Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: «ЕВРОПА БИРИМДИГИ ТҮШҮНҮҮ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛЫП ЖАТАТ»


Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Курманбек Осмонов баштаган делегация Брюсселдеги Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык боюнча кеңешинин бешинчи отурумуна катышып келди. Кызматташтык кеңешинин отурумунда эки тараптын саясий, маданий кызматташтыгы, чөлкөмдүн коопсуздугу, Кыргызстандагы демократиялык процесстер, адам укуктарынын абалы жана сөз эркиндигинин сакталышы тууралуу сөз болду. Брюсселдеги отурум тууралуу кененирээк айтып беришин өтүнүп, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго кайрылдык.

- Курманбек мырза, сиз Кыргызстан менен Европа Биримдигинин Брюсселде өткөн кызматташтык кеңешинин 5-отурумуна катышып келдиңиз. Ал жерде Кыргызстанга байланыштуу эмнелер айтылды?

- Атайын Кыргызстан боюнча Евробиримдиктин кеңешинин 5-отуруму өткөрүлдү. Анда Кыргызстан менен Евробиримдиктин мындан аркы кызматташтыгын жакшыртуу маселеси каралды. Анын ичинде демократиялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү, укук коргоо органдарын реформалоо, соттук-укуктук реформа жөнүндө, адам укуктары жана эркиндиктери боюнча маселелер каралды.

- Бул кеңешмеге кайсы мамлекеттерден өкүлдөр катышты?

- Бизге чейин бир күн мурда Казакстандын да ушундай эле маселелери каралыптыр.

- Кыргызстандагы сөз эркиндиги жөнүндө кандай пикирлер болду?

- Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча кескин сын-пикирлер айтылган жок. Бирок, биз «Моя столица» гезити боюнча толук түшүндүрмө бердик. Ал гезит тууралуу Евробиримдиктин бешинчи отурумундагы резолюциясында «массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтпөө жагы кыргыз өкмөтүнө сунушталсын» деп жазылыптыр. Бирок биз ал формулировканы өзгөртүүнү өтүндүк. Анткени бир дагы мамлекеттик бийлик органы массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүп жаткан жери жок. Анан «Моя столицанын» ордуна чыгып жаткан «Моя столица - новости» гезитин ала барып көрсөттүк. «Моя столицанын» редакциясы банкроттоо процессин өзү демилгелеп жатпайбы. Анткени сот аркылуу өндүрүлгөн акчаны төлөй албай, алар банкрот кылуу процессине өздөрү себепкер болушту. Жанагы сотко доо арыздары бериле баштаганда эле алар бүт каражаттарын жаңыдан уюштурган гезитине өткөрүп алышкан. Ушулардын баарысын түшүндүрүп айткандан кийин түшүнгөндөй болушту көрүнөт.

- Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу кандай сөздөр айтылды?

- Адам укуктары тууралуу былтыркы окуядан кийин кыргыз өкмөтүнүн көргөн иш-чаралары жөнүндө биз Европа Биримдигинин ар кандай форумдарында айтып келатабыз. Алар түшүнүү менен мамиле кылып атышат. 19-июлда өткөрүлгөн «тегерек үстөл» боюнча да маалымат бердик. Оппозиция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жигердүү иштеп жатканыбыз жөнүндө кабарладык.

- «Ички иштер органдарын реформалоо боюнча сөз болду» деп жатпайсызбы. Мында эл аралык нормаларга ылайыкташтыруу боюнча кандай сунуштар, пикирлер козголду?

- Эми ЕККУ бизде үлгүлүү милиция бөлүмдөрүн түзүп, ага техникалык жактан, каржылоо жагынан жардам берип жатпайбы. Ушундай эле жардамды Европа Биримдиги да бере тургандыгын билдирип, «ички иштер органдарынын ишин жакшыртып, реформалоого жардам беребиз» деген пикирди айтышты.

- Алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча сөз козголдубу?

- Болочок шайлоолор боюнча сөз козголгон жок.

- Курманбек мырза, Европа Биримдигиндеги кеңешмеде «Кыргызстан «Рим келишимине» кирсин» деген сунуштар айтылган экен. Сиздин бул тууралуу оюңуз кандай?

- КМШ мамлекеттеринен Армения, Тажикстан, Кыргызстан, дагы бир өлкөлөр «Рим статутуна» 1998-жылы эле кошулганбыз. Бирок ал Кыргызстанда парламент тарабынан ратификациялана элек. Анын себебин мындайча түшүндүрдүк. «Ошо «Рим статутуна» кирген ар бир мамлекет канча суммадагы мүчөлүк акы төлөйт, анын шарттары кандай? Мына ушуга байланыштуу гана биз ратификациялабай турабыз. Негизги себеп ушул», - деп ачык айттык. Бирок Кыргызстан 1998-жылдын декабрь айында ал документке кол койгон.

XS
SM
MD
LG