Аскар Акаевдин Жапанияга иш сапары ушуну менен үчүнчү ирет башталганы туру. Иш сапар учурунда Токиодо Кыргызстандын элчилигин ачуу салтанаты өтөт. Президент жарлыгы менен Кыргызстандын Күнчыгыш өлкөсүндөгү толук ыйгарым укуктуу элчилигине буга чейин президентке караштуу Башкаруу академиясын жетектеп келген Аскар Кутанов дайындалган. Үч күндүк иш сапардын маани-мазмуну тууралуу президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары, тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов мына буларды баяндады:
- Иш сапар маалында кыргыз-жапан ишкерлеринин чоң жыйыны өтөт. Күнчыгыш өлкөсүндө болуп ал жердеги ишкерлер менен мамиле түзүп келишке куштарлыгын 30 жакын адам билдирди.
Аликбек Жекшенкуловдун айтуусунда, президент А.Акаев жапаниялык ири ишкерлер менен да жолугушмакчы. 1992-жылдан бери Жапан өкмөтү жалпысынан Кыргызстанга 294 миллион доллар өлчөмүндө көмөк көрсөткөн. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 100 миң доллардын тегерегинде. Иш сапардын учурунда расмий документтерге кол коюлбайт.