БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны табигый кырсыктардын алдын-алуу боюнча бул палата 2003-жылдын 6-июнунда кабыл алган токтомду кыргыз өкмөтүнүн аткарышын карады. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев жана аткаруу бийлигинин башка өкүлдөрү катышышты. Отурумда сөз сүйлөгөн депутаттар кыргыз өкмөтү табигый кырсыктардын алдын-алуу боюнча натыйжалуу иш алып барбагандыктан 2004-жылы өлкөдө бир нече адамдын өмүрүн кыйган кайгылуу окуялар болгондугун белгилешти.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитети кыргыз өкмөтүнүн палатанын өткөн жылдагы токтомун аткаруу боюнча жасаган аракетин канааттандырарлык эмес деп таап, табигый кырсыктардын алдын-алууну жеткиликтүү көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн өкмөт башчы Николай Танаевди кызматтан кетирүү тууралуу токтом долбоорун сунуштады. Жарыш сөзгө 31 депутат жазылгандыктан маселени кароо дүйшөмбү күнү улантыла турган болду.