Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:02

Кофи Аннан Ясир Арафатка кайрылды


НЬЮ-ЙОРК. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан палестин лидери Ясир Арафатты Израилге каршы террордук чабуулдардын жолун тосууга чакырды. Ошондой эле, Аннан палестин бийлигине Израилдин премьер-министр Ариэл Шарондун тынчтык планын кабыл алууну сунуштады. Планга ылайык Иордандын Батыш жээгиндеги аймактын ордуна Газа тилкесиндеги аймактан жөөт айылдары чыгарылып кетет.

Мындан мурдараак Ясир Арафат БУУга Эл аралык жол картасынын талаптарын аткарбай жаткандыгы үчүн Израилге карата датын айткан. Шарондун планына Израилдин башкаруучу “Ликуд” партиясынын өкүлдөрү жекшембиде референдум аркылуу өз пикирин билдирет.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG