- Ирактыктар, силердин бир туугандарыңар Удай, Кусай жана анын уулу Мустафа жүрөгүндөгү терең ишениминин деми менен душманга каршы тайманбай күрөшүштү. Алардын ички ишеними жаратканга жана бардык мусулмандарга кубаныч тартууласа, душмандын ачуусун гана келтирет, - дейт Саддам Хусейндикине окшош үн. Андан ары ал эки уулу менен небереси өлөөр алдында алты саат бою атышып, айыгышкан каршылык көрсөткөнүн белгилеп, бардык араб жаштарын жана ирактыктарды каапырларга каршы ыйык согушту улантууга үндөп, "Америка акыры бир күнү кыйрайт",- деп улам-улам кудайга жалынып, жайбаракат улантат кебин.
Тасма Саддамдын эки уулу, небереси жана алардын бир жансакчысы Мосулдагы атышууда окко учуп өлгөнүнө туптуура бир жума толгондо жарыяланды. АКШ экс-диктатордун дареги тууралуу маалымат үчүн 25 млн долларлык сыйлык дайындаса да, азырынча Саддамды издеп табуу аракеттеринен майнап чыга элек. Пентагондун өкүлдөрү Ирактын мурдагы президенти күндүр-түндүр бир жерге узакка токтобой, улам башка аймакка жылып жүрөт болуш керек деген пикирин айтып жатышат. Шейшембиде Саддам Хусейндин кичи мекени – Тикритте экс-диктатордун жансакчыларынын бири Аднан ал-Мусслит колго түшүрүлдү. Аны менен кошо аталган шаардын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы жана ирак армиясынын көрүнүктүү өкүлү кармалганы кабарланууда.
Аңгыча Ирактын Америка көзөмөлдөгөн Башкаруу Кеңеши 9 кишиден турган атайын жетекчи комитет шайланганын жана анын мүчөлөрү кезеги менен бир айдан президенттик милдетти аркалаарын жарыя кылды. Тогуз кишинин бешөө ирактык шийилер, экөө суннилердин, калган экөө - күрддөрдүн өкүлдөрү экени маалымдалды. Ирактын эң бай катмарынан тандалып, айрым жергиликтүү чөйрөлөрдө АКШнын айтканын кыңк этпей аткарчу "ташкуурчак" деген атка конгон Башкаруу кеңеши мындан эки апта мурдараак бекитилген. Жакынкы арада анын мүчөлөрү шайлаган тогуз адамдан турган комитеттин кызмат милдети аныкталат. Азырынча белгилүү болгондой, Башкаруу кеңеши министрлерди дайындап, Ирактын жаңы конституциясын иштеп чыкчу атайын комитетти бекитет.
Адегенде АКШлык администрацияга баш ийген Башкаруу Кеңеши ушул аптада утурумдук президентти шайлайт деген маалымат таркатылган эле. Атүгүл бул кызматка татыктуу деп эсептелген башкы эки талапкердин ысымы коомчулук арасында талкуулана баштаган болчу. Алардын бири – Ирактын бир кездеги тышкы иштер министри жана Бириккен улуттар уюмундагы экс-элчиси, 80 жаштагы Аднан Пачачи Иракта Американын аскерий үстөмдүгү орнотулушуна каршы экенин ачык айтып келет. Өткөн аптада Лондондо сүйлөгөн сөзүндө ал Башкаруу кеңешинин негизги милдети – Иракты аскерий бийликтен бошотуу экенине басым жасады:
- Эгерде биз өткөөл аскерий башкарууну создуктурбасак, Иракта конституция менен бүткүл элдик шайлоону ашып кетсе бир-бир жарым жыл ичинде даярдоого болот. Өткөөл мезгилди кыскартуу - биздин башкы кызыкчылыгыбыз жана үмүтүбүз.
Ирактын болочок президенттигине байкоочулар Пачачиден башка Ирактын улуттук Конгрессинин төрагасы, мурдагы банкир Ахмад Чалаби, Башкаруу Кеңешиндеги үч аялдын бири, элчи Акила ал-Хашими ж.б. саясатчылар көргөзүлүшү мүмкүн деп болжолдоп жатышат.