иракта же Ооганстанда биздин жарандар иштеп келишсе, жакшы эле болмок. Бирок, ал үчүн өкмөт аралык келишимге кол коюлуп, бардык жагы талкуулангандан кийин жөнөтүлүшү керек. Азыр жумушсуз жүргөн дарыгерлер, инженерлер, колунан көөрү төгүлгөн усталар көп. Алардын бир аз каражат таап келишине шарт түзүлмөк, - дейт Курманбек Бакиев.

Бирок, Кыргызстандын бул ниетин кескин сындагандар да бар. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Иракка өз жарандарын жибериши ката болоорун эскертет. Депутаттын пикиринде, Кыргызстан аркы-теркини аңдабай эле АКШнын тышкы саясатына эрксизден байланып атат.

- Кыргызстан бул маселеде өтө терең ойлонгону кажет. Менимче, кыргыз адистеринин деле аларга кереги жок. Балким, кара жумушка гана алышы мүмкүн. АКШ өз оюнуна кийинчерээк Кыргызстанды көп аралаштырчу болду. Кытай, Орусия жана мусулман өлкөлөрү менен эсептешишибиз керек. Эртең алар бул аракетибизди кандай кабыл алышат!? Кеп ушунда, - дейт Жаныш Рустенбеков.

Азырынча кыргыз өкмөтү маңдай-тескей отуруп бул туурасында кеп козгой элек. Бул күндөрү Тышкы иштер министрлиги гана Иракты калыбына келтириш үчүн кыргыз адистеринин да жардамы тиерин айтып, АКШ тараптын жообун күтүүдө.

XS
SM
MD
LG