Ирак согушун Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттардын жактыруусун албастан баштаган жана согуш аяктагандан кийин дагы өлкөдөгү абалды турукташтыруу иштерине Бириккен Улуттарды көп катыштырбай аракеттенүүдө. Анткен менен Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн, өлкөгө эл аралык бейпилдик күчтөрдү киргизүү зарыл жана АКШ ал тууралуу ар башка өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Бирок, биринчиден, дүйнөлүк негизги дөөлөттөрдүн тынчтык орнотуучу аскерлери ар башка өлкөлөрдө буга чейин эле жайгаштырылган жана кошумча андай күчтөрдү түзүүгө алардын көп деле ниети жок. Мисал үчүн, Алмания, Канада, Улуу Британия жана Франциянын аскерлери азыр Косово менен Боснияда жайгаштырылган, алманиялык аскерлер Кабулдагы тартип үчүн жооптуу жана Канада дагы жакында Ооганстанга бир миң 800 аскер жиберүүгө тийиш.
Экинчиден, кээ бир өлкөлөр, мисал үчүн Индия, Иракка өз аскерлерин Бириккен Улуттардын чечими менен гана жиберүүгө макул. АКШ Индиядан Ирактагы эл аралык күчтөрдүн катарына 15 миң аскер кошууну сураган. Америкалык жетекчиликтин айтымында, Ирактагы аскерлерге кошумча кылуу сунушу менен Вашингтон 70 өлкөгө кайрылган, алардын жыйырма төртү ага убада берген жана дагы 12 өлкөнүн жетекчилиги менен америкалык дипломаттар азыр сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Бардыгы болуп Ирак соугушуна 200 миңдей коалициялык аскер катышкан жана өлкөдө тартип орнотуу иштери үчүн 100 миңден кем эмес аскер керек. Брукингс институтунун аналитиги Майкл О'Ханлондун пикиринде болсо, Иракта тартип орнотуп, аны сактоо үчүн 200 миң аскер талаптуу. Бирок АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерстин айтымында, сентябрга карата АКШ Иракка эки дивизия гана жибере алат, бир америкалык дивизияда 15 миңге жакын аскер бар. Иракта азыр Улуу Британиянын 11 миң аскери калган, ошондо 150 миң аскер чогултуу ишинде Вашингтон абдан чоң кыйынчылыкка дуушар болууда.
3-июлда кошуна Кувейтке 250 польшалык солдат келди, бардыгы болуп Польша жетектеген аскерий топко 9200 аскер кирет. Польша өзү ага 2300 солдат кошот, андан тышкары Украина 1800, Испания 1300 аскер жиберет жана калгандары Болгария, Латвия, Литва, Мажарстан, Монголия, Румыния, Словакия, Тайланд, Фижи жана Филиппинден чогултулат.
Лондон шаарында жайгашкан "Жейн'с" изилдөө тобунун аналитиги Ян Кемптин айтымында, Иракта тартип орнотуу иши өтө татаалга турат жана ал жараян көптөгөн жылга созулушу мүмкүн: "Иракта жөн гана тартип орнотуу иштери эмес, аскерий аракеттерди да жүргүзүү керек болот. Танктар пайдаланылган оор салгылашуулар, албетте, болбойт, бирок тик учмалар же жеңил чопкут машинелер катышкан куралдуу кагылышууларга даяр болууга тийиш. Ирактагы андай иштер өтө татаал боло тургандай жана тартип орнотуу жараяны көптөгөн жылга уланып кетиши мүмкүн".
Ошентип, эл аралык коомчулук жана Бириккен Улуттардын да жардамысыз бардык ишти өзүбүз бүтүрөбүз деген Америка Кошмо Штаттары Иракта азыр ири кыйынчылыктарга дуушар болууда. Кээ бир эксперттердин айтымында, акыр-аягында АКШ баары бир Бириккен Улуттардан жардам суроого аргасыз болот.