Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

"ГАНСИНИ" ЖАРДЫРМАК ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН СОТ ИШИ УЛАНУУДА


Шейшемби күнү Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда террор жасоого аракет жасаган деп шектелген атуулдардын ишин кароо улантылды. Кыргызстандык үч, Казакстандын бир атуулу өткөн жылдын сентябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Аларга антитеррордук коалициянын «Ганси» авабазасын жардыруу аракетин жасашкан деп күнөө тагылууда.

Террорчу деп шектелгендерди соттук териштирүү Ленин райондук сотунда жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочу катары Ленин райондук прокуратуранын кызматкери Татти Исмаилова сот жараянына катышууда. Сот ачык өткөнү менен ага катышкан журналисттерге сүрөткө тартууга, үн жаздырууга судья Таалайбек Саатов уруксат берген жок. Сот террорчу деп айыпталып жаткандардын тергөө тарабынан коюлган күнөөсүн тааныштыруу менен башталды.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө корутундусуна караганда, бул төрт адам жасалма документ менен Иран, Пакистан мамлекеттерине барышып, ал жерден ок атууну үйрөнүү жана жардырууларды уюштуруу боюнча даярдыктан өтүп келишкен. Ошондой эле алар "Кыргызстандын аймагында жайгашкан өзгөчө режимдеги обьектилерди жардыруу планын түзүшүп, конституциялык түзүлүшкө каршы башкаларды үгүттөгөн жана уюштуруу тобун түзүшкөн" деп айыпталышууда. Жыйынтыктап айтканда, террорчу деп кармалгандар «Ганси» авабазасын жардыруу аракетин жасашкан деп күнөөлөгөн.

Сот жараянында террорчу деп айыпталуучулардын үчөө тең Улуттук коопсуздук кызматынын койгон айыбын четке кагышып, моюнга албай тургандыктарын кесе айтышты. Биринчи болуп сүйлөгөн айыпталуучу "соода-сатык менен күнүмдүк жан багуу аракетинде жүргөн жеримен Тимур деген атуул менен капысынан таанышып калдым. Ал: «Кыйладан бери сыртыңдан билем, кааласаң чет өлкөгө жөнөтөм, каражатты да өзүм таап берем» деген. Анан кантип маакул болгонумду сезбей калдым. Дайыма биз менен жүргөн Тимур качан гана биз кармалганда дайынсыз болуп кетти", деди.

Анын айтымында, Тимур динге ишенген, арабча окуганды билген атуулдарды чет өлкөгө өз каражаты менен жөнөтүп жүргөн.

Тимур мындай мүмкүнчүлүккө кантип, кандайча жетишип келгени тууралуу тергөөдө да, сот жараянында да сөз боло элек. Айыпталуучунун айтымында, белгисиз болуп кеткен Тимур аттуу адамдын ортомчулугунда чет өлкөгө экинчи жолу бараткан жеринен Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган. Тимур аркылуу жасалган чет өлкөгө каттоочу документтер Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, жасалма болуп чыккан.

Террорчу деп шектелип кармалган атуулдар сот сурагында Улуттук коопсуздук кызматынын камагында моюнга алдыруу ур-токмогун айоосуз жеп жатышканын айтышты. Айрымдарынын тиши сынып, бели ооруксунуп, ден соолуктарына олуттуу залал келгенин далилдүү фактылар менен ырасташты. Дарыгерлерди чакыруу сунуштары тергөөчүлөр тарабынан такай четке кагылып келгенине нааразы болушуп, адам укуктарынын Кыргызстанда тебеленип-тепселгенине өздөрүнүн баштан кечирип жаткан зомбулуктарды мисал катары келтиришти.

Аны террорчу деп шектелгендердин тууган-жакындары да бышыктады. Камакта отурган тууганына өткөн жылдын сентябрь айынан бери кире албай жүргөнүн биз менен маектештердин бири кейиштүү белгиледи.

Ал эми актоочу Айнабек Качкынбаев Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө иштери менен толук таанышып чыккандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, террорчу деп шектелгендер боюнча кылмыш иши мыйзамдуу негизде козголгонун айтууга азыр эрте.

XS
SM
MD
LG